Кытай "Теслага" атаандашабы? Технология жаңылыктары

Сүйлөп койсоңуз эле болду...

Кытайлык компания "Теслага" атаандашкысы келет. Бул унаа үн менен башкарылат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кытайлык компания "Теслага" атаандашкысы келет. Бул унаа үн менен башкарылат

Кытайдын Baidu деп аталган интернет компаниясы, 99 пайыз үн менен башкарылчу алгачкы "робот" унаасын көрсөттү. Ал өз алдынча жүрүүчү каражат менен жабдылып, ичинде радарларга окшогон лидар деген аныктоочу түзүмдөрү жана 12 камера орнотулган. Baidu компаниясы дүйнөдө Tesla компаниясынын электр унаалары менен атаандашууну көздөп турат.

Атактуу Apple эмнеге каршы чыкты?

Бир кабель менен баарын кубаттагысы келет...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир кабель менен баарын кубаттагысы келет...

Жакында европалыктар чөнтөк телефонун кубаттоодо керектүү кабел издеп убара тартпай калышы мүмкүн. Анткени Евробиримдик, алдыдагы эки жылдын ичинде кол телефондор жана планшеттер сыяктуу жаңы каражаттардын зарядниги бирдей болушу керектигин билдирди. Apple компаниясы мындай сунушка каршылыгын билдирип, бирдей кубаттоочу кабелдер болсун деген катуу чектөөлөр боло берсе, жаңы нерселерди ойлоп табуу токтоп каларын айтты.

Кайрадан Apple...

Мунусу кызык экен...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мунусу кызык экен...

Apple компаниясы өзүнүн жаңы оперативдик түзүмүн презентация кылды. iOS 16 түзүмүнүн колдонуучулары Apple Pay тиркемесинин жардамында дүкөндөрдө сатып алган товарларын бөлүп төлөй алышат жана экранды кулпулоого көбүрөөк тандоо берилет. Булар - компаниянын бир аптага созулган конференциясы учурунда жарыяланган функциялар жана продукциялар топтомунун бир бөлүгү болду.

Бул технология мурун эле болгондо...

Далай китти сактап калса болгудай...
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Далай китти сактап калса болгудай...

Соңунда киттерди коргоочу укмуш технология тууралуу айта кетели. Суунун бетинде туруучу мындай каражаттар үн жаздыруучу аппараттар менен жабдылгандыктан, алар киттердин добушун угуп, жакын аралыктагы кемелерге киттер бар экенин эскертип турат. Анткени көптөгөн киттер кемелер менен кагышып өлөт.

Би-Би-Синин жаңылыктарынан артта калбаш үчүн биздин социалдык баракчаларыбызга жазылыңыз: