Борборду эски унаадан коргой турган “Бишкек чеби” демилгеси ишке ашабы?

Кочкордогу таксилер, 2009-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кочкордогу таксилер, 2009-жыл

Кыргызстандын бийлиги эски унаалардын кыймылына чек кою жолу менен борбор калааны каптаган кара түтүндү азайтууну көздөп жатат.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров сонку чоң жыйындардын биринде Бишкектин мэрин тургузуп алып, автоунаалдарын саны боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Эми Бишкек мэриясы ИИМ жана Транспорт министрлиги менен бирге, эки аптадан кечикпей бишкектиктердин канча унаасы бар экенин эсептеп чыгышы керек болуп калды.

"Кышында Бишкектеги ыштын көрсөткүчү жогору жерлерде катализатору бар унаалар гана жүрүшү керек. Ушу кезге чейин 1,5 миллион машине сатып алсак, анын 1,2 миллиону 15 жыл же андан мурда чыккандар. Бүт эски машинелерди чогултуп, алардын катализаторун 300-500 доллардан сатып жиберишип, баары Бишкекте жүрүшөт", - деди өкмөт башчы.

Катализатор өзүнчө бир баш оорууга айланды. Аны кийинки материада кеп кылабыз. Жапаров эски унааларга чек кою жолу менен ыштан арылуунун планын да учкай айтып өттү.

Ага ылайык, кийинки кыштан баштап башка аймактардан келген унаалар үчүн шаардын кире бериш жерлерине атайын "тузактар" коюлат. Жарандар унаа токтотуучу жайларга машинелерин калтырып коюшуп, автобуска түшүп алып, шаарды карай сапарын улайт. Мындан улам болочокто борборго келчү автобустар аймактагы көп унаадан аябай эле мыкты абалда болот окшойт деп болжогондор бар. Себеби эң эле жөнөкөй маселе жүк менен келгендердин жүгүн жүргүнчүлөргө ыңгайсыздык жаратпагыдай кылып жүктөш керек. Андан соң ошол эле жүктү автобустан автобуска которуп олтурбай көздөгөн жерине жетиш үчүн ыңгайлуу маршрут болушу шарт. Ал кантип ишке ашат дегендер андан көп. Айтор ушундай суроолордон улам шакаба кептер дагы чыга калууда.

Бишкектеги жол тыгыны

Сүрөттүн булагы, kloop

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкектеги жол тыгыны

Сандарга кайрылалы...

Ички иштер министрлигинин Би-Би-Сиге берген маалыматына караганда, Кыргызстанда 1,5 миллиондон ашык автоунаа болсо, анын 390 миңден ашыгы Бишкек шаарында катталган. Ал эми борбор калаага күнүгө канча автоунаа кирип-чыгары тууралуу маалыматты тактоо кыйын экенин айтышты министрликтен.

Бийликтин планы ишке ашабы?

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Жыл сайын суук түшүп, от жагуу мезгили башталары менен Бишкекти ыш каптап, баш калаабыз абасы кир делген шаарлардын алдыңкы тизмесинен түшпөй алты ай турат. Ал тургай кээде тизмени сап башына да чыккан учурлар бар. Бийликтин бул көйгөй менен күрөшүү аркети да кудум эле кыш менен келип, жазында тараган көк түтүнгө окшош. Түтүн күчөгөндө аракет да күчөйт, күн жылымдап, түтүн суюлганда аракеттер да, түрдүү тапшырмалар дагы унутта калгандай элес калтырат.

Адис эмне дейт?

Жол кыймылы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келген адис бийликтин жаңы демилгеси ишке ашпай турганын айтып, себебин төмөнкүчө чечмеледи.

