Түрмөдөгү кыйноолордун видеосу: Сергей Савельевге издөө жарыяланды

Gulagu.net укук коргоо уюмуна Орусиянын колонияларындагы кыйноолор тартылган видео архивди өткөрүп берген Сергей Савельевге издөө салынганын Орусиянын ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалымат базасы ырастайт. Учурда Савельев Францияда. Аталган өлкөдөн ал саясий баш паанек сураган.
Орусиянын ИИМинин сайтындагы “карточкада” ага кылмыш кодексиндеги берене боюнча издөө жарыяланганы көрсөтүлгөн. Кандай айып тагылып жатканы такталган эмес.
“Кыйноо конвейерин ачыкка чыгарган адамга рахмат айтып, ыраазычылык билдиргендин ордуна издөө салып, камоого жана Орусияга кандай жол менен болсо да алып келүүгө аракет кылуу. Орусиянын күч түзүмдөрү өздөрүнүн айыбын өздөрү ачып, адамгерчиликке жана адамзатка каршы кылмыштар жөнүндө дүйнөнүн кабардар болушуна жардам берген адамдын оозун жабууга аракет кылып жатышат”, - деп айтылат Gulagu.net Telegram каналында.
Октябрдын башында Gulagu.net абактагыларга карата кыйноолор жана сексуалдык зомбулук тартылган видеолорду чыгарган эле.
Аталган долбоордун жетекчиси Владимир Осечкин “Москва жаңырыгы” (Эхо Москвы) радиосунун эфиринде билдиргендей, уюм миңден ашуун видео файлды алып, Орусиядан чыгарып кеткен. Осечкиндин айтымында, ал видеолор Орусиянын Иркутск, Саратов жана Владимир облустарындагы колония, СИЗОлордогу системалык кыйноолордун мүнөзүн далилдейт.
Андан кийин Орусиянын тергөө комитети Саратов облусундагы кургак учук ооруканасында камалгандарды кыйноо жана сексуалдык зомбулук фактылары боюнча жети кылмыш иши козголгонун билдирди. Алар сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттери, ыйгарым укуктарын аша чабуу менен кыйноо беренелери боюнча козголгон.
Ал видеолорду Савельев өзү камалган түрмөдө үч жыл бою топтоп жүргөн жана жаза аткаруу боюнча федералдык кызматтын (ЖАФК) өкүлдөрүнүн видеорегистраторлоруна жеткилиги болгон.
“Өчүрүшүм керек болгон нерсени көчүрүп алгам”
Савельев видео файлдарды өзү камакта жүргөндө алганын жана администрациянын өтүнүчү боюнча видеолор менен иштеши керек болгонун айтат. “Өчүрүшүм керек болгон нерсени көчүрүп алгам”, - деди ал Би-Би-Сиге берген интервьюсунда.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Осечкиндин белгилешинче, Савельев 2013-жылы ири көлөмдөгү баңгизатты алгандан кийин темир тор артына түшүп калган. Gulagu.net долбоорунун жетекчисинин айтымында, Савельев келген жүктү ачкан да эмес. Осечкиндин оюнча, күч органдары кылмыштын бетин ачуу көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн аны колдонушкан.
Савельев Би-Би-Сиге берген интервьюсунда өзү да мыкаачылык менен мамилеге туш болгонун жана бул ага абакта болуп жаткандар тартылган видеолорду ашкерелөөгө түрткү болгонун айткан. Камалгандарды кыйноого алуунун себебин ал төмөнкүдөй сүрөттөгөн эле: “Бул эркти басмырлоочу система, бул опузалоо системасы, бул талап-тоноо системасы”.
Gulagu.net долбоорунун жетекчисинин айтымында, Орусиянын күч органдары Савельевдин сыртка маалымат бергенин аныкташып, аны 24-сентябрда Пулково аэропортунда кыйноолор тартылган видеолорду өткөрүп берүү боюнча бир нече саат суракка алышкан. Санкт-Петербург аэропортунда Савельев Орусиянын башка шаарына учуу үчүн болгон.
Сурактан кийин Савельев Орусиянын аймагынан чыгып, көп өтпөй Францияга кеткен.
Gulagu.net Орусиянын аймагында ушул жылдын май айында өз ишин токтоткон. Роскомнадзор аталган сайтты орусиялыктар үчүн 30-июлда бөгөттөп койгон. Осечкиндин билдиришинче, сайтты бөгөттөө үчүн ЖАФК бир нече жыл ааркет кылып келген.
Аталган долбоор 2011-жылы түзүлүп, Орусиянын абактарындагы кыйноолор жана коррупция жөнүндө баяндап келет. Сайтта жакындары СИЗОдо жана колонияларда зомбулукка туш болгонун айткан адамдардын көрсөтмөлөрү чыгарылган. (EA)












