Гуревичтин билдирүүсү боюнча баш прокурордун жообу

Кыргызстандын башкы прокурору Ѳткүрбек Жамшитов Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн финансылык кеңешчиси Евгений Гуревичтин билдирүүсүнө байланыштуу Жогорку Кеңеште жооп берди. Буга чейин Гуревич Бакиевдер Кыргызстандан кылмыштуу жол менен 300 млн долллар акчаны чыгарып кетишкени жөнүндө билдирүү жасаган эле.
Баш прокурор Ѳткүрбек Жамшитов айтылуу Гуревич менен 2015-жылы Башкы көзөмөл органынын тергөө башкармалыгынын башчысынын орун басары жолукканын ырастады. Анын айтымында, Гуревич конкреттүү маалымат берген эмес, бирок маалымат ордуна анын кылмыш ишин кайра кароо шартын койгон. Гуревич Кыргызстанда сыртынан соттолгон болчу. Гуревич менен жолугуп келген прокуратура кызматкери жолугушууда сурак жүргүзгөн эмес.
Башкы көзөмөл органынын жетекчиси ошону менен катар Бакиевдердин активдерин издөө аракеттери токтобой жүрүп жатканын айтты. Бирок баш прокурордун жообуна депутаттар канааттанбай, АКШнын өзүнө барып, Гуревич айткан маалыматтарды жеринде териштирип, чыгарылган акчалардын изин табыш боюнча чечкиндүү аракеттерди көрүүнү талап кылышты.
Башкы прокурор Кыргызстандын укук коргоо органдары азыркы убакта АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич менен кайрадан кызматташууга даяр экенин билдирди.
Мурдакы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн финансылык кеңешчиси болуп жүргөн Евгений Гуревич "Азаттык" радиосуна берген маегинде Бакиевдер убагында кылмыштуу жол менен 300 млн доллар акчаны чыгарып кетишкенин, анын бетин ачып берүү үчүн Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин, анын мүмкүнчүлүгү жоопсуз болуп жатканын билдирген.
Депутаттар Лондондо качып жүргөн Максим Бакиевди экстрадициялоо ишин жандантууну дагы талап кылышты. Буга чейин Максим Бакиевди кайтарып берүү жөнүндө Бишкектин Улуу Британияга расмий кайрылуулары жоопсуз калганы белгилүү.
Кылмышка шектүүлөрдү кайтарып берүү жөнүндө Кыргызстан менен Британиянын ортосунда келишим жок. Ошондуктан Кыргызстандын укук коргоо органдары Максим Бакиевди кайтарып келүү үчүн эл аралык юридикалык компанияларды жалдап жатканын айтууда. (КС)






