Бишкекте кайрадан өзгөчө абал режими

президент Жээнбеков

Сүрөттүн булагы, official

Президент Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын аймагына кайтадан өзгөчө абал режими киргизилди.

Эми баш калаада 12-октябрдан тарта саат 20.00дөн баштап 19-октябрь саат 07.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди. Жогорку Кеңеш президенттин жарлыгын бекитип бербесе, ал үч күндүн ичинде күчүн жоготот.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевди кабыл алган. Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев Бишкек шаарынын тургундары тарабынан көптөгөн өтүнүчтөр айтылып жатканын билдирип, коомдук-саясий кырдаалды мындан ары турукташтыруу үчүн борбор шаардын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылган.

Эске сала кетсек, өткөн апта соңунда президент Жээнбеков Бишкек шаарына өзгөчө абал киргизүү боюнча жарлыкка кол койгон эле.

Өзгөчө абал президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Үч сутканын ичинде Жогорку Кеңеш карап, жокко чыгаруу же колдоо маселесин карашы керек. Эгерде Жогорку Кеңеш чогула албаса, анда үч сутка өзгөчө кырдаал абалы күчүндө кала берет. Буга чейинки өзгөчө абалды парламент караган эмес. Ошондуктан үч сутка өткөндөн кийин кайрадан дагы үч суткага чейин жарыяланды.

Ал ортодо Бишкектин Биринчи Май райондук соту Фарид Ниязовдун, Канат Сагымбаевдин жана Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу КСДП өкүлү Кундуз Жолдубаева "Фейсбук" баракчасына жазып чыкты.

Белгилүү болгондой УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эки жансакчысы менен 9-октябрда массалык башаламандык уюштурган деп, камакка алган. Аны Бишкектен 20 чакырымдай алыстыктагы Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетишкени маалымдалган.

Көп өтпөй президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, "Социал-демократтар" партиясы менен талапкерлигин көрсөткөн Темирлан Султанбеков дагы кармалды. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун кармалганы тууралуу видеолор чыккан. Бүгүн анын да баш коргоо чарасы каралат. Баарына 9-октябрда массалык башаламандык уюштурган деген айып тагылууда.

Борбордук аянттагы митинг

Сүрөттүн булагы, Getty Images

9-октябрда "Форум" ишканасынын алдында мурдакы президент А.Атамбаев митинг өткөрүп, тарапташтары менен өкмөт үйүн көздөй сапар алган. Алар борбордук аянтка келип, жаш активисттерге кошулуп, митинг өткөрүп жаткан маалда Садыр Жапаровдун жактоочулар делген топ келип, аларды аянттан сүрүп чыкты. Кагылышуудан жаракат алгандар болду. Саламаттыкты сактоо министрлиги жети киши медициналык жардам сурап кайрылганын ырастаган.

Борбордук аянтта мурдакы президенттин унаасына белгисиз бирөө ок атканы тууралуу тасма тарады. Бирок муну атайын уюштурулган чагым деп баалагандар да бар. ИИМ бул окуя боюнча маалымат бере элек.

5-октябрда демонстранттар өкмөт үйүн ээлеп алгандан кийин, абакта жаткан жоон топ саясатчыларды бошотулган эле. Соңку күндөрү УКМК камактан мыйзамсыз бошотулгандардын бир нечесин кайра кармады.

Абактан бошогондор арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин командасы да чыкты. Анын ичинде коррупция боюнча айыпталган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков баштаган бир топ киши бар. Ошондой эле өкмөт башчылыкка көрсөтүлгөн Садыр Жапаровду дагы ошол күнү абактан бошотушкан. 10-октябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Жапаровду премьерлик кызматка шайлады.

Саясатчылар арасында парламент жыйынынын легитимдүүлүгү тууралуу талаштуу пикирлер айтылууда. Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева бул жыйында коркутууга кабылганын жана жетиштүү санда депутаттар жыйналбаганы тууралуу айткандары талкууну күчөттү. (AbA)