Блог: Тереӊ ойлонолу, батыл аракеттенели

    • Author, Алмаз Кулматов,
    • Role, коомдук ишмер

Дүйнөнүн ар кайсы жеринде болуп жаткан, бирок эртеби-кечпи бизге тике же кыйыр таасири тие турган окуяларга, процесстерге абай салбайт экенбиз. А чындыгында ойлонто турган окуя, ойлоно турган маселелерди көңүл сыртында калтырган учурларыбыз арбын.

Алмаз Кулматов

Сүрөттүн булагы, Rufat Ergeshov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алмаз Кулматов, коомдук ишмер

Кетээрде кайтаарыӊды, даракка чыгаарда түшөөрүӊдү унутпа деген экен байыркы кыргыз. Эмки кыргыз журтчулугу аны жадыбыздан чыгарып, эки жакка көз чаптырбай, айлана-тегеректи карабай иш кылуу жолоюна түшүп бараткандайбыз.

"Евразия экономикалык биримдигине кирсек 180 млн калкы бар ири рынокко эркин чыгабыз, кирген суудай инвестиция келет, күргүштөтүп тышка товар сатабыз, жер шарынын 14 пайызын ээлеген аймакты аралай чаап, ээн-эркин жүрөбүз" деп дөөгүрсүгөнбүз. Биз Евразия экономикалык биримдигине кирип жатканда Европа Биримдигин (ЕС) түптөөчүлөрдүн бири, анын бараандуу мүчөсү Улуу Британия Брекзит процессин баштаганда неге ойлонбодук?

Европа биримдигинде опол-тоодой орду бар, не ага мүчө бир да мамлекеттен, не биримдиктин борбордук органдарынан запкы жебеген кубаттуу мамлекет эмне үчүн чыгып жатат, кирген оӊой, чыгуу кыйын турбайбы, эртели-кеч чыгыш керек болсо канттик деп акыл калчабаптырбыз. Алысты болжобоптурбуз. Эки жакка абай салбаптырбыз. Өзбекстан Евразия экономикалык бирлигине кирбейм деди. Кирген да жок. Кирбейм деп мамлекет башчысы Шавкат Мирзиеев да бир ирет бекем айтты. Кирээри али белгисиз (караӊыз: "Мы не будем членом этого союза», - сказал Мирзиёев на заседании Сената Узбекистана, kg.akipress.org/news:1591980/?f=cp).

Тышкы дүйнө менен өз алдынча, эч кандай бирикме-уюшмасы жок эле теӊ ата, жемиштүү кызматташып келет. Кирбей койгондугу үчүн Өзбекстанды эч ким баса калбады, чүнчүтүп, жериген жок. Ар бир мамлекеттин тандоосун башка мамлекет сыйлоого тийиш жана ар бир өлкө өз тандоосу менен эсептешүүгө башкаларды ынандырууга милдеттүү. Биздин айрым саясатчылар Евразия экономикалык бирлигине кирбесек Орусия менен Казакстан айлабызды алты кетирмек, аргабызды түгөтмөк деген аргументти бетке такашат. Бирикмеле, уюшмада мүчө болобу, өз бетинче болобу, мамлекет өз кызыкчылыгын жетиштүү коргой албаса, суверенитетин туш келген кыйынчылыкта садага чаап жиберсе, анда уюм ичинде болобу, тышында калабы баары бир, утулганы утулган, жүдөгөнү жүдөгөн. Өлкөлөр ортосунда кызматташтыктын жана атаандаштыктын эзелтеден бери шарты ушул, мындан кийин да ушундай болмогу анык.

