Б.Талгарбеков: "Атамбаев миң жылда бир келчү кырсык" деген пикирден кайтпайм

Сүрөттүн булагы, facebook
- Author, Абдыбек Казиев
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
"Саясий туткун" аталган саясатчыларды абактан бошотуу уланууда. Бул саясий жүрүшпү же сот адилеттигиби?
"Элдик парламент" деп аталган кыймылдын жетекчиси Бекболот Талгарбеков 7-март күнү мөөнөтүнөн мурда абактан чыкты. Ал 2016-жылы 12-майда кармалып, 14 жылга эркинен ажыратылган. Негизинен бийликти басып алуу планы бар деген айып менен соттолгон эле.
Быйыл 8-февралда Жогорку сот Бекболот Талгарбековдун жаза мөөнөтүн тогуз жылга кыскартып, беш жыл жазасын өтөөгө чечимин чыгарган.
"Элдик парламент" саясий бирикмесинин лидери Бекболот Талгарбеков 2016-жылы 17-майда ошол убактагы президент Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кылып тынчтык митингге чыгарын билдиргенден кийин УКМК тарабынан кармалган. Сот аны бийликти күч менен кулатуу аракетин жасады деп айыптап, он төрт жылга эркинен ажыраткан. "Элдик парламенттин" башка мүчөлөрү Төрөбай Колубаев 14 жылга, Марат Султанов 10 жылга кесилген болчу.
Бекболот Талгарбековдун экс-президент Алмазбек Атамбаев, орусиялык генаралдар, абактагы шарт жана башка жагдайлар тууралуу видео маегин толугу менен бул жерден көрүңүз:
Баракча ачылбайт
Facebook баракчадан көбүрөк пост окууБи-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жооптуу эмес.Facebook посттун аягы
"Элдик парламент" ошондой эле Атамбаевдин айланасындагы чоң кызматта отурган адамдардын ишин элдик комиссия түзүп текшертүү, 2010-жылы өлкө түштүгүндө болгон кандуу окуянын күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу үчүн Гаагадагы эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу керек деген чакырыктарды да жасаган.
Талгарбековдун окуясы Атамбаевдин убагындагы саясий куугунтуктун жана адам укуктарын одоно тепсөөнүн кашкайган мисалдарынын бири катары каралууда. Кыргызстандагы "Саясий туткундарды коргоо комитети" Атамбаевдин убагында бийликке каршы сүйлөп же анын чечимдерине каршы чыккан адамдарга козголгон кылмыш иштеринин баарын саясий куугунтук катары баалап келатат. Ошондой саясий куугунтук менен камалган саясатчылардын ичинен Талгарбековдун аты биринчилерден болуп аталып келаткан.
Бекболот Талгарбеков өз кезегинде ырайым сурап президент Жээнбековго арыз менен кайрылбай турганын билдирген болчу.
"Элдик парламенттин" жактоочулары саясий куугунтук менен камалган саясатчылардын ишинде акыйкаттыкты жана укук үстөмдүгүн камсыз кылууга азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун саясий эрки жетет деп ишенип жатышканын билдиришкен.




