Европадагы газ кризиси: Орусия энергияны курал катары колдонуп жатабы?

Газ

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Европа боюнча газдын баасы өсүп, көптөгөн тургундардын газ дүмүрчөктөрү асмандап жаткан чакта, Орусия энергияны саясий курал катары колдонулушун четке какты.

Европаны жаратылыш газы менен эң ири өлчөмдө камсыздагандардын бири Орусия энергиянын запасын атайылап бербей кармап туруу боюнча айыпталып келет.

Президент Владимир Путиндин айтымында, мындай билдирүүлөр “толугу менен болбогон сөздөр… жана саясий мотивдеги келжирек”.

Европа Комиссиясы мүчө өлкөлөр өсүп жаткан баалар менен күрөшүү үчүн кандай чара көрсө болорун белгилеген.

Газдын дүң баасы январь айынан бери 250% өсүп, керектөөчүлөр менен бизнеске баанын болуп көрбөгөндөй жогорулашына алып келген.

Энергиянын наркы ар кандай себептерден улам рекорддук баага чыккан. Covid-19 пандемиясынан кийин экономика кайра бутка тура баштаган чакта жаратылыш газына болгон талап да өсүп кеткени белгилүү.

Путин: “Эч кандай баш тартуу жок”

Шаршемби күнү Москвадагы энергия форумунда сүйлөгөн Путин Европадагы азыркы кризисти күнөөлөп, суук болгон кыш мезгилинен кийин европалыктар кампаларына жетиштүү өлчөмдө газ толтуруп албаганын билдирди.

Путин Орусиянын газ алпы “Газпром” күчүндө турган келишимдерге ылайык Европага газды максималдуу түрдө жеткирип жатканына басым жасады. Эгерде сурашса, анда көбүрөөк газ жеткирүүгө даяр экенин билдирди ал.

“Өнөктөштөрүбүз канча сураса, ошону беребиз. Эч кандай баш тартуу жок, эч кандай”, - деди ал.

Владимир Путин

Сүрөттүн булагы, Reuters

Европа Биримдигинин жаңы чараларычы?

Шаршемби күнү Европа Комиссиясынын энергия тармагын жетектеген Кадри Симсон “ЕБнын аткаруу бийлиги ыкчам аракетке өтүү чакырыктарына жооп кылып, энергиянын наркы боюнча нускама иштеп чыгарын” айткан.

Нускамада мүчө өлкөлөр ЕБнын мыйзамдарын бузбай туруп, өз өлкөлөрүндө газдын баасын түшүрүү боюнча кандай кадамдарга барса болору белгиленген. Анда негизинен улуттук өкмөттөр эбак эле колдонуп келаткан чаралар бекитилген, бирок Комиссия дагы эмне кыла аларын каралган.

Симсондун айтымында, кыш жакындап калгандыктан мүчө мамлекеттерге энергиянын өсүп жаткан баасын жеңилдетүү боюнча жакшы мүмкүнчүлүктөр берилди.

Ал аялуу үй-бүлөлөр үчүн ыкчам колдоо программасын, компаниялар үчүн мамлекеттик жардамды жана салыкты максаттуу азайтууну ишке киргизүүгө чакырды.

Ошондой эле, ал мүчө өлкөлөргө мүмкүн болушунча дүмүрчөктөр үчүн төлөөнү убактылуу токтотуп турууну, тармактан үзүлүп калбаш үчүн коопсуздук чараларын сактоону кеңеш берди.

“Дүйнө жүзү боюнча энергиянын баасы өсүп, ЕБ үчүн олуттуу маселе болууда”, - деди Симсон. “Пандемиядан эми баш көтөрүп, экономикабыз калыбына келе баштаганда аялуу керектөөчүлөрдү коргоо жана Европанын компанияларын колдоо маанилүү”.

Симсондун айтымында, аталган чаралар менен катар Комиссия ЕБ өлкөлөрүнүн биргелешип жаратылыш газын сатып алуунун ыктымал пайдалары жөнүндө да изилдеп көрмөкчү.

Анын айтымында, мамлекеттер стратегиялык резерв түзүү үчүн биргелешип газ сатып алса болмок. Бирок, Covid вакцинасын сатып алуу схемасындай эле, мында да ар ким кааласа, ага катышса болот.

Бул идея Испания сыяктуу ЕБнын көбүрөөк кийлигишүүсүн каалаган өлкөлөр тарабынан сунушталган.

Мүчө мамлекеттердин баарына блоктун климаттык максаттарына жетүү үчүн жашыл энергияга инвестициялоого ЕБнын €750 млрд өлчөмүндөгү Covid-19 бутка туруу фондунан каражат колдонуу айтылган.

“Биз климаттык саясатыбыздан улам баанын кескин өсүүсүнө туш болуп жаткан жокпуз”, - дейт Симсон. “Казылып алынган отундун баасы өсүүдө. Биз жашыл экономикага өтүүнү кечеңдетпей, тездетишибиз зарыл”. (EA)