Роза Отунбаева: Атамбаевдин максаты бирөө - элди бөлүп жаруу

Отунбаева жана Атамабев "Ата Бейиттеги" 7-аперль курмандыктарын эскерүү жараянында

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES/ VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Отунбаева жана Атамабев "Ата Бейиттеги" 7-аперль курмандыктарын эскерүү жараянында
    • Author, Элеонора Сагындык кызы
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Роза Отунбаева мурунку өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин тегерегинде түзүлгөн саясий кырдаал боюнча өзүнүн билдирүүсүн жарыялады. Анын билдирүүсүндө Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө бекинип, аялдарды, карыларды жана жаштарды калканч кылып, каршылык көрсөтүп жаткан аракети элди бөлүп-жаруу жана саясий жаңылыштык деп айтылат.

"Мамлекеттин кызыкчылыгы жеке амбициядан жогору болушу керек"

Отунбаева Армениянын үчүнчү ирет камакка алынган экс-президенти Роберт Кочарян өзүн күнөөсүз деп эсептесе да, сот өкүмүнөн кийин СИЗОго өз эрки менен келгенин мисал тартты:

"Ал өзүнүн тарапкерлери менен каршылаштары кагылышып, өтө кыйынчылык менен жеткен стабилдүүлүк бузулбасын деп ошондойго барды. Саясий лидерлердин жоопкерчилиги жана инсандык күчтүү духу деп мына ошону айтса болот".

Анын пикиринде, мындай шартта мурунку президентке боору ооруп, коомчулукта ага кичине болсо да сый жаралып, ага карата иштерди иликтөөгө жарандык көзөмөл ишке ашат эле.

Атамбаедин тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча Роза Отунбаеванын билдирүүсү күтүлүп жаткан

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Атамбаедин тегерегинде түзүлгөн кырдаал боюнча Роза Отунбаеванын билдирүүсү күтүлүп жаткан

"Бизнес шерик, коңшу-колоң, саясий аналитиктер жана четтеги мекендештер учурда шок абалында Кыргызстандагы окуяларга байкоо салып, үчүнчү ыңкылап болуп кетеби деп турушат. Байыркы эл, бирок эки ыңкылапты башынан кечирген жаңы улуттун мындан аркы аракети кандай болот? Эсинен баары чыгып кетеби? Өткөндөн ал сабак алдыбы?", -дейт Отунбаева.

Атамбаев элди экиге бөлүп-жарып, кырдаалды буза албайт, элге туруктуулук керек, ар кандай авантюраны колдобойт деп оюн корутундулаган экс-президент.

"Эл эскилерден чарчады"

Ал арада Кой-Ташта тосмо куруп, жанына күч топтоп жаткан Алмазбек Атамбаев 3-июлда "Эски "элита" кетсин, жаңы элдик лидерлер келсин" урааны алдында тынчтык митингин өткөрүүгө камданып жатат.

"Атамбаев президенттигинин соңку жылдары эски элитаны өзүм менен кошо ала кетем, жаңылары келиш керек деген ураанды көтөрүп келген. Анын артынан эле жаш, технократтардын өкмөтү келди. Бирок соңку 1,5 жылда бийлик алмашкандан кийин кайрадан эле баягы эски жүздөр кайрадан өкмөткө келишти. Эл эскилерден чарчады", -деди Кодуранова жетектеген КСДП саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев.

Мирбек Айтикеев, КСДП мүчөсү

Сүрөттүн булагы, Social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мирбек Айтикеев, КСДП мүчөсү

Атамбаевчил күчтөр бийликке таарынычы бар адамдарды өзүнө тартып, катарын калыңдоо аракетин жасап жатат. Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси Айбек Азыранкулов элдик штабга кирип, Чүйдүн экс-губернаторунун Атамбаевге ыкташы чоң упай катары сыпатталууда.

Ошондой эле Атамбаевдин тарапкерлеринин Россияга чыгып кеткен экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановду өз катарына чакырган билдирүүлөрү болуп жатат.

Ошентсе да, саясатта экс-президентке ыктаган белдүү саясатылар азырынча байкала элек. Кезиндеги үзөнгүлөш Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн бири дагы Атамбаев таламын талашуудан алыс.

Мындай шартта Атамбаевдин Кой-Таштагы каршылык аракети дагы канчага созулат?

Кыйчалыш кырдаал, тобокел саясат

Экс-президент макамы алынган Алмазбек Атамбаевди эми күч органдары суракка чакырыш керек. Бирок ал суракка барбай, анын ордуна келгендер менен атышууга даяр экенин эскертип, опуза тактикага өтүп алды.

"Атамбаевден экс-президент макамын алып, кылмыш жоопкерчилигине тартуу бийлик үчун утуштуу жүрүш эмес экени айдан ачык болуп калды. Бул маселени дагы тереңдетиши мүмкүн. Балким, аны убактылуу жайына коюп, аны кармап-камоо боюнча активдүү чаралар көрбөй турган оң. Бул жүрүш менен бара-бара Атамбаев мыйзам эмес, курал аркылуу аракетттенген афгандыктардай талаа командирине айланат. Ал өзүнчө бекинип көпкө отура албаса керек. Экцесстер да болуп кетиши мүмкүн", -дейт саясат талдоочу Эмилбек Жороев.

Жээнбековдун президенттик инагурациясы 24-ноябрь, 2017

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жээнбековдун президенттик инагурациясы 24-ноябрь, 2017

Ошентип, ички саясатта кол тийбестиктен кийин коопсуздук маселеси биринчи орунга чыгып, экс-прездент айланасында түзүлгөн кырдаал бийликтин баш оорусуна айланды.

Ал арада экс-депутат Нариман Тулеев Атамбаевди мыйзам чегинде жоопко тартуу боюнча өзүнчө элдик штаб түзүп жатканын жарыялады. Ал штаб Кой-Ташка тынчтык жүрүшүн жасап, андан кийин Атамбаевдин резиденциясынын жанында мөөнөтсүз митингдер өткөрмөкчү болууда.

Атамбаев Кыргызстанды алты жыл башкарып, бийликти 2017-жылы күзүндө өзүнүн досу Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берген. Бирок жыл айланбай, алардын мамилеси бузулуп, Атамбаевдин тушунда чоң кызматта жүргөн бир топ саясатчылар коррупция менен айыпталып, камакка алынды.