"Кара тизмеден" чыгыш үчүн Кыргызстан АКШ менен тыгыз мамилеге даярбы?

Сүрөттүн булагы, official
"Биометриялык паспорттор дагы киргизиле элек 80ден ашык өлкөнүн ичинен, тандалып бир нече мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга карата гана чектөөлөр киргизилгендигине кыргыз тарабы таң калуусун билдирди. Бул Кыргыз Республикасында ийгиликтүү өнүгүп жаткан парламенттик демократияны, сөз эркиндигин өнөктөш катары колдоо түшүнүгүнө туура келбейт",-деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.
Жолугушуу убагында Кыргызстан эл аралык коопсуздукту чыңдоо боюнча процесстерге активдүү катышып, ошондой эле терроризм менен күрөшүүгө өзүнүн өзгөчө салымын кошуп келгендигин жана кошуп жаткандыгын Ч.Айдарбеков баса белгиледи.
Натыйжада тараптар "бул багытта тыгыз өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана түзүлгөн абалды чечүүнүн жолдорун издөө" жөнүндө бүтүмгө келишти.
Бул эки тараптуу жолугушуу Ташкентте АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясат мекеме башчыларынын "С5+1" форматындагы кезектеги жыйыны убагында болду. Ал жыйында негизинен региондук соода, чек ара коопсуздугу жана суу-энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү жолдору талкууланды.
АКШнын жаңырган жылдагы Борбордук Азиядагы геосаясий стратегиясы Кыргызстанды визалык басмырлоодон башталып жатканына расмий Бишкек катуу кабатыр болду жана анын эки тараптуу мамилеге зыяны чоң болорун эскертип жатат. Ансыз деле соңку жылдары Бишкек Москвага ыктаган саясатын күчтөндүрүп, АКШ менен алака-катыш кедерине кетип бараткан эле.
АКШнын Борбордук Азиядагы геосаясий мүдөөсү
"С5+1" (Казахстан, Кыргызстан, Тажикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан жана АКШ) көп форматтуу форуму 2015-жылы ноябрда башталган. Форумдун демилгечилери анын максаты Борбордук Азия өлкөлөрү менен АКШнын ортосунда экономика, айлана чөйрөнү коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча кызматташтыкты жана мамилелерди кеңейтүү экенин билдиришкен.

Сүрөттүн булагы, official
Ошол эле убакта көп эксперттер АКШ өзүнүн бул региондогу ролун күчөтүп, Орусия менен Кытайдын геосаясий таасирин азайтууну көздөп жатканын белгилешет.
"Албетте, мунун максаты эмне дегенде ар кандай стратегиялык жүйөөлөр болушу ыктымал. Алардын арасында Борбор Азия мамлекеттерин бириктирип, кайсы бир деңгээлде Орусиянын же Кытайдын таасирин азайтуу деген максаттар жок эмес болсо керек. Мисалы, президент Трамптын улуттук коопсуздук боюнча документин жарыялашты. Анын ичинде Орусия менен Кытайга өнөктөш эмес, атаандаш катары караган сөздөр бар", -дейт саясат таануучу Эмил Жураев.
С5+1 платформасынын келечеги
2015-жылы Обаманын администрациясы түзгөн С5+1 платформасынын алкагында, 2016-жылы Вашингтон шаарында АКШ жана Борбор Азия мамлекеттеринин министрлери жыйын өткөрүп, 15 миллион долларга беш долбоорду ишке ашыруу боюнча келишимге жетишкен.
Бирок Трамп кызматка киришкенден кийин бул платформанын келечеги тууралуу бир топ суроолор пайда болгон. Эң башкысы платформа Обаманын долбоору болгондуктан, Трамп аны улантабы же жокпу деген суроо эле.
"Биз С5+1 плаформасы пайдалуу жана жемиштүү формат деген пикирдебиз. Ооба, бул долбоорду мурдагы администрация баштаган. Бирок аны Трамптын администрациясы жактырып, колдоп, ишти улантууну көздөйт. Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Нью-Йорк шаарында С5+1 плаформанын алкагында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жолугушту. Кийин С5+1 плаформасынын жыйыны Борбор Азияда өтсүн деген сунушту колдоду. Андан тышкары Конгресс дагы бул долбоорду колдоп, 15 миллион доллар бөлүндү", -деген 2018-жылы Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс.
АКШ-Кыргызстан алакасы
Кыргызстан АКШнын Бишкектеги аскер базасын жаап, 2015-жылы мамлекеттик департамент укук коргоочу Аскаровго "адам укуктарын сактоого кошкон салымы" үчүн сыйлык бергенден кийин, кыргыз бийлиги АКШ менен кызматташтык келишимди токтоткон болчу.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO/AFP/GETTY IMAGES
Жаңы жылдын башында АКШ Кыргызстанды визалык чектөө салынган өлкөлөрдүн тизмесине кошту. Бишкек бул чечимге кабатыр болбой койгон жок жана анын эки тараптуу мамилеге сезилерлик зыяны тиерин эскертти.
Ошол эле убакта кыргыз бийлиги барган сайын Москвага ыктаган саясат жүргүзүп жатканы белгилүү. Мындай шартта АКШнын Кыргызстандагы геосаясий кызыкчылыгы жана пландары жөнүндө ар кандай жоромол пикирлер айтылууда.
"Менин оюмча Борбордук Азиядагы биринчи жана жалгыз парламенттик өлкө, сөз эркиндиги, көп партиялуулук бар деген Кыргызстандын "демократиялык" имиджи .. жана биздин башка жетишкендиктер Трамп үчүн болбогон иш болуп калды. Аларга күчтүү партнер керек, өлкөдө бекем тартип орноткон, өзгөчө паспорт чөйрөсүндө, түшүнүктүү, акыйкат жана жоопкерчиликтүү бийлик керек. Демократия оюндары, шоона эшпеген эрежелер жана жоопкерчилиги чабал бийлик керек болбой калды",-деп жазды "Фейсбуктагы" баракчасына аналитик Алмаз Акматалиев.
АКШ өз кезегинде Кыргызстандын коопсуз жана демократиялык мамлекет болушун каалай турганын билдирип келатат.
"26 жылдын ичинде АКШнын өкмөтү Кыргызстанга эки миллиард долларга тете инвестициялык жардам көрсөттү. АКШ Кыргызстандын ийгиликтүү, туруктуу, коопсуз жана демократиялык мамлекет болушун каалайт. АКШ сый-урмат мамиленин негизинде Кыргызстан менен кызматташтыкты уланта берет. Албетте, пикир келишпестиктер болду. Мындай нерсе бардык мамлекеттерде болот. Бирок биз мамилебизди жакшыртууга умтула беребиз. Кыргызстан менен АКШнын туруктуулук, коопсуздук жана бакубаттуулук боюнча кызыкчылыктары бир. Кыргызстанды Борбор Азиядагы келечеги кең мамлекет катары көрөбүз. Жаңы администрация дагы тарыхый тыгыз мамилебизди улантат. Кыргызстан тынч президенттик шайлоо өткөрүп, региондогу башка мамлекеттерден айырмаланды. Биз келечекте президент Жээнбеков менен дагы тыгыз иштейбиз деп ойлойм", -деген элчи Элис Уэллс. (КС)