Кыргыз мамлекети оор сыноону башынан кечирип жаткан кези. Албетте, Айтматов айткандай күн сайын адам болуу адамга эң кыйын озуйпа болсо, ар бир элге өз кызыкчылыгын коргоп калуу, мамлекетке суверенитетине доо келтирбөө да ошондой кымбат. Ар бир өлкө өз тарыхый жолунда күтүүсүз жана болоору анык, өзү жараткан же тышкы күчтөр таңуулаган, эски же жаңы, тааныш же бейтааныш чакырыктарга ар дайым туш келмеги турулуу иш. Сыноолор арбын, бирок алардын айрымдарына, болгондо да биз өзүбүз жаратып алган, балким тереӊ ойлонбостон, аргамжыны алыс таштабастан же аргабыз түгөндүктөн улам туш болгондоруна токтололу. Биз кеп кыла турган маселелер өтмө катар байланышта. Анда кеп ирети менен болсун.

Түбөлүк достук менен экономикалык атаандаштык

Чек арада эки-үч суткалап жаткан айдоочулар бар

Биздин өлкө тушуккан ири сыноонун бири - бул биздин Евразия экономикалык бирлигиндеги ордубуз. Албетте, ар бир эле биримдик, шериктештик, интеграциялык уюм анын баардык мүчөлөрүнө бирдей пайдалуу эмес. Евразия экономикалык бирлигине Кыргызстан мүчө болуп киргендеги эӊ негизги аргументтердин бири ушул уюмга мүчө мамлекеттер үчүн бирликтин алкагында адамдардын, кызматтардын жана товарлардын эркин жүрүүсү эле. Тилекке каршы, андай эркиндик алигиче куру кыял бойдон калууда.

Биз күч менен жетеленип кирген Евразия экономикалык бирлиги Европа биримдигиндеги (ЕС) нак кызматташтык деӊгээлине жетпеди, мүчө мамлекеттер үчүн пайдалуу мазмунга ээ болбоду, теӊ ата мамиле жаралбады. Жетээри, ээ болоору, жаралаары али белгисиз, азырынча күмөн. Тескерисинче, соӊку 2-3 жылда Казакстан биздин жарандарга жана товарларга тоскоолдуктардын түркүн ыкмасын ойлоп таап, санкция деп аталбаса да ар кандай жолдор менен Кыргызстандын Казакстан жана үчүнчү өлкөлөр соода-экономикалык алакасын бир беткей чектеп келет.

Кыргыз-казак чек арасынан адамдардын жана товарлардын өтүүсү, Казакстан аркылуу Кыргызстандан үчүнчү өлкөлөргө товарлардын транзити бир нече жылдан бери түйшүк жаратып, экономикабызга зыян алып келүүдө. Чек арадагы кысым эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге доо келтирет. Ишеним азаят, ишкерлердин чыгымы артат, а демек карапайым эл зыянга учурайт, алардын материалдык абалы начарлайт, мамилеге доо кетет, кыскасы кесепети арбын.

Албетте, казак бийлигинин өз аргументтери бар. Ал - кыргыз бажысындагы коррупция тыйылбады, аткезчиликтин масштабы кенен, деӊгээли жогору деген маселени бетке кармоодо. Андан тышкары, биз кылдат текшерүүгө мажбурбуз, анткени кыргыздар ЕАЭБ ичиндеги техникалык регламенттерди, товар ташуу эрежелерин, кирип-чыгуу жоболорун так сактабай жатасыӊар деген кинелерди такай коюп келет. Ал аз келгенсип улам бир жаӊы талаптар коюлуп, кыргыз жарандары жасалма ыӊгайсыздыктарга тушугат.

Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер Кыргызстан менен Казакстандын чек ара бекетинен кийин эле казактардын киреше чогулткан комитетинин турганы Евразия экономикалык уюмунун мыйзамдарына абсолюттук түрдө дал келбей турганын кыргыз расмий бийлик өкүлдөрү белгилейт (https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-51235405).

Евразия экономикалык бирлигине чейин эле Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө 1997-жылы 8-апрелде Алматы шаарында кол коюлган, эки өлкөнүн праламенттери ратификациялаган Келишимде эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык алаканы бекемдөө, товарлардын, капиталдын жана кызматтардын эркин жүрүүсү, транзиттик сооданы колдоо сыяктуу мыкты шарттарды белгиленген жоболор (Келишимдин 8-11 беренелери) жыргатылуу иштебептир.

