Чукул абалда өкмөттүн маалыматтык саясаты аксадыбы?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Азиза Марат кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда журналисттер коомчулугу өлкөдөгү эпидемиялогиялык кырдаал тууралуу жана башка маселелер боюнча да маалымат алуу оорлогонун айтышууда.
Ушу тапта журналисттердин дээрлик баары үйдөн иштеп жатышат.
Аларды эки нерсе нааразы кылууда - маалымат жеткирүү ишмердүүлүгүнө карабай журналисттердин эркин жүрүүсү чектелгени жана бийликтин маалыматтык саясаты.
Журналисттердин ишмердүүлүгү кескин чектелди
Почта кызматынын токтогонуна жана базарлардын жабылганына байланыштуу гезиттер такыр эле чыкпай калды.
Көп нускалуу "Супер Инфо" гезитинин директору Шаиста Шатманова мындай учур тарыхыбызда биринчи жолу болуп жатат дейт.
Шатманова журналисттер каалаган суроосуна өкмөт мүчөлөрүнөн жооп ала албай жатканын да белгиледи.
"Саламаттык сактоо миинистрлиги, Ички иштер министрлиги жана өкмөттүн башка кызматтары маалыматты онлайн берүүгө өттү. Мурдагыдай маңдайында туруп, суроону түз бергенге мүмкүнчүлүк жок. Журналисттердин баары бир канал аркылуу суроолорун берип жатышат. Өкмөт мүчөлөрү ыңгайсызбы, жагымсызбы, айтор, айрым суроолорго жооп бербей аттап кетип жатат. Бул журналисттердин турмушундагы биринчи жагымсыз жагдай. Экинчиси - көптөн бери айтылып келатканына карабай дегеле чечилбеген маселе. Өкмөт орус тилиндеги пресс релиздерди, жоопторду биринчи чыгарат. Бул орус тилдүү жана кыргыз тилдүү сайттардын иштөө ылдамдыгына таасир этет", - деди Шатманова.

Ал кошумчалагандай, өкмөттүн азыркы "Телеграммдагы" каналынан көптөгөн нааразылыктарга чейин маалыматтардын басымдуусу орусча келип жаткан.
"Кактус медиа" басылмасынын кабарчысы Марат Уралиев мамлекеттик органдар журналисттердин кайрылуусуна жооп бербей жатканын айтууда:
"Телефон чалсаң албайт. "Вотсаптан" суроо берсең окуйт дагы, жооп бербейт. Журналисттерге аккредитация бербей жатышат. Элге туура, толук маалымат жетип жатабы деп караш керек да . Фейк маалыматтар көп болуп жатат".
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет вирус боюнча жалган маалымат тараткандардын артынан түштү.
Өзгөчө абал менен кошо кирген маалыматтык саясат
TAGS коммуникациялык бюросунун директору Софья Балакина бийликтин маалыматтык саясаты качан болбосуун ачык жана чынчыл болуш керектин белгилейт. Ал кризистик учурда мунун мааниси дагы артат деди.
Буга чейин өкмөт өкүлдөрү коронавирусту аныктаганга лабораториялар, тесттер, реагенттер жетиштүү деп ишендирип келишкен.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок алардын эч бири чынында даяр эмес экени Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында билинди.
Анда президент лабораториялар менен реагенттерди камсыздаган эмессиңер деп саламаттык сактоо министри менен социалдык секторду караган вице-премьер министрди катуу сындады. Бүгүн экөө кызматынан алынды.
Түп районунун Маяк айылында вирус аныкталган киши менен байланышта болгондорду обсервацияга алуу учурунда чыр чыкты. Жергиликтүүлөр милиция кызматкерлердин келип эле аларды кармап кетишине каршы экенин айтышууда.
Айрым байкоочулар мындай жагдайлардын пайда болушу өкмөттүн маалыматтык саясатындагы чабалдык дешүүдө.
"Бийликтин штабы маалыматты өзүнө ыңгайлуу тилде, өзүнө ыңгайлуу чөйрөдө таратып, элетте элге так маалымат жетип жатабы же жокпу анчейин деле иши болбогондой элес калтырды. Түшүмүн эми алып баштайбыз", - деп жазды "Фейсбуктагы" баракчасына "Эл сөздүк" сайтынын түзүүчүсү Чоробек Сааданбек.
Софья Балакина өкмөт журналисттер аркылуу эл менен маалыматтык тирешүүгө кирип алды дейт.
