Абактан күткөн мунапыс

абак жай

Сүрөттүн булагы, OFFICIAL

Кыргызстандын абактарында жазасын өтөп жаткан дагы 975 адамга мунапыс берилди. Буга чейин президент Садыр Жапаров 230 адамга ырайым кылып, абактан бошоткон.

Ал арада Жогорку Кеңеште президенттин соттолгон жарандарга ырайым берүү укугун кеңейткен жаңы мыйзам демилгеленди.

Чынара Бишкектен сегиз чакырым алыстыкта жайгашкан Степное кыштагындагы аялдар түрмөсүндө жазасын өтөп жаткандардын бири.

"104-берене менен сегиз жылга кесилгем. Бул абакта отурган бардык эле аялдар эркиндикке чыксак дешет. Мен элүүдөмүн, кары адамдарга бул жер аябай эле оор болот экен. Амнистия чыкса деле ал баарына тийиштүү болбойт экен. Ошондуктан бул жакта көпкө отуруп калгандары да бар экен".

Видеонун түшүндүрмөсү, 8-март. Абактагы аялдар

Учурда Кыргызстандын абактарында сегиз миң алты жүздөй киши жазасын өтөөдө. Алар тергөө, жатак жана түзөтүү абактарына бөлүштүрүлгөн.

Кылмыш кодексинин 93-беренесине ылайык, абактагыларга ырайымды жалгыз президент гана бере алат. Мунапыс алгысы келген жарандар бул тууралуу атайын арыз менен президентке караштуу Ырайым кылуу катчылыгына кайрылышы керек. Былтыр аталган катчылыкка беш жүздөй арыз түшүп, ноябрда 230 адам мунапыс алган.

"Негизи мен 230 киши аз деп эсептейм. Анткени мен отурган абакта бир миңдей адам жаза өтөп жатса, алардын жарымы күнөөсүз же майда кылмыштар үчүн отурган фактылар бар эле. Атайын комиссия барын тыкыр иликтеп көрүп, мунапыс же ырайым берүү жолу менен чыгарышыбыз керек", -деген эле буга чейин президент Садыр Жапаров.

Президент

Сүрөттүн булагы, Official

Жапаров майда кылмыш кылгандар "элдин эсебинен багылбай, ишке кирип салык төлөшү керектигин" кошумчалаган. Ошондой эле ырайым алгандардын арасында саясатчылар жок, жалаң карапайым адамдар экенин айткан.

Бирок анда ырайым кимге берилгени тууралуу маалымат ачыкталбай, ал адамдардын тизмесин жарыялоо талабы да коюлган эле. Бул жолу дагы мунапыс алган жарандардын тизмесин жарыялоо маселеси көтөрүлдү.

"Түрмөдө отургандардын саны азайып жатканы жакшы. Бирок алар Манделла принциптерине ылайык ырайым алып атабы деген тынчсыздануу бар. Түрмөдөгү карыялар, ден соолугу аябай начарлар чыгышы керек. Амнистия жакшы эле болуп атат, чыккан адамдардын арасында аялдар дагы бар. Өспүрүм балдар да Манделла принципи менен ырайым алышы керек", -деди укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова.

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу

Сүрөттүн булагы, Kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу

Шаршембиде Жогорку Кеңешке депутат Гулшат Асылбаева баштаган депутаттар тобу ырайым берүүдө президенттин ыйгарым укуктарын кеңейткен жаңы мыйзам концепциясын сунушташты. Ага ылайык, абактагы жарандар чектөөсү жок, улам-улам ырайым суроо өтүнүчү менен кайрыла алышат.

Аракеттеги мыйзамдар боюнча соттолгон жаран жаза өтөө мөөнөтүнүн жарымын өтөбөй туруп, экинчи ирээт андай өтүнүч менен кайрыла албайт. Ошондой эле башка өлкөлөрдө соттолуп, бирок жазасын Кыргызстанда өтөп жаткан жарандар мурда өлкөнүн президентине кайрылып ырайым суроого укугу жок эле. Жаңы документ менен ага жол ачылганы жатат. (EKa)