Мьянмадагы кибер кулчулук лагериндеги тозок

- Author, Сунет Перера жана Иссария Прайтонгьяем
- Role, BBC News
"Алар кийимдеримди чечип, отургучка отургузуп, бутумду ток менен ургулашты. Мен жашоом бүттү деп ойлогом".
Рави (аты өзгөртүлдү) Таиландга IT тармагында иштөө үчүн барган, бирок Бангкоктогу көп кабаттуу кеңседе иштөөнүн ордуна, 24 жаштагы шриланкалык жигит Мьянмадагы караңгы жерде камалып калган.
Аны уурдашып, Таиланддын чек арасына жакын жайгашкан Мэй Сот шаарына чукул жерден дарыянын аркы өйүзүнө алып өтүшкөн.
Ал жерде ал онлайн шылуундук менен алектенген кытай тилдүү топтор жетектеген көптөгөн лагерлердин бирине сатылганын айтат.
Алар Рави сыяктуу адам сатууга дуушар болгон адамдарды бул шылуундуктун үстүндө көп саат иштөөгө, жасалма онлайн өздүктөрүн колдонуп, аялдардын кейпин кийип, АКШ менен Европадагы жалгыз эркектерди алдоого мажбурлашат.
Алдамчылыктын торуна түшкөндөр тез кирешени убада кылган жасалма соода аянтчаларына чоң суммадагы акча салууга көндүрүлөт.
Равинин "кибер-кулчулук" лагери Мьянманын аскерий өкмөтүнүн түздөн-түз көзөмөлүндө болбогон Мьявади чөлкөмүндөгү жунгли токоюнда жайгашкан.
Интерполдун маалыматы боюнча, Азиядан, Чыгыш Африкадан, Түштүк Америкадан жана Батыш Европадан миңдеген улан-кыздар бул киберкриминалдык лагерлерге компьютердик жумушка орношуу убадаларына азгырылып келишет.
Буйруктарды аткаруудан баш тарткан адамдарды сабашып, кыйноого алып, зордукташат.
"Аларга баш ийбегеним үчүн камерада 16 күн жаттым. Мага тамекинин калдыктары менен күл аралашкан сууну гана беришти", - деди Рави Би-Би-Сиге.
"Мен бешинчи же алтынчы күнү камерада жатканымда жакын жердеги камерага эки кызды алып келишти. Аларды менин көз алдымда 17 эркек зордуктап салышты", - деп кошумчалады ал.
"Кыздардын бири Филиппиндин жараны болчу. Мен экинчи жабырлануучунун жарандыгын билбейм".

Адам сатуунун курмандыктары кимдер?
2023-жылдын августунда БУУнун эсеби боюнча Мьянмада 120 000ден ашуун, Камбоджада дагы 100 000 адам мыйзамсыз кумар оюндарынан баштап, криптовалюталык алдамчылыкка чейин ушул жана башка онлайн шылуундарга иштөөгө мажбур болушкан.
Интерполдун былтыркы отчету Лаостогу, Филиппиндеги, Малайзия менен Таиланддагы жана азыраак деңгээлде Вьетнамдагы онлайн шылуундардын жаңы борборлорун ачыктаган.
Интерполдун өкүлү Би-Би-Сиге бул тенденция аймактык маселеден глобалдык коопсуздук коркунучуна айланганын жана бул кылмышка көптөгөн өлкөлөр алдамчылык борборлор, транзиттик каттамдар же адам сатуунун курмандыктары келген мамлекеттер катары тартылганын айтты.
Ушул айдын башында Индия өкмөтү Камбоджага сатылып кеткен жалпысынан 250 жаранын куткарганын жарыяласа, март айында Кытай Мьянмадагы шылуундук борборлорунан жүздөгөн жарандарын мекенине кайтарган.
Пекин ошондой эле Мьянманын аскердик өкмөтүнө да, куралдуу топторуна да бул борборлорду жабуу үчүн кысымды күчөтүүдө.
Шри-Ланканын бийликтери Мьянманын төрт башка жеринде кармалып жаткан кеминде 56 жаранын билет, бирок Шри-Ланканын Мьянмадагы элчиси Жанака Бандара Би-Би-Сиге алардын сегизи жакында Мьянма бийликтеринин жардамы менен куткарылганын айтты.
Лагерлерди башкарып жаткандардын башы оорубайт, алар үчүн эмгек мигранттарынын максаттуу агымы бар.