Коӊшу болуу тагдыры маӊдайына жазылган, тили, дили окшош, боордош, тагдырлаш этностор негизин түзгөн эки мамлекеттин, КМШ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу регионалдык бирикмелерде өнөктөш эки өлкөнүн ортосунда соӊку 30 жыл ичинде экономика менен саясатта түбөлүк достукту айкындаган, бекемдеген, жарк эткен учурлар, жагымдуу окуялар азыраак экен. Маданий алакабыз деле алыс узабаптыр.

Бул биздин Евразия бирлигиндеги өнөктөшөбүздүн бизге мамилесинин анык көрсөткүчү гана эмес, биздин да деӊгээлибизди даана айкындап турат. Демек теӊ ата сүйлөшө албайбыз, колдогу аргументтерибизди колдонгонду билбейбиз, керектүү жол жоболор менен эрежелерди сактаганга шарт түзө албадык. Биздин алака-катыш, соода-сатык ЕАЭБдин шарттарына ыӊгайлашпады. Башка мүмкүнчүлүктөрдү да издегенибиз жок, балким билермандар тымызын издеп жаткандыр, ал бизге белгисиз.

Путин

Сүрөттүн булагы, official

Кана, эми ахыбалдан кантип чыгабыз? Кыргыз-казак мамилесинде биз эске ала турган жагдайлар кайсы?

  • Кыргыз-казак мамилелерине өткөн чактын күүсүнөн жана элек жана улам күчөгөн, өзгөрүлмө факторлор: геосаясий кырдаал, андагы оюнчулардын каалоосу, дарамети, тилеги, иши, кадамы, лидердердин жана саясаттын аныктаган инсандардын, топтордун аракетин тереӊ талдоого тийишпиз. Сабак жана изги үлгү алууга милдеттүүбүз. Кийинки жолду тандоо, жол чалуу учурдагы муундун колунда. Өткөнгө шылтап, жоопкерчиликтен буйтап кетүүгө болбойт.
  • Өткөн демекчи, кыргыз-казак мамилесинин 21-кылымда жана кийинки мезгилге алакасы тарыхка карата мамилеге жараша болмогу айныксыз чындык. Этноцентризм дүйнөдөгү баардык элге мүнөздүү. Ар бир эл ар кайсыл мезгилде дараметине жараша ишке ашырган, ишке ашырууга умтулткан, иденттүүлүктү шарттаган мотивациялык, идеологиялык, саясий жана универсал көрүнүш. Бул өнөкөттөн, дүйнөнүн тагдырын чечкен күүсү катуу концептен эч бир улут кур жалак эмес. Бул көрүнүштөн эч бир мамлекет кыйгап кетпеген, ар биринин тагдырында тике жана кыйыр кездешкен, залакасы менен менен пайдасы оош-кыйыш түбөлүк феномен.

Бирөөлөр тарыхый улуулугу менен, башкалары азыркы "улуу миссиясы" менен ааламдын чордону, дүйнөнүн устуну болгусу келет.

Улуттук иденттүүлүктүн тарыхый тамырын объективдүү изилдөөнүн ордуна кимден ким улуу, кимдин тарыхы тереӊде, кимдин эртегиси анык, тигил же бул салт, мурас, дөөлөт кимге таандык да, ким аны өз көмөчүнө оодарып, өз журтуна ыйгарып, "улутташтырып" алган, ким орток мураска жеке басар болуп жүрөт, ким кимдин тукуму, кимиси кимден артык, кимдин тагдыры кимге байланыштуу деген суроолор таӊууланды. Суроолор жасалма жаралгандыктан, жооптор да бурмаланып, мифтерге, жоромолдорго жана кыялга негизделген бүтүндөй "гипотезалар", "теориялар", "фундаментал эмгектер", "концепциялар" аныктооч күчкө ээ болду.

Тамырлаш, тагдырлаш, боордош элдер арасында жалган этноцентризм тамырды жайылтпайт, боорду бүтүн кылбайт. Бирок тагдырды аныктайт. Кайсыл бир элдин дүйнөгө устун эместигин, жасалма тарых жамак экенин, өзгөлөрдү баалабай, өзүн гана даӊазалоо натыйжа бербей турганын тарых далилдеп келди. Эми да ушуну кыйла азаптан соӊ түшүнүүгө тийишпизби?