"Өкмөт маалымат менен максималдуу камсыз кылып жатат деп да айта албайбыз. Ал журналисттерди тандап маалымат берип жатат. Мамлекеттик каналдарды гана колдонууда. Бул жана "Телеграммдагы" канал элдин баарына жетпейт. Жеке компанияларды да камтыш керек. Эгер маалымат боштугу жаралса адамдар аны кайдан болбосун издейт жана жалган маалыматтарды ала баштайт. Мисалы, аймактарга маалымат кандай жетип жатканын билгим келет. Ал жактагылар кырдаалды толук билеби? Азыр вирусту канча киши жуктурганын, канчасы жатканын сандар менен айтуудан башка маалымат жок ", - деген Балакина бийлик жандарманын ролуна өткөнүн билдирди.

Балакина Кыргызстан эгемен болгон 30 жылдан бери канча кризистерди башынан өткөргөнүнө карабай, маалыматтык саясатын аныктоодо сабак алган жок деп эсептейт.
Калк менен байланыш боюнча адис Балакина элге маалыматтын жетпегенинен келип чыккан кесепетти жоюу оор болорун эскертти.
"Абалга жараша журналисттрди чектегенге аргасызбыз"
Кыргызстанда коронавирус аныкталып, айрым райондорго өзгөчө абал киргенден бери өкмөт "Телеграмм" байланыш программасы аркылуу маалымат берип жатат. Өкмөт мүчөлөрү бир күндө бир нече ирет чыгып соңку абал тууралуу билдирүү жасоодо.
Алар өз билдирүүлөрүндө журналисттерди да чектегенге мажбур болушканын айтып жагдайды азыркы шарт менен түшүндүрүп келатышат.
"Айрымдары эмнеге бизди чектейт, конституциялык укугубузду бузат деп жатышат. Мындай өзгөчө абал учурунда элдин укуктары кыскартылып, айрым мамлекеттик органдарга кошумча укук берилет. Өзгөчө абал тууралуу мыйзамда да бул жазылган. Ошондуктан чаралар жалпы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатканын түшүнүшүбүз керек", - деген эле биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов.
Башка өлкөлөрдүн вирус боюнча маалымат берүү ишмердиги
Кырдаал Кыргызстанда гана курч эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Covid-19 вирусунун жайылышынан дүйнөдө карантинде калган шаарлар көп. Аларда маалымат берүү кандай жүрүүдө?
Москвада 26 регион изоляцияда, бирок бул карантин эмес. Мисалы, жумушка бара аласыз. Ал жакта журналисттер каалаган жерине барып маалымат чогултуп иштей алат.
Москвалык журналист Андрей Сошников вирустун жайылышы боюнча бийлик кеңири маалымат берип жатканын, ошол эле учурда кемчиликтер бар экенин айтты.
"Бийлик ачык маалымат режимине кирип, вируска каршы күрөшүү боюнча журналисттер менен кенен пикир алмашууда. Ушундай диагноз менен бейтаптар жаткан атайын оорукананын башкы дарыгери Денис Проценко Би-Би-Сиге интервью берип, "Фейсбуктагы" каналы аркылуу мекемесинде болуп жаткандарды жазууда. Москванын мэри "Телеграммда" канал ачып, ыкчам штабдын маалыматы таратылууда, ага ушу тапта 200 миңден ашык киши жазылды. Бирок биз ооругандардын саны чындыгында канча экенин билбейбиз. Расмий маалыматтарга ылайык, бир жарым миңден ашык. Көпкө чейин Новосибирсктеги жашыруун бир гана мекеме вирусту аныктап келди. Алардан маалымат алуу дээрлик мүмкүн болбоду. Ошондуктан биз расмий сандардан бир аз шектенебиз", - деди Би-Би-Синин Москвадагы кабарчысы Сошников.
Казакстанда да карантинге байланыштуу журналисттер үйдөн иштеп, өкмөт маалыматты онлайн таратууда.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Астанада иштеген журналист Алия Раимбекова маалымат алууда кыйынчылык жок экенин айтууда.
"Казакстанда 13-мартта коронавирус тастыкталганы жарыялангандан кийин эки күн өткөндө өзгөчө абал режими киргизилди. Маалыматтык жыйындардын баары онлайнга өттү. Журналисттер суроолорду узатып жатышат. Аларга эч кандай тоскоолдук жок десем болот. Өзгөчө абал киргизилгенине карабай кабарчылар сыртта иштеп жатат. Алар сүрөт же видео тартыш керек болсо полицияга редакциялык тапшырмасын көрсөтө алат, аны электрондук түрдө да кабыл алышууда", - деди Би-Би-Сиге Раимбекова.
Кыргызстанда жогоруда аталган аймактарда 15-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Ушу тапта дарыкана, ооруканадан сырткары башка жерлерге баруу үчүн басып жүрүүгө болбойт. Шаарларды тейлөөчү айрым мекеменин кызматкерлерине, дарыгерлерге уруксат берилген. Ага журналисттер кирген эмес.
Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов кырдаал жакшырбаса режимдин мөөнөтү узартылышы мүмкүн экенин айтты.








