"Аларга акча гана керек". Адам өмүрү менен ойногон аткезчилер

Эндрю Хардинг, Франция, Бельгия, Люксембург жана Улуу Британиядан репортаж
Күн нуру жаркырап төгүлгөн шаардык аянтта аткезчи беймарал басып баратты, артынан аңдуу жүрүп жатканын байкаган жок. Жапалдаш бойлуу, мала жашыл костюм кийген, кең далылуу, 39 жаштагы эркек түштөн кийин мигранттарды кабыл алуу борборунан чыгып жакын жердеги трамвай аялдамасына баратты.
Люксембургдагы аянттан өтүп бараткан учурда биздин команда ага бат эле жетип бардык.
«Сиздин ким экениңизди биз билебиз», — дедим мен.
Бул жолугушуу Би-Би-Си 51 күндөн бери жүргүзүп жаткан изилдөөнүн кульминациялык учуру эле. Франциянын түндүгүндөгү деңизде беш адам, анын ичинде жети жаштагы Сара аттуу кыз каза тапканда биз ушул окуяны иликтөөнү баштаганбыз. Кичинекей кыз үйлөмө кайыктын ичине толтура жыйылып алган адамдардын тебелендисинде тумчугуп калган эле.
Кылмыштын изи бизди Кале менен Булонинин айланасындагы мигранттардын лагеринен Лиллдеги полиция бөлүмүнө, Эссекс соода шаарына, Бельгиянын порт шаары Антверпенге жана акыры Люксембургга алып келди. Үч күн бою мигранттарды кабыл алуу борборунун дарбазасынан байкоо салып турдук.
Биздин алдыбызда турган эркектин көзү жүлжүйүп, колдору калтырап кетти. Биз анын Сара менен анын үй-бүлөсүнө Англияга опурталдуу саякатты уюштуруп, акча алган аткезчи экенин так билчүбүз.
Бул баян биз аны кантип тапканыбыз жөнүндө.
«Кудай акы, ал мен эмес», - деп аткезчи бир нече ирет кайталап жиберип, Люксембургдагы Европа сотунун катарындагы трамвай аялдамасына аяк таштады.
Бирок биз анын Ирак өлкөсү берген паспорту менен италиялык күбөлүгүн көргөн болчубуз. Биз андан калбай артынан басканыбызда анын чөнтөгүндөгү телефон шыңгырап баштады. Ошондо көп мээнет корогон иликтөөнүн аягы биротоло айкын болду.
Башында ал телефонун алган жок, бирок акыры телефонун колуна алганда биз ага чалып жаткан адамдын номурун көрүп, анын күнөөсүнүн айныксыз далилдерин көрдүк.
Эмнеге дейсизби? Анткени, ага биз өзүбүз чалып жаткан болчубуз.

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Андан мурунку күндөрү биздин Би-Би-Си командабыздын мүчөсү өзүн Ла-Манш аркылуу Англияга бараткан мигрант кылып көрсөтүп, байланышка чыкканбыз. Болжолдоп туруп бир катар ортомчуларга чыгып отуруп, «Махмуд» атка конгон биздин кесиптешебиз акыры аткезчинин өзүнүн телефонуна түз чалды.
Андан кийин биз ал азыр колунда кармап турган телефонго чалып, бир нече сүйлөшүүлөрүн жашыруун түрдө жаздырып алдык. Телефондон сүйлөшкөндө ал өзүнүн аты-жөнүн бизге ырастап, аткезчилик бизнес менен дагы эле алектенип жатканын билдирди.
Эгер акчасы төлөнсө, Франциянын түндүк тарабынан кете турган жеңил кайык менен «жеңил-желпи», «куралдуу адамдардын кайтаруусунда" жеткирип коерун айтты. Сураган акысы бир адамга 1500 евро деди.
Анын алдында тургандыктан биз анын телефонунан өзүбүздүн номурду кашкайта көрүп жаткан элек. Биз издеген адамыбызды таптык.
23-апрелде француз жээгинде болгон кайгылуу инциденттен кийин биз бул окуяга күнөөлүүлөрдү аныктоо үчүн иликтөө баштаган элек.
Биз Вимерё курорт шаарынан алыс эмес жердеги пляжда бир түнөдүк. Аткезчилер кайык менен адамдарды опурталдуу сапарга айдаган жер ушул болчу.
Француз полициясынын топ кызматкери кайыкты кармап калуу үчүн аткезчилер жана алардын жүргүнчүлөрү менен айыгышкан кармашка түшкөн учуру видеого түшүп калган.
Полиция аткезчилердин кайыгын токтото албады, жүргүнчүлөрдүн эки тобу үйлөмө кайыктын ичинде орун талашып, тополоң тоз түштү. Аткезчилер мындай кайыкка адатта 60 ашык адамды отургузушат. Бул жолу болсо жүргүнчүлөр жүздөн көп болчу.
Куртка кийген кичинекей кыз, анын Сара экенин биз кийин билдик, атасынын ийнинде бир саамга эле отурду. Бир нече мүнөттөн кийин жээктен бир нече метр аралыкта бул шордуу кыз жана дагы төрт адам өлүү жатты.