Демек иденттүүлүктүн тарыхый жагдайларын аныктоодо сокур этноцентризмден алыс болуу зарыл. Тарыхый чындыкты бурмалоо улутка абийир да, мөрөй да алып келбейт. Кийинки муунга жана муундарга кыргыз-казак боордоштугун айныксыз тарыхый чындык экенин билдирген нерселерди макулдашып алуу шарт. Бул биринчи сунуш. Айта турган нерсе бар, айтпай турган кеп бар. Кыргыз, казак салтын, дөөлөттөрүн билген муунга арналган ар тараптуу саясат болуусу абзел.

  • Экономикалык утурум артыкчылыкты үстөмдүк катары ашкере колдонуу узакка натыйжа бербейт. Басмырлоо, эске албоо, четке кагуу эртеӊ эле тескери жыйынтыкка ээ болот. Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө. Демек, артыкчылыкка эгедер болууга умтулган тараптар үчүн утурумдук артыкчылык жана утуш мамиленин негизги жана жагымдуу фактору болуп көпкө кызмат кыла албайт.
  • Эки мамлекет өз алакасын экөө гана чечүүгө тийиш. Туура, регионалдык жана дүйнөлүк бирикмелер, уюшмалар, интеграцияык органдар - бул реалдуулук, пайдалуу, керек. Бирок эки мамлекет тарыхый, геосаясий, этногенетикалык, руханий жакындыгы алардын ар биринин кызыкчылыктарына шайкеш жана саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыктын пайдубалы, парадигмасы катары эсептесе, ошондо гана ар бирибибизге жана көпчүлүккө пайдалуу жемишин берет.

Ушул маселелердин тегерегинде казак боордоштор менен сүйлөшүп, алар койгон кинелерди жоюп, жо дагы болбосо, анда эӊкейгенге эӊкейгин, атаӊдан калган кул эмес, какайганга какайгын, жети атаӊ сенин кул эмес деген жолго түшкөнүбүз туура.

Виза чектөөнүн куну

Американская виза

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Биздин өлкө тушуккан дагы бир сыноо - Америка Кошмо Штаттары менен мамиленин суушу. Трамптын администрациясы киргизген визалык чектөөлөр эки өлкөнүн мамилелерине олутуу зыян келтирди деп баалады Кыргызстандын дипломатиялык мекемеси (https://kaktus.media/doc/405194_otnosheniiam_nanesen_chyvstvitelnyy_yron._v_mid_kyrgyzstana_prokommentirovali_reshenie_ssha.html).

Биздин өлкөнү АКШга кирүүгө чектөө коюлуучу өлкөлөрдүн катарына кошуу албетте, бул өлкөгө барууну көздөгөн кыргыз жарандарына терс таасирин тийгизет. Андан да жаманы Вашингтондун мындай кадамы абройдун жоголушунун, ишенимдин азайышынын көрсөткүчү. Болгондо да Ак үйдүн өкүлү Хоган Гидли мыйзам АКШны "террордук чабуулдардан коргоо" максатында кабыл алынганын билдирген (https://www.vb.kg/doc/384821_ssha_vvodiat_ogranicheniia_na_vezd_dlia_grajdan_kyrgyzstana.html).

Биометрикалык паспорттун жөнү башка, ал эми мамлекеттин террорчулар менен байланыштуулугу такыр башка жагдай. Жаман жаӊылык, суук кабар тез таркайт. Черчильь айткандай, чындык аттанганча, калп дүйнөнү үч айланат. Бирок биз бул проблемага - мамиленин муздашына өзүбүз жол чаап алганыбызды моюнга алышыбыз керек. Кемчилигибизди сезмейин аны оӊдой албайбыз. АКШ менен мамиленин начарлашына "Манас" аэропортундагы эл аралык транзиттик авиабазаны чыгарып салуу тууралуу чечим негизги өбөлгө болду.