"Эгерде бизде коомдук транспорт альтернатива болуп бере алса анда бул аябай жакшы иштей турган демилге. Бирок биздеги жыртык коомдук транспорт менен бул маселени эч качан чече албайбыз. Эмне үчүн элдин баары машинелерин айдап, коомдук транспортко отурбай жатат? Анткени ыңгайсыз. Эл эрте менен жана кечинде балдарын бала-бакчага жеткирип жана алып кетүүдө тыгылып, жүдөгөнү үчүн жеңил машинелерге отурууга мажбур болууда. Ошондуктан биринчи маселени чечпей туруп экинчисин чечебиз деген өзү акылга сыйбайт. Биз Германиядан арзан баада колдонулуп жүргөн автобустарды алып келүү боюнча сунуш бергенбиз. Биздин сунушка Германия да макул болгон. Бирок шаар бийлиги кулак салган жок. Алар кымбат автобустарды алып келип, маселени чечебиз деп жатышат. Насыяга акча алып, анан кымбат автобустарды сатып алуу өзүн-өзү актабайт. Бул жөн гана популизм", - деди Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин "Технологиялык машина куруу" кафедрасынын доценти Кубатбек Муктарбек уулу.

Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундары үчүн коомдук траснспорт маселеси мына-мына чечилет деп ишендирип келет. Шаар бийлиги былтыр өз бюджеттинен бир миллиард сом бөлүп, Кытайдан газ менен жүрө турган 120 автобус сатып алган. Ушул тапта анын 20сы шаарга келгенин, калгандары жакынкы күндөрү келерин мэриянын маалымат кызматы билдирди. Шаар бийлиги айтылган автобустар толук келгенде чоң салатанат менен жарыялайбыз деп турган чагы.

11-январда Бишкекке 20 жаңы автобус келген

Сүрөттүн булагы, Бишкек шаардык мэриясы

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 11-январда Бишкекке 20 жаңы автобус келген

Мындан башка Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 120 электробус, Европа өнүктүрүү банкынын каржылоосу менен 240 автобус сатып алынары кабарланган. Бирок ал иштер качан аяктарын шаардык мэриянын маалымат кызматы да так айта албай турат.

Экология министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча башкармалыгынын көзөмөлдөө кызматынын башчысы Медетбек Анарбек уулу ыш маселеси менен күрөшүү үчүн бир тармакты карап койбостон, комплекстүү иштер жасалышы керектигин айтат.

“Бишкектин ышка чулганышына жер үйлөрдө жана Бишкек ЖЭБинде жагылган көмүр отундары, синтетикалык каражаттар себепчи. Автоунаалардан чыккан газдардын да салымы бар, бирок бул негизги фактор эмес. Ошентсе да абаны булгаган унааларды аныктоо үчүн рейддерди жүргүзүп, айдоочулардын арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүп турабыз”, - деди эколог.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, булганган аба шаарлардагы калктын саламаттыгынын начаралашынын негизги себептеринин бири. Уюм жылына жер жүзүндө 7 миллиондой киши абанын булганышынан көз жумат деп белгилеген. Саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрү абанын булганышы адамды ооруга дароо чалдыктырбаганы менен анын кесепеттери оор экенин айтып келишет.

Башка өлкөлөр абаны булгаган унаалардан кантип арылууда?

Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын жарымынан көбү шаарларда жашагандыктан, көптөгөн мамлекеттер абаны булгаган автоунаалардан арылуу аракетин көрүп келишет.

Улуу Британия менен Франция 2040-жылга барып күйүүчү май менен жүргөн унааларды колдонуудан чыгарууга аракет кылууда.

Лондондогу велосипеддер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Лондондун борборунда жүргөн унааларга "Зыяндуу зат" төлөмдөрү ишке кирген. Ага ылайык, 2006-жылы чыгарылган унаалар Лондон шаарынын борборуна келсе, 12 фунт төлөйт.

Ал эми Мехикодо унааны жуманын кайсы күндөрү айдап чыгуу жана кайсы күндөрү токтоуу керектиги тууралуу pico y placa планы иштейт.

Брюсселдин бийлиги шаар тургундарына унаасынан баш тартуу үчүн 900 евро сунуш кылган. Жарандар акчаны коомдук транспортко билет же велосипед сатып алууга жумшаса болот.

Калыкынын саны боюнча алдыда турган Кытай мамлекети электр тогу менен жүргөн машинелерди жасоо жана сатып алуу боюнча башка өлкөлөрдөн алда канча алдыда.

Франция баш калаасын велосипеддер үчүн эң ыңгайлуу шаарлардын бирине айлануу үчүн велоинфраструктурасын кеңейтүүгө ири каражат жумшаган.

Сталбек Абдижалил, атайын Би-Би-Си үчүн.