Көк-бөрү: Достук ─ Ынтымак жарым финалда. Кимиси жеңет?

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк-бөрү боюнча Дүйнө чемпионаты жарым финалдык баскычка жетти. Уюштуруучулар бул этапта келген коноктордун маанайына карап, оюндардын графигин өзгөртүүгө аргасыз болушту. Натыйжада финалда кездешет деп күтүп жаткан Достук – Ынтымак оюну, жарым финалда беттешип, жеңүүчүсү гана финалга чыга турган болду. Эмесе көк-бөрү күндөлүгүнөн кенен баяндайлы.

Биринчи лиганын финалисттери аныкталды
Жогорку лигага салыштырмалуу Биринчи лиганын оюндары өз графиги менен баратат. Финалдык жолдомону Красноярск менен Өзбекстан талашууга киришти. Оюн алдында өзбек туугандар финалга жеңил эле чыгат турбайбы деп тургандар көп эле. Бирок оюн учурунда көрөрмандар буга чейин алдынан чыкканын ала салдырып келаткан өзбектерди көрө албай койду. Алардын аттарына эмне болгон ким билсин, оор жүгүрүп, демиккени аз келгенсип, балдарында да шай жоктой сезилди. Ошентсе да күтүлгөндү актап, Өзбекстан биринчи болуп эсепти ачты. Бул салым Красноярскты тескерисинче ойготуп салгандай эле болду, андан кийин Красноярсктын арааны ачылды окшойт чиркин.
Экинчи таймда Орусиядан келген команда, алдыны көздөй жутунуп жатып, үч улак салып, көпчүлүктү таң калтырды. Көргөн эл көзүнө ишене албай, Өзбекстан утулуп жатабы деп суроолорду жаадыра баштаганча, Красноярск дагы бир улак таштап, оюнду 4:1 менен аяктап салса болобу. Мына сага, ким билиптир мындайды, турнирди утабыз деп келген Өзбекстан жарым финалдан утулуп эми, үчүнчү орунду алып кетүүгө гана мүмкүнчүлүгү калды.
Жаштык – Алтай бир тараптуу чабуул

Экинчи финалист болуп Кыргызстандын атынан чыгып жаткан Жаштык командасы болду. Алар жарым финалда Алтайды кенебей койду. Үч таймдын жыйынтыгында кыргыз командасы атаандашына 10 улак көмөлөтүп жиберди. Андайга алтайлыктар болгону 4 жолу жооп берип, жалпы эсеп 10:4 менен аяктады.
Жаштык тууралуу буга чейинки күндөлүгүбүздө айтып келе жаткандай, бул команда финалда деле Красноярск менен эсептешпестен Дүйнө чемпионатын жеңип кеткенге жакын болуп турат. Эми бул спорт эмеспи, финалда эмне болуп кетет ким билсин, айтор бул Жаштык менен Красноярсктын финалдык оюнун да кезеги келгенде кенен жазаарбыз.
Жогорку лига саясатка баттыбы?

Сүрөттүн булагы, Көк бөрү федерациясы
Чатактын баардыгы Жогорку лиганын алкагындагы оюндарда болуп жатпайбы. Бул жерде казактын төрт командасынын маанайына жараша оюндар болуп жатат окшойт. Айтор Кыргызстандын Көк-бөрү федерациясы ары карап өкүнүп, бери карап жылмайып, мейманга катуу сүйлөй албай, болгон күчүн жергиликтүү клубдардан чыгарып жаткандай.
Оюндар жарым финалдык баскычтарга жеткенине карабай, турнирдеги төрт казак жана төрт кыргыз клубу алигиче бири-бирине каршы чыга элек. Жарым финалда Достук менен Астана, Ынтымак менен Түркистан командалары беттешиши керек эле. Бирок, казак тараптын өтүнүчү менен кыргыздар дагы деле болсо бири-бири менен кырчылдаша турган болду.
Жашырганда эмне, бул чечим Кыргызстандын көк-бөрү федерациясы үчүн да оор болду. График боюнча кыргыз-казак ойнош керек деп тургандыктан, Достук менен Ынтымактын өкүлдөрү мындай шартка дароо макул болгон жок. Эки тарапты бир отургузуп, ымалага келтирүү жеңил-желпи иш болгон жок. Буга негизги аргумент Дүйнө чемпионатынын финалында бир кыргыз, бир казак беттешсин деген аргумент гана болду. Себеби жарым финалда бетме-бет кыргыз-казакты ойнотсо, финалда кайрадан эле кыргыздар ойной турганы анык болуп калды. Анткени кошуна Казакстандан келген клубдардын деңгээли биздин Жогорку лигадагы клубдардан алда канча төмөн турганын айтып келе жатабыз го.
Достук үч ай мурун “9-май” кубогунда Ынтымакты 4:1 эсеби менен утуп алган, ал эми Нооруз кубогунда Ынтымак Достукту 5:1 эсебинде жеңген. Учурда эки команданын тең аттары мыкты даярдыкта турат жана бул оюндун жеңүүчүсү 2023-жылы Достук күчтүүбү же Ынтымак күчтүүбү деген суроого чекит коймокчу.
Эмесе, Достук жана Ынтыкмак командаларынын оюну 18-августта кечки саат 16:00дө башталат. Бул оюндун жыйынтыгын убакыт сааты келгенде кененирээк айтып беребиз. Ага чейин өзүңүздүн жоромолуңузду комментарийге жаза бериңиз.
Аттокур Камбаров, ат оюндары дегенде аттап-буттап жеткен жылкы сүйүүчүнүн биримин.
Автордун пикири Би-Би-Синин көз карашын чагылдырбайт, жазуу стили сакталды.