Америка биздин "чык" дегенде эле Борбор Азиядан чыгып кеттиби. Жок. Эч качан кетпейт. Борбордук Азия ири державалардын түбөлүк кызыкчылыктары бар стратегиялык аймак. Андыктан АКШ 2018-жылы май айында Өзбакстандын лидери менен Түндүк бөлүштүрүү-ташуу тармагы деп аталган долбоордун алкагында Афганистанга аскерий жүктү ташуучу транзиттик база катары өзбек аэропортторун (Карши-Ханабад, Чирчик) колдонуу тууралуу макулдашышкан (https://centre1.com/uzbekistan/ssha-ne-planiruyut-vosstanavlivat-voennoe-prisutstvie-v-uzbekistane/).

Андан бери Өзбекстанды не Кытай, не Россия, не Иран же башкасы алка жакадан алып, аттан сүйрөп түшпөдү. Иран-АКШ мамилеси соӊку мезгилде кескин начарлаганда деле биздин айрым көзү ачыктар айткандай Тегеран Өзбекстанды Американын аскерий күчтөрү пайдаланып жатканы үчүн бомбалап жибергени жок.

Кыргыз бийлиги базаны чыгарып жиберип тим калбады. Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган келишимди кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялады. Жокко чыгарылган келишимдин ордуна жаӊысы даярдалып жатканы бир нече жылдан бери айтылганы менен алигиче кол коюла элек. Вашингтон былтыр бизге атайы киши чаптырып, Бакиевге жакын шылуундар уурдап кеткен акчаны бир аз бөлүгүн кайтарып жакшы эле ишарат кылган.

Мурдагы нерселерди сууга салалы, мындан ары кызматташалы, биз силерди колдойлу, силер бизге далыӊарды салбагыла, базардагы шылуундай болбой олуттуу мамиле жасагыла бизге, бир эле өлкөнүн этегин кармап отура бербегиле деген кепти айткан. "Албетте, пикир келишпестиктер болду. Мындай нерсе бардык мамлекеттерде болот. Бирок биз мамилебизди жакшыртууга умтула беребиз.

Кыргызстан менен АКШнын туруктуулук, коопсуздук жана бакубаттуулук боюнча кызыкчылыктары бир. Кыргызстанды Борбор Азиядагы келечеги кең мамлекет катары көрөбүз. Жаңы администрация дагы тарыхый тыгыз мамилебизди улантат. Кыргызстан тынч президенттик шайлоо өткөрүп, региондогу башка мамлекеттерден айырмаланды.

Биз келечекте президент Жээнбеков менен дагы тыгыз иштейбиз деп ойлойм", -деген ошондо америкалык дипломат айым Элис Уэллс (https://www.bbc.com/kyrgyz/world-51260386).

Ушундан кийин деле негедир кылчактап, айтылган саламга алик албадык, сунган колго бейжоопсуз калтырдык. Азыр АКШ бизге да бир ирет кайрылып, виза чектөөсү аркылуу эскертүүдө. Американын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ушу күндөрү Казакстан менен Өзбекстанга расмий сапар менен келди, жылуу маанайда баарлашты. Виза чектөөсү киргизилиши ыктымал деген Беларусияга да барып, жалаӊ Орусиянын мунайына күнкор кылбайбыз, экономика эле эмес, ар тараптан колдойбуз, же Орусия, же АКШ деген шарт койбойбуз деп жарыялады (https://kaktus.media/doc/405221_obespechim_neftu._gossekretar_ssha_sdelal_lykashenko_zamanchivoe_predlojenie.html). Бизге келбеди. Эми ойлонгудайбыз.