Аман калгандардын бир тобун жана өлгөндөрдүн денесин француз куткаруучулар кайра жээкке алып чыгышты, ал эми ондогон адамдар толтура түшкөн кайык акыры Англияга жол тартты.
Бул Вимерёнин жанынан чакан кеме жолго чыгып, адамдар ажалга тушуккан бул жылдагы экинчи инцидент эле.
Кийинки күндөрү биз Саранын үй-бүлөсү менен жолугуп, кайгы жутуп турган анын атасы Ахмед менен сүйлөштүк. Ал жубайы экөө балдарынын өмүрүн ажал тооруган тобокелдикке салган үчүн, Сараны ажалдан куткарып кала албаганы үчүн кайгы жутуп турган чагы эле.
Ирактан качкандан кийин Ахмеддин Бельгиядан башпаанек сураган арызы 14 жыл бою четке кагыла берди, анын туулган шаары Басра азыркы учурда коопсуз зона деген жоопко баары такалып калды. Акыры анын бир нече күндөн кийин Бельгиядан депортация болорун эскертишти. Анын Европада төрөлгөн балдары баары Швецияда өсүп чоңоюшту, бирок аларга да өлкөнү таштап кеткиле деген буйрук болду.
Биз бул окуяны терең иликтеп, бул кылмыштуу кайыкка күнөөлүү конкреттүү кылмыштуу топторду таап, алардын он миңдеген мигранттарды азаптуу жолго айдаган кылмыштуу, арам кирешелүү ишин түшүнүүгө аракет кылдык.
18-июнда 15 чакан кайык менен Ла-Манштан 882 адамды бир күндө жөнөтүштү, бул ушул жылдын рекорду болду. Улуу Британияга жөнөтүлгөн мигранттардын саны 12 миңге жетти.
Саранын өлүмүнөн кийин британ полициясы аткезчиликке эки шектүү адамды кармаганын, алардын Францияга экстрадиция болгону жатканын кабарлады. Бирок алар кайыктын өзүндө иштеген жаш адамдар эле. Ал эми аларды үстүнөн башкарган ана башчылары көмүскөдө калган болчу.
Биз мигранттар лагерине барып же алар баш калкалап турган жатаканага барып, ошол апрелдин каран түнүндө болгон көбүрөөк адамдар менен сүйлөшкүбүз келди.
Биз жолуккан адамдардын көбү алардын атын ачыктабоону өтүнүштү, анткени кээ бирлери Ла-Манш аркылуу өтүү аракетин улантарын айтышты.
Сара тумчугуп каза болгондо анын жанында болгон жаш кувейттик француз полициясына чалып жардам сурап, бир нече аптадан кийин Улуу Британияга ийгиликтүү жеткен. Биз аны Эссекстен издеп таптык.
Сара менен кошо кайыкка отурган ондогон адамдардын көбү операцияны ким жетектеп жатканын билишкен эмес. Алар Каленин же Булонинин вокзалындагы жашыраак ортомчулар менен гана сүйлөшүп жатышкан. Иштин баасы бычылганда адамдар ортомчулар аркылуу электрондук түрдө акчасын которушкан. Алар көбүнчө Түркия, Париж же Лондондогу чач тарачканаларда же дүкөндөрдө иштеген майда ишкерлер болгон. Андан кийин чек арадан ийгиликтүү өткөндөн кийин гана ортомчулар акчаны аткезчилердин бандасына беришкен.
Үч адам, анын ичинде Сара менен бир кайыкта болгон экөө бизге алар сүйлөшкөн аткезчилердин бандасы Бельгиянын порт шаары Антверпенден байланышка чыкканын айтып берди. Бул шаар өзүнүн кылмыштуу байланыштары жана баңгизаттар менен мыйзамсыз соода күч алган шаар катары белгилүү. Алар баары банданы «Жабаль - арапча мааниси «Тоо» деген ысымдуу адам башкарат деген бүтүмгө токтошту. Анткени экөө Жабаль менен түздөн түз жолугушкан экен, бирөө болсо телефондон гана сүйлөшкөн.
Чыккан из бизди чыгышка, Берлин шаарына апкелди. Бул жактагы булак Жабалдын ким экенин ырастап, биринчи жолу чек арадан өтө албай калганын, экинчи жолу аракет кылып жатканын айтты. Ушул учурда биздин баардык булактар Жабаль Бельгияда, Антверпенде деген кабар беришти.
Биз Антверпенге май айында келип, Тоону (Жабалды) таап ашкерелөө ишин пландап баштадык. Анын мурдагы кардарларынын бири бизге анын сүрөтүн жиберди, дагы бир башка булактан анын ирак паспортунун жана европалык күбөлүгүнүн көчүрмөсүн алдык.
Биз Тоонун чыныгы аты – Ребвар Абас Занган экенин, Түндүк Ирактан келген күрд экенин тактадык. Үйлөнгөн эмес. Такыба мусулман болууга умтулгандай көрүнөт. Иммиграциялык макамы анча так эмес мигрант. Соңку учурларда Каледе, Брюсселде жана Антверпенде жашаган. Бизге анын эки өнөктөш менен иштегендигин жана Иракта баарынан чоң адам турушу мүмкүн деп айтышты.
Улуу Британияга жол издеп аткан болуп, мигрант терисин кийген Махмуд, арапча сүйлөгөн биздин кесиптешибиз ортомчу менен Антверпенде чачтарачканада жолукту. Ал Тоону билерин айтып, бизди аны менен байланыштырмай болду. Биз анын телефон чалышын дээрлик эки апта күттүк. Акыры бир күнү кечинде бизге телефон чалды.
«Салам. Британияга барабыз дедиңер беле? Силерге канча орун керек? Өзүңөр даярсыңарбы?».
Тоо кыска-кыска, үзүл-кесил сүйлөдү. Ушул жолкусунда жана андан кийинки эки сүйлөшүү болгондо ал бизнес болуп жатканын так айтты. Ла-Манш аркылуу Британияга жетүү «коопсуз иш» болгонун, бирок Саранын өлүмүнөн кийин тактикасын мурдагыдан да курчутканын айтты.
Телефондон ошол биринчи сүйлөшкөндөн кийин биз өзүбүздүн булактан Тоо Антверпенден шашылыш чыгып кеткенин уктук. Көрсө, ал качып жүргөн экен. Апрелдеги окуядан кийин колго түшүп калуудан коркуп калыптыр.

