Алабамада рецидивист түрмөдөн күзөтчү кыз менен бирге качып кетти. Бийлик аларды тапкандарга 10 миң доллар берет

Качып кеткен камактагы Кейси Уайт жана аны менен кошо жоголгон күзөтчү Вики Уайт. Алардын фамилиялары окшош, бирок ортосунда эч кандай туугандык байланыш жок

Сүрөттүн булагы, LAUDERDALE COUNTY SHERIFF'S OFFICE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Качып кеткен камактагы Кейси Уайт жана аны менен кошо жоголгон күзөтчү Вики Уайт. Алардын фамилиялары окшош, бирок ортосунда эч кандай туугандык байланыш жок

Алабама штатында 38 жаштагы рецидивист Кейси Уайт түрмөдөн качып кетти, ал эми өлүм жазасына тартылышы мүмкүн. Ошол эле учурда түрмө кызматкери Вики Уайт дайынсыз жоголгон. Бийлик кылмышкер кароолчуну барымтага алышы мүмкүн экенин жокко чыгарбайт, бирок ал Уайтка өз каалоосу менен деле жардам бериши мүмкүн.

Алар өткөн жума күнү эртең менен качышкан. 56 жаштагы Вики Уайт рецидивистти түрмөдөн өзү алып чыккан. Ал башчысына психиатрдан кеңеш алуу үчүн сотко кетип жатканын айткан. Кийинчерээк белгилүү болгондой, ал күнү эч кандай консультация белгиленген эмес, ал эми Уайт өзү протоколго ылайык иш кылган эмес – эрежеге ылайык, түрмөнүн сыртында коркунучтуу кылмышкерди эки кароолчу коштоп жүрүшү керек.

Уайт кесиптештерине кылмышкерди сотко калтырып, өзү дарыгерге бара турганын айткан, анткени ал өзүн жаман сезип жаткан эле. Кийинчерээк ал күнү дарыгерге көрүнбөгөнү белгилүү болду. Кейси Уайтты алып бара турчу соттук психиатрдын пландалган экспертизасы да болбоптур.

Эми кылмышкер куралдуу болушу мүмкүн: Вики Уайт жумушта тогуз миллиметрлик тапанчаны алып жүргөн. АКШнын Маршал кызматы билдирүүсүндө, Уайт коомчулук жана түзөтүү офицери үчүн олуттуу коркунуч туудурат деп билдирди.

Кызмат анын кармалышы жана Вики Уайттын жайгашкан жери тууралуу маалымат үчүн 10 000 доллар сунуштайт.

“Үлгүлүү кызматкер”

Викки Уайт Алабамадагы жаза аткаруу башкармалыгында 25 жыл иштеген жана Лодердейл округунун Жаза аткаруу департаментинин директорунун орун басары болуп саналат. Анын жумушуна камактагыларды сотко жеткирүү кирет. Анын позициясы бардык камактагыларга эркин кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Күзөтчү менен кылмышкер жума күнү таңкы саат 9:00 чамасында абактан чыгып кетишкен жана саат 11:00 чамасында анын бош патрулдук унаасы соода борборунун унаа токтотуучу жайынан табылган.

Уайтка чалууга аракет кылышты, бирок телефону өчүк болду. Ошентип ал доктурга да барган жок.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ишемби күнү полиция Уайттын унаасы табылган жердеги видеокадрларды карап чыкты, бирок алгылыктуу эч нерсе табылган жок деди Лодердейл округунун шерифи Рик Синглтон маалымат жыйынында.

«Бул бөлүмдүн бардык кызматкерлери анын жоголушуна жана жалпысынан болуп өткөн окуяга таң калып жатышат деп гана айта алам», - деди ал маалымат жыйынында.

Синглтон Викки Уайтты салмактуу далилдерсиз кылмышкердин качып кетишине шериктеш болгон деп айыптай албай турганын баса белгиледи. Вики Уайт, анын айтымында, түрмөнүн "үлгүлүү кызматкери" болгон жана бир нече жолу жылдын мыкты кызматкери наамын алган.

“Аны бардык кызматкерлер, соттор абдан сыйлашчу”,-деди шериф Синглтон.

"Ал качууга жардам бергенби? Бул албетте жокко чыгарылбайт. Биз муну тергөөдөгү версиялардын бири деп эсептейбиз. Балким ал сотко баратканда уурдалып кеткендир? Анын эркине каршы кармалганбы? Бул албетте башка версия", - деди ал.

"Качкынды билип туруп, кандай болбосун, ал коркунучта деп айта алабыз", - деп кошумчалады шериф.

Кейси Уайттын түрмөдөгү акыркы сүрөттөрү жекшемби күнү чыккан

Сүрөттүн булагы, LAUDERDALE COUNTY SHERIFF'S OFFICE

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кейси Уайттын түрмөдөгү акыркы сүрөттөрү жекшемби күнү чыккан

Кейси Уайт деген ким?

Уайт 2015-жылы 58 жаштагы Конни Ридгвэйди Роджерсвиллдеги үйүндө өлтүргөн деп айыпталып жаткан. Узак убакыт бою бийлик ага бул айыптарды так берүүнү каалашкан жок, анткени бул штаттын мыйзамдарына ылайык, өлүм жазасына алып келет, бирок 2020-жылы коомчулук өлтүрүлгөн Ридгвэй үчүн адилеттүүлүктү талап кылгандан кийин акыры айып так коюлган.

Уайт киши өлтүргөнүн мойнуна алып, полицияга бул үчүн акча алганын айткан. Лодердейл округундагы түрмөдө ал сотту күтүп жаткан.

Шериф Синглтондун айтымында, Уайт мурда барымтага алуу менен түрмөдөн качууну пландаган, бирок 2020-жылы анын планы ачыкка чыгып, ал качуу аракетин жасаганга үлгүрбөй калган. (MD)