Жыл сайын Түштүк Азиядан жүз миңдеген инженерлер, доктурлар, медайымдар жана IT-эксперттер чет өлкөгө иш издеп кетишет.
Компьютер адиси Рави Бангкокто маалымат киргизүүчү жумушту сунуштаган жергиликтүү жалдоочу жөнүндө укканда экономикасы кризиске учураган Шри-Ланкадан тезирээк кетүүнү эңсеп жүргөн.
Жалдоочу Дубайдан келген шериги менен бирге компания ага 370 000 рупий (1 200 доллар) өлчөмүндө эмгек акы төлөп берет деп ишендирген.
Жаңы үйлөнгөн Рави жана анын жубайы бул жаңы жумуш аларга үй салууга мүмкүндүк берет деп кыялданышып, жергиликтүү агентке төлөө үчүн ар кандай насыяларды алышкан.
Таиланддан Мьянмага
2023-жылдын башында Рави жана шриланкалык бир топ киши алгач Бангкокко, андан кийин Таиланддын батышындагы Мэй Сот шаарына жөнөтүлгөн.
"Бизди мейманканага алып барышты, бирок көп өтпөй куралчан эки кишиге өткөрүп беришти. Алар бизди дарыядан өтүп Мьянмага алып кетишти", - деди Рави.
Анан алар кытай тилдүү бандиттердин лагерине которулуп, сүрөткө тартпоо тууралуу ачык көрсөтмө алышкан.
"Биз коркуп кеттик. Лагерде кыркка жакын улан-кыздар, анын ичинде шриланкалыктар, Пакистан, Индия, Бангладеш жана Африка өлкөлөрүнөн келген адамдар күч менен камалды", - деди ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Рави бийик дубалдар жана тикенек зымдар бул аймактан качууга тоскоол болгонун, куралчан адамдар кире беришти күнү-түнү кайтарышканын айтты.
Равинин айтымында, алар ай сайын бир гана күн эс алып, күнүнө 22 саатка чейин иштөөгө аргасыз болушкан. Күн сайын алар жок дегенде үч кишини бутага алышы керек болчу.
Баш ийбегендер эгер акча төлөй алышпаса, уруп-согуп, кыйноого дуушар болушкан.
Дал ушундай кылгандардын бири Индиянын батышындагы Махараштрадан келген 21 жаштагы Нил Виджай болчу, ал 2022-жылдын августунда беш индиялык эркек жана эки филиппиндик аял менен бирге Мьянмага сатылып кеткен.
Ал Би-Би-Сиге апасынын бала кездеги досу ага Бангкокто колл-борбордо иштейсин деп убада берип, алардан 150 000 индиялык рупий (1800 доллар) өлчөмүндө агенттик гонорар алганын айтты.
"Кытай тилдүү адамдар башкарган бир нече компаниялар бар болчу. Алардын баары - шылуундар. Биз ошол компанияларга сатылып кеткенбиз", — деди Нил.
"Ошол жерге жеткенде үмүтүм үзүлдү, апам аларга кун төлөп бербегенде, мени да башкалардай кыйнашмак".
Алдамчылыкка аралашуудан баш тарткандан кийин аны бошотуу үчүн Нилдин үй-бүлөсү кылмыштуу топко 600 000 индиялык рупий (7 190 доллар) төлөп берген.
Эркиндикке чыккандан кийин, Таиланд бийликтери ага Индияга кайтып келүүгө жардам беришкен, ал жерде анын үй-бүлөсү жергиликтүү жалдоочуларга каршы мыйзамдуу чараларды көргөн.
Таиланд бийликтери башка өлкөлөр менен бирге жабырлануучуларды мекенине кайтарууга жардам көрсөтүүдө. Бирок Таиланддын Юстиция министрлигинин жогорку даражалуу офицери Би-Би-Сиге коңшу өлкөлөрдө иштеп жаткан лагерлерде күч менен кармалгандардын санына караганда куткарылгандардын саны аз экенин айтты.
Таиланддагы Атайын Тергөө департаментинин (DSI) башкы директорунун орун басары Пия Раксакул: "Биз дүйнө менен байланышып, адамдарга бул кылмыштуу топтор жөнүндө маалымат берүү боюнча көбүрөөк иш кылышыбыз керек" деди.
Анын айтымында, адам сатуучулар Бангкокту көбүнчө аймактагы туристтик борбор катары колдонушат, анткени Индия жана Шри-Ланка сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдөн келген адамдар Таиландга виза менен кире алышат.
«Демек, кылмышкерлер мындан пайдаланып, адамдарды андан ары жөнөтүп турушат», - деп кошумчалады ал.

Сүрөттүн булагы, Nopporn Wichachat
Алдамчылык кантип иштейт?
Рави уурдалган телефон номерлери, социалдык медиа жана билдирүү платформалары аркылуу романтикалык мамилелерди куруп, өзгөчө батыш өлкөлөрүндөгү бай адамдарды бутага алганын ачыктады.
Алар жабырлануучулар менен түздөн-түз байланышып, адатта аларга биринчи билдирүү - көбүнчө жөнөкөй "салам" деген сөз - жаңылыштык менен жөнөтүлгөн деп ишендиришти.
Кээ бир адамдар билдирүүлөргө көңүл бурбай коюшту, дейт Рави, бирок көбүнчө жалгыз адамдар же секс издеп жүргөндөр оңой кылтакка илинди.

Сүрөттүн булагы, Nopporn Wichachat
Кылтакка илингенде, аларды андан ары азгыруу үчүн, лагердеги жаш аялдардын тобун жылаңач денесин көрсөткөн сүрөткө түшүп берүүгө мажбурлашкан.
Бир нече күндүн ичинде жүздөгөн билдирүүлөрдү алмашкандан кийин, шылуундар бул адамдардын ишенимине кирип, аларды жасалма онлайн соода аянтчаларына ири суммадагы акча салууга көндүрүшкөн.
"Эгер адам 100 000 доллар которсо, биз бул алардын пайдасы деп аларга 50 000 долларын кайтарып беребиз. Бул алардын азыр 150 000 доллары бар дегендей таасир калтырат, бирок чындыгында алар баштапкы 100 000 долларынын жарымын гана кайтарып алышат, калган жарымын бизге калтырышат" - деп Рави түшүндүрдү.
Качан шылуундар жабырлануучулардан мүмкүн болушунча көбүрөөк акча алышканда, билдирүү жазуулары жана социалдык медиа профилдери дайынсыз жок болот.
Аэропортто визасы жок деп 20 000 тай бат (550 доллар) айып салынганда, Равинин ата-энеси дагы насыя алууга аргасыз болгон.
«Мен Шри-Ланкага келгенде 1 миллион 850 миң рупий (6 миң 100 доллар) карызым бар болчу".
Ал азыр үйүнө кайтып келиши мүмкүн, бирок Рави жаңы колуктусун сейрек көрөт.
"Бул карызды төлөш үчүн гаражда күнү-түнү иштейм. Пайызды төлөө үчүн эки нике шакегибизди күрөөгө койдук", - деди