"Саясий туткундардын" ишин кайра кароонун сааты келдиби?

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар оппозициядагы саясатчыларга чыккан сот өкүмдөрү кайрадан каралуусу зарыл деп жатышат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар оппозициядагы саясатчыларга чыккан сот өкүмдөрү кайрадан каралуусу зарыл деп жатышат
    • Author, Абдыбек Казиев
    • Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар оппозициядагы саясатчыларга чыккан сот өкүмдөрү кайрадан каралуусу зарыл деп жатышат. Айрымдар акыркы эки жылдагы камоолор эгемен Кыргызстандын тарыхында болбогон саясий куугунтук деп жатышат. Бул иштерди кайрадан кароонун мыйзамдуу жолу барбы деген суроо кабыргасынан турат.

Парламент депуттаттары менен жолугууга келген карыя уулунун мыйзамсыз абакта отуруп, оор кыйноолорго кабылып жатканын жашып айтып берди. Ал буга чейин канча аракет кылганы менен майнап чыкпаганын айтып, УКМК менен Башкы прокуратуранын жетекчилери кызматтан алынгандан бери иш кайрадан адилеттүү каралып калабы деген үмүттө турганын айтууда.

Соңку жылдары саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер соттолгон отуздан ашык чуулгандуу иштер болду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Соңку жылдары саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер соттолгон отуздан ашык чуулгандуу иштер болду

Соңку жылдары саясатчылар, жарандык активисттер, журналисттер соттолгон отуздан ашык чуулгандуу иштер болду. "Саясий туткундарды коргоо" комитети кылмыш иши козголгонго чейин бийликке каршы сүйлөп же бийликтин чечимдерине каршы чыккан адамдарга козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалай турганын билдирди.

Депутат Каныбек Иманалиевдин пикиринде, саясий туткундар дегенде "Элдик параламенттин" мүчөлөрү Б. Талгарбеков, М. Султанов, Т. Койлубаев кийин "мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген айып менен соттолгондор К. Кадыров, Б. Асанов жана Э. Карыбеков, мындан сырткары Ө. Текебаев, С. Жапаров, К. Исаев, А. Салянова, журналисттер Нарын Айып, Элнура Алканова жана башкаларга козголгон кылмыш иштери жана сот чечимдери жөнүндө сөз жүрүп жатат.

Бул кылмыш иштеринин айрымдарына Жогорку Соттун акыркы чечими чыкса, айрымдары ал баскычка жете элек. Ошондон улам бул иштерди эми кандай жол менен кайрадан кароо керек деген суроо кабыргасынан турат.

"Иш баштаган азыркы депуттаттык топтун парламентте статусу абдан төмөн. Ошондуктан бул маселени алар тиешелүү комитетке киргизип, эгер ошол комитет туура деп таап, колдоо көрсөтсө, комитеттин атынан Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына киргизилип, жалпы жыйын чечим кабыл алса - бул расмий жол болот. Бул жалгыз расмий жол",- дейт бир нече оор беренелер менен айыпталып, шарттуу кесилген мурдагы мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов.

Бул иштерди депутаттык комиссия аркылуу кайрадан иргеп, талдап чыгуу зарылдыгын, керек болсо мурун эске алынбай калган жагдайлар болсо, ишти кайра кароо керектигин депуттаттар да баса белгилеп жатат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул иштерди депутаттык комиссия аркылуу кайрадан иргеп, талдап чыгуу зарылдыгын, керек болсо мурун эске алынбай калган жагдайлар болсо, ишти кайра кароо керектигин депуттаттар да баса белгилеп жатат

Депутат Каныбек Иманалиев акыркы эки-үч жылда саясий өңүттө камакка алынгандардын саны кескин көбөйгөнүн айтууда. Укук коргоо органдары өз кезегинде камактагы саясатчылардын күнөөлөрү далилденгенин, аны саясатташтырбоо керектигин жүйө кылып жатышканы белгилүү.

Бул иштерди депутаттык комиссия аркылуу кайрадан иргеп, талдап чыгуу зарылдыгын, керек болсо мурун эске алынбай калган жагдайлар болсо, ишти кайра кароо керектигин депуттаттар да баса белгилеп жатат.

"Мунун кандай жолдору бар? Кээ бир иштер биринчи инстанциядан өткөнү менен Жогорку Сотко жете элек. Айрымдарына Жогорку Соттун чечими да чыгып калган. Ошондон улам парламенттик комиссиянын ишинин жыйынтыгында мурда каралбаган жаңы жагдайлар чыгып кала турган болсо, бул да негиз боло алат деп ойлойм. Адвокаттар аны пайдаланып кайрадан сотко кайрылууга мүмкүндүк алат. Кечээ биз саясий чечим кабыл алып, ушундай иштерди кайрадан карап чыгалы деп жатабыз. Бул ушул иштер менен эле чектелбейт. Башка дагы арыздар түшүшү толук мүмкүн",- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова.

УКМК жетекчиси кызматтан алынды. Ага удаа эле баш прокурордун кызматтан кетиши чуулгандуу сот иштерин кайра кароого үмүт жандырып койду
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК жетекчиси кызматтан алынды. Ага удаа эле баш прокурордун кызматтан кетиши чуулгандуу сот иштерин кайра кароого үмүт жандырып койду

Кызуу талкуудан түшпөй келе жаткан бул соттук иштер учурунда ар кандай нааразылык акциялары менен да коштолуп жатты. Алардын эң урунтууларынын бири эки айдай мурда абактагы саясатчылар Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана эксперт Эрнест Карыбековдун бир нече күнгө созулган саясий ачкачылыгы. Учурунда алар койгон башкы талап эки айдан кийин жүзөгө ашып, УКМК жетекчиси кызматтан алынды. Ага удаа эле баш прокурордун кызматтан кетиши чуулгандуу сот иштерин кайра кароого үмүт жандырып койду.