Сооронкулова: Жаңы кодекстер соттордун өзүм билемдигин азайтат

Сүрөттүн булагы, ullstein bild
- Author, Венера Алымкул кызы
- Role, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Быйылкы жылдан тартып майда кылмыштар боюнча айыпталган жарандар камалбайт. Ал эми соттолгон жаран кайсыл жайда кармалат, жазасын кандай режимде өтөйт, аны 5-6 кишиден турган комиссия чечет. Мындай өзгөрүүлөр жаңы күчүнө кирген кодекстерде көрсөтүлгөн.
Жаңы жылга чейин жарандардын кылмыш же административдик жоопкерчилиги Кылмыш-жаза кодекси жана Административдик кодекс менен тескелип келген. Январдан тарта укук бузуулар боюнча жоопкерчилик Кылмыш-жаза кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс деп үчкө бөлүндү.
"Эски Кылмыш кодексинде кылмыштар, өтө оор эмес кылмыш, жеңил кылмыш, оор, өзгөчө оор кылмыш деп бөлүнчү. Ал эми жаңы кодексте жеңил кылмыштар Жоруктар жана бузуу тууралуу кодекске өткөрүлдү. Андыктан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасын күткөн жарандар үчүн соттор баш каргоо чарасын камакка алынсын деп чыгара албайт. Буга чейин майда кылмыштар үчүн жарандар камалып кеткен учурлар тууралуу көп нааразылыктар айтылып келген. Эми андай болбойт",- деди Кылмыштык жана жарандык сот иштерин жүргүзүү башкармалыгынын прокурору Азизбек Шүкүрбеков.
Буга чейин сот өкүм чыгаруу менен бирге, айыпкердин жаза өтөө жайын кошо аныктап келген. Учурдагы Жазык-аткаруу кодексине ылайык, судья жаза абагын аныктай албайт.
"Аны курамы 5-6 кишиден турган атайын комиссия аныктайт. Алардын арасында Коомдук кеңештин өкүлдөрү дагы бар. Соттолгон жаран кайсыл жайда кармалат, жазасын кандай режимде өтөйт, аны комиссия чечет",- деди Тергөө жана ыкчам изилдөө иштери боюнча башкармалыктын прокурору Айбек Жумабаев.
Тергөө судьясы институту
Ошондой эле Кылмыш-процессуалдык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, жаңы жылдан тарта сот системасында тергөө судьясы деген институт ишин баштады.
Ал кылмышка шектүүнүн же айыпталуучунун бөгөт чарасын аныктап, тергөөнүн чечимдерин көзөмөлдөйт. Тергөөчүлөр жана прокурорлор сотко чейинки өндүрүш иштеринде тергөө судьясы менен тыгыз иш алып барат. Тергөөчү тергөө судьясынын токтомунун негизинде иш алып барууга милдеттендирилет.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO
"Кыргызстандын баш мыйзамында сот адилеттүүлүгү так жазылган. Бирок мурдагы Кылмыш-процессуалдык кодекс боюнча адилет чечим чыгарчу судья, соттук көзөмөл дагы жүргүзүп келген. Маселен, кылмышка барган жарандын баш коргоо чарасын аныктап, жарандын укугун чектей турган тергөө чараларын колдончу. Мунун бардыгы соттук көзөмөлгө кирет. Андыктан Конституцияга ылайык, жаңы кодекстин негизинде соттук көзөмөлдү тергөө судьясы аткарат. Ал эми өкүм чыгаруучу сот башка процессуалдык фигура болушу керек",- деген эле буга чейин берген маегинде Жазык-процессуалдык кодекстин жаңы редакциясын иштеп чыккан эксперттик топтун башчысы Кынатбек Сманалиев.
Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова күчүнө кирген жаңы кодекстер, соттордун өзүм билемдигинен арылууга мүмкүндүк түзөөрүн айтты:
"Эң негизгиси-инстанциялардын өзгөрүүсү болду. Учурда Жогорку Сот мурдагыдай көзөмөл жүргүзүү эмес, ал кассациялык функцияга ээ. Жаңы кодекстерге ылайык, биринчи, аппеляциялык жана кассациялык инстанциялар киргизилген. Бул абдан туура өзгөртүү. Анткени көзөмөл инстанциясы Советтер союзунан калган эски система. Жогорку сотто эч кандай көзөмөл болбошу керек".
Жаңы кодекстерге болгон нааразылыктар
Бирок жаңыдан ишке кирген кодекстерди жана мыйзамдарды сындагандар дагы четтен чыгууда. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламенттин жалпы жыйынында буга байланыштуу маселе көтөрүп, Жогорку Кеңеште өкмөттүн маалыматын угууну сунуш кылды.
"Беш кодекс менен эки мыйзам күчүнө кирди. Айыппул боюнча өкмөт уят болду го же уят болгон жокпу?! 5500 сом төлөйм деп райондук администрацияга барган баладан ошол акчаны ала албай жатат. Жаңы кодекстер, мыйзамдар ишке кирет деп жарым жылдан бери айтып келе жатышат. Эмне болду өкмөт? Урматтуу депутаттар, мыйзамдын аткарылышын биз көзөмөлдөйбүз. Өкмөттү бул жакка чакырып, беш кодекс, эки мыйзам тууралуу сураш керек".

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын айтымында, жаңы кодекстердин ишке кирүүсү менен сот системасындагы коррупциялык иштер жоюлат деп айтуу кыйын:
"Маселен, тергөөчүлөрдүн ишин жакшыртуу максатында тергөө судьясы деп киргизип коюшту. Ал жерге жаңы эч ким келген жок. Мурдагы эле соттор барды. Анан каяктан коррупцияны жок кылабыз".
Белгилей кетсек, 2012-жылы президенттин указы менен иштелип чыккан Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуу тууралуу кодекс 1-январдан тартып күчүнө кирди. Ошондой эле "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдардын жаңы редакциясы иштей баштады.
Жаңы жазык кодексинин негизги максаттары болуп сот адилеттүүлүгүн гуманизациялоо, кылмыштуу жосундарды декриминализациялоо жана тутумун реформалоо болуп саналат.