Эсибизге келгидейбиз, эми ойлонгудайбыз,

Эмнени? Бир кезекте Кыргызстан Улуу жибек жолунун дипломатиясы деген демилге көтөргөн Же бул же тигил деген кескин тандоо бизге жарашпайт, утуш алып келбейт, бул дагы, тигил дагы деген парадигманы тышкы алакада карманалы, биздин өлкөнүн кызыкчылыктарына ылайык келген ар тараптуу саясат жүргүзөбүз дегенбиз. Тилекке каршы ушул мыкты идеяны ишке ашырбадык, эркибиз жетпеди. Үйдөгүлөрдүн көӊүлү жок, мен кантип чүкө утайын дегендей, өзүбүздүн шалаакылык, мажирөөлүк жана акыл тайыздыгыбыздын айынан улам келген ырыскыны качырып, улам бир пайда болгон мүмкүнчүлүктү четке кагып, бир мамлекет эле эмес нефть менен газдан бир өлкөнүн бир фирмасына көз каранды болгудай абалга жакындадык.

Эми да кеч эмес. Макалабыздын бшында ар бир окуя сыноо гана эмес, проблеманы чечүүгө шанс да болуп эсептелет. Албетте, эгер изденсек, акыл калчасак. Жер тепкилеп, мүӊкүрөп отура бергенден пайда чыкпайт. Акылман Токтогул айткандай, өзүӊ оокат кылбасаӊ, өлдүм десеӊ ким берет.

Дээрлик отуз жыл бою Кыргызстанга нефть, газ сыяктуу байлыктар кудай кур жалак калтырыптыр деп оозубузду куу чөп менен аарчып келдик. Нефть менен газ тургай, курулушка шагылы жок Сингапур, Малайзия, бак-дарак, жер-жемиш өстүргөнгө кара топурагы чөлдөгү Израиль сыяктуу ургаалдуу өнүккөн мамлекеттердин эли эбак ачкачылыктан жер кезип кетпейт беле.

Дээрлик отуз жыл бою кичинекей, алсыз өлкөбүз ("Мы маленькая страна") деген дагы бир шылтоону бетке кармандык. Биздей тоолуу, эли аз (Швейцария) өлкөлөрдү мындай коелу, бир көчөдөн, бир шаардан турган мамлекеттер дүйнөлүк саясатта таасирдүү роль ойноп, эли бакубат жашап жатат го (Монако, Лихтенштейн ж.б. у.с. ондогон өлкөлөр). Колдон келбесе шылтоо издейт адам. Эми "туӊгуюктагы өлкөбүз" ("Мы тупиковая страна") деген дагы бир жаӊы идеологиялык шылтоону бир нече жылдан бери айта баштадык.

Деӊиз менен мухитке чыкпаган өлкөлөр транспорттук кыйынчылыкта өмүр кечирээри анык. Бирок ошол ички континенталдык 44 өлкөнүн баары тукулжурап калбаганы да анык. Мисалы алардын ичинен Австрия, Венгрия, Лихтенштейн, Люксембург, Македония, Сан-Марино, Сербия, Словакия, Чехия, Швейцария сыяктуулары экономикасы кубаттуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Какыраган чөл менен тоодон турган, мармар таштан башка кен байлыктан дайын жок, деӊизди билбеген, калкынын саны 70 миӊ, 468 км2 аянтынын 2% гана айдоого жарактуу Андорра княздыгы ички дүӊ продуктусу 3.249 млрд долларды түзөт.

Бул азыркы учурда. Тарыхый мисалдар да арбын. Кезегинде Наполеон Бонапарт бир нече жыл кубаттуу деӊиз державасы Англияны континенталдык блокадага алып, алы жеткен эмес. Маанайы түшүп, шылкыйып калмак тургай Англия ушул блокададан эки эсе кубаттанып, европалык ири мамлекеттер менен орус империясын Наполеонго каршы бириктире алган.

Демек тышкы мамилелерибизде жаӊы багыттарды издөөгө, ички саясатта да, тышкы алакада да идеологемабыз менен стратамегабызды өзгөртүүгө тийишпиз. Элдин рухун көтөргөн, эркин чыӊдаган, башын бириктирген, көӊүлүнө ой, көкүрөгүнө дем берген идеолемаларды сунуштоого тийишпиз. Изденели, тереӊ ойлонолу, катуу аракеттенели, жапырт иш кылалы. Башка жол - артка жол.

Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт.