Сот "Райым-миллионду" кызматына койду

Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басары болуп 2015-2017-жылдары иштеди, ага чейин кызматтын түштүк башкармалыгын башкарган

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрага орун басары болуп 2015-2017-жылдары иштеди, ага чейин кызматтын түштүк башкармалыгын башкарды.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдакы орун басары Раимбек Матраимовдун кызмат ордун калыбына келтирген чечим чыгарды. Ѳкмөттүн жана Бажы кызматынын жетекчилиги соттун чечимине каршылык беришкен жок.

Соттун ишти Р. Матраимовдун пайдасына чечкен себеби анын саясий себеп менен кызматтан мыйзамсыз алынганында, деп билдирди адвокаты Татьяна Карыжинская. Анын билдиргенине караганда, Матраимов чет өлкөдө дарыланып жаткан учурда өзүнө кабар берилбей туруп бошотулган. Ошондой эле анын себеби да айтылган эмес.

«Райым миллион» деген ат менен белгилүү Райымбек Матраимов Бажы кызматындагы жетекчилик орундан мурдакы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен алынган эле. Өкмөт Матраимовду кызматтан алганда өз чечимин "анын аткарган иштери жетекчиликтин саясатына туура келбейт" деп, ишеним көрсөтпөгөнү менен негиздеген.

Р. Матраимов 2015-жылдан 2017-жылга чейин Бажы кызматынын төрага орун басары болуп иштеди. Ага чейин түштүк Бажысын башкарып, мурда Ош бажысына жетекчилик кылган.

Р. Матраимовдун бир тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Би-Би-Сиге мурда курган маегинде иниси Бажы кызматында жакшы иштеп турганын айткан.

"Мурдагы жетекчилердин убагында деле айлык планды толугу менен аткарып жатышкан. Эми бажы төлөмдөрү көбөйсө башка себептер дагы бардыр. Кыргызстандын бюджетине бир тыйын көп түшсө да жакшы. Пенсия, жөлөк пул, социалдык объекттерге керек. Болгону бул маселеге саясат аралашып кетти, сөзсүз менин инимди аралаштырып жазып жатышат. Мен аны улуу агасы катары дайыма калкалайм, бирок өзү кылган жумушуна өзү жооп берет", - деген Искендер Матраимов.

Райымбек Матраимов өткөн жылы ноябрдын аягында кызматтан бошотулган. Андан кийин өкмөт Бажы төлөмдөрү бюджетке эселеп көп түшкөнүн билдирген. Мисалы, Ош бажысы мурда күнүнө эки миллион сомдун тегерегинде чогултса, ошол учурда 15 млн сомго жеткенин айткан.

Алмазбек Атамбаев

Сүрөттүн булагы, SDPK.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмазбек Атамбаев "Райым-миллионду" өзү өтүнүп жатып кызматтан алдыртканын билдирген.

"Раим-миллиондордун өч алуусу"

Социал-демократиялык партиянын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев 31-мартта өткөн маалымат жыйынында өткөн жылы Райымбек Матраимовду кызматтан алууну Сапар Исаковдон өзү суранганын айткан.

"Өткөн жылы бажыдагы "жашыруун схемалардан" жана коррупциядан улам бюджетке 10 млрд. сомдой жеткен жок. Ошондой эле, өткөн жылы мен премьер-министр Сапар Исаковду бул схеманын бир "серый кардиналы" "Райым миллионду" кызматтан бошотууну абдан сурангам. Бүгүнкү күнү Сапар Исаков ошол жолдоштун Жогорку Кеңештеги жана андан сырттагы дагы, басма сөздөгү тарапташтарынын катуу талоосуна калды", - деген Атамбаев.

Экс-президент андан кийин Сапар Исаков менен Кульматов камалганда аны "Райым-миллиондор" жаңы бийликти колго алып, "өч ала баштады" деген. Бүгүнкү билдирүүсүндө болсо ошол "Райым миллиондордун" өч алып жатканынын далилдүү фактысы деп айтып жатат.

"Бажыдагы уурулуктун бетин ачкан мамлекеттик ишмерлерди (Сапар Исаковду жана Кубанычбек Кулматовду) камакка алуу жөнүндөгү чечим бул иш жүзүндө кызматынан бошотулгандан кийин жакшы жакка өзгөрүүлөр жана бажы төлөмдөрүнө кескин жогорулоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн аты белгилүү "Раим-миллиондун" достору менен колдоочулары тарабынан өч алуу болуп саналат",-деп айтылат Атамбаевдин билдирүүсүндө.

"Акырындап жарылчу мина"

Экс-президенттин "Раим миллиондор" жөнүндө айтканы, коомчулукту жумшак айтканда, таң калтырып жаткандай. Анткени, Раимбек Матраимовду бажыга чоң кызматка убагында Атамбаевдин өзү алпарганы жалганбы дейт аналитик Алмаз Акматалиев:

"Раимди Бажынын башчысынын орун басары кызматына алпарган ким эле? Ошол Атамбаев өзү болчу. Аны төрт жыл кенен иштеткен ким эле? Атамбаев өзү болчу. Ошон үчүн Сапар Исаков Райымды бажынын башчысынын орун басары кызматынан алганы, менин жеке пикиримде, коррупция менен күрөшүү эмес. Бул кетип жаткан премьер өзүнүн шефи баш болуп, жаңы бийликке, Жээнбековдун бийлигине баш ооруну, (орусча айтканда "мина замедленного действия") таштап кетүү максатында болгон. Ошол мина азыр акырындап-акырындап түтөп атат, ыгы келгенде аны Атамбаевдин тегеретесиндеги кишилер жардырышат".

Райым Матраимовду Бажыдагы кызмат ордуна коюу жөнүндө сот чечимине Ѳкмөттүн мамилеси так жана түшүнүктүү деп айтууга болбойт. Ѳкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу сот чечимин карап чыгуу керектигин, алдыда соттун башка инстанциялары да экенин айтып жатат. (КС)