Каталония лидерлери узак мөөнөткө эркинен ажыратылды

Сүрөттүн булагы, Reuters
Испаниянын Жогорку Соту каталондук лидерлерди тогуз жылдан он үч жылга чейин эркинен ажыратты.
Каталониянын мурдакы вице-президенти Ориол Жункерас 13 жылга соттолду. Эркинен ажыратылган 12 саясатчы жана активист өздөрүнө тагылган айыптарды четке кагууда.
Каталониянын өкмөтүнүн башчысы Ким Торра Жогорку Соттун өкүмүн айыптап, аны саясий сот деп атады.
"Каталониянын өкмөтү жана мен өзүм бул сот чечимдерин четке кагабыз. Алар адилет эмес жана демократияга жатпайт".
Ким Торра Испаниянын королу Филипп төртүнчүгө жана Испаниянын өкмөт башчысы Педро Санческе кат жолдоп алар менен чукул арада жолугушууга аракет кылмакчы.
Соттун чечими жарыялангандан кийин Каталониянын көз карандысыздыгын жактаган жүздөгөн кишилер Барселона көчөлөрүндө "Саясий туткундарды бошоткула!" деген чакырыктар менен жүрүш өткөрүштү.
Башында айыптоочулар Ориол Жункерасты 25 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн. Ал Каталониянын көз карандысыздыгын талап кылган кыймылдын лидери.
Жункераска баары бир оор жаза берилди. Ага төңкөрүш уюштурган, мамлекеттик каражатты максатсыз пайдаланган деген айыптар тагылды.

Сүрөттүн булагы, Getty/GABRIEL BOUYS
Төңкөрүш уюштурган деп айыпталган тогуз киши акталды. Төрт айга созулган соттук териштирүүдөн кийин гана сот өкүмү чыкты. Буга чейин адвокаттар аларды мамлекеттик кызматтан четтетүү аркылуу жазалоону соттон өтүнүшкөн.

Сүрөттүн булагы, AFP/Getty Images
2017-жылы Каталониянын көз карандысыздыгын талап кылган кыймыл референдум өткөргөн. Испаниянын Конституциялык соту референдумду мыйзамсыз деп тапкан.
Референдумдун өтүшүн мыйзамсыз санаган испан өкмөтү добуш берүүнүн жүрүшүнө тоскоолдуктарды жараткан. Полиция менен кагылышуу болгон. Шайлоочулардын жарымына чукулу гана катышканына карабастан, референдум өттү деп саналып, уюштуруучулар 90% шайлоочу көз карандысыздык үчүн добуш берди деп жарыялашкан.
Каталонияга испан өкмөтү түз башкаруу киргизгенден кийин каталондук төрт саясатчы Бельгияга качып кетти. Испания аларды козголоң уюштурган деп айыптаган эле. (AbA)