Биздин булак Тоонун телефонунун скриншотун жөнөттү. Андагы сүрөттөр боюнча изилдөө, издөө салып жатып, акыры Люксембургдагы мигранттар лагерине токтодук.
Люксембург – кичинекей мамлекет. Анын качкындарды кабыл алуу түйүнү баш калаада административдик борбордун имаратында жайгашкан. Тоо бул жакка эмнеге келди экен?
Балким, ал канча бир убакыт жашынып жата тургусу келди бекен? Же жаңы атка жамынып, баш паанек алгысы келдиби?
Бирок анын бул жерде экенин кантип текшеребиз? Биз ал турган жерге жөн эле кирип бара албайбыз. Сырттагы адамдар үчүн бул жер жабык, чыга турган бир гана эшик бар, аны төрт күзөтчү кайтарып турат.
Би-Би-Си мигранттар борборуна байкоо салып, үч күн турду.

Ошол күнү кечинде биздин кесиптешебиз өзүн Махмуд деген мигрант деп кайрадан Тоого телефон чалды. Би-Би-Сидеги башка кесиптешебиз бир эле убакта мигранттар жашаган комплекстин перифериясын кыдырып, маал-маалы менен автомобилден сигнал берип жатты. Аткезчинин телефонунан анын сөзү менен кошо автомашинанын сигналын да даана уктук.
Тоо бул жерде экени анык болду.
Эми аны кантип шек билдирбей алып чыга алабыз? Эгер ал кайрадан качып кетсе, бизге ишти кайрадан башынан баштоого туура келмек. Буктурма кылгандан башка биздин айлабыз жок эле.
Ошентип, үч күн бою биздин команда бийигирээк бир точкага чыгып алып, комплекстин үстүнөн жана ичи-сыртына байкоо салып турдук.
Акыры, күндүзгү саат 15:00 гө жакындап калганда, биз издеген Тоо мигранттардын коштоосунда лагерден чыкканын көрдүк. Ал солго бурулуп, трамвайдын аялдамасын көздөй басты. Биз анын артынан чуркадык.

«Ал мен эмес. Мен эчтеке билбейм. Силерге эмне керек"? -деди ал биз жеткен учурда.
Ал үрпүйүп чочуган кейипте турду, бирок трамвайдын аялдамасына акырын жана сабырдуу үн менен сүйлөп басып баратты.
Мен Саранын сүрөтүн алып чыгып, жети жаштагы кыздын өлүмүнө анын күнөөсү барбы деп сурадым. Ал кайрадан башын чайкады.
Аңгыча телефону шыңгырап калды. Албай деле койсо болмок. Унчукпай трамвай келишин күтүп турса деле болмок. Бирок биз аны телефонго жооп берип коюшун суранганыбызда, биз аз буйдалгансып туруп телефонду алды. Баш ийип карап биз телефондун экранын жана биз өзүбүз байланышып жаткан телефон номурун жаземдебей тааныдык. Аны ким экенинде биздин кымындай да шегибиз жок эле.

Биз аткезчинин кантип изин кууп тапканыбызды француз полициясына билдирдик. Алар иликтөөнүн азыркы этабында комментарий бербей турганын билдиришти.
Улуу Британия француз полициясынын жээктеги коопсуздукту жана тартипти бекемдөө ишине жарым миллиард фунт стерлинг жумшай турган болду.
Француз полициясы бизге аткезчилердин зомубулук аракеттери күчөп жатканынан чочулап турушканын кабарлады.

Азыркы учурда Саранын атасы Ахмед, энеси Нур, 12 жаштагы эжеси Рахаф жана тогуз жаштагы агасы Хусам Франциянын Лилль шаарындагы жатаканада жашоодо. Балдар мектепке барбайт жана күздөн кийин Францияда калганга укуктары жок.
«[Мен] башкалардай болуп кадыресе жашагым келет. Окуудан аябай көп калдым. Англиядагы мектепке барсам дейм, ал жакта менин эки ата өткөн тууганым жашайт. Мендей куракта. Мен досторумду сагындым…», — деген Рахаф сөзүн бүтөрү менен ыйлап жиберди.
Ахмед француз полициясы менен байланышып турат, полиция адамдардын аткезчилиги боюнча бир нече шектүү адамдардын сүрөттөрүн ага көрсөтүп, иликтөө жүргүзүүдө.
Мурда ал аткезчилерди жалдоо анын жападан жалгыз жолу болгонун айтып жаткан эле. Чынбы же жалганбы, бирок азыр үшкүрүп, оор сабак алганын айтууда.
«Бул адамдар ач көз. Аларга акча гана керек. Алар сот жообуна тартылат деп ишенем. Бүт баары», — деди Ахмед.
«Менин кызымдын убалы уктатпасын аларды». (МА)
Кошумча репортаж: Ферас Кавафа жана Кэти Лонг
Кошумча продюсердик/оператордук иш: Поль Прадье, Марианна Бэсни, Риам Эль Дилати, Моханад Хашим, Бруно Боэльпап, Ксавье Ванпевенеге, Пол Рейгертс, Маартен Виллемс и Леа Гедж.
Дизайн Лилли Хьюн
Онлайн-өндүрүш Джеймс Перси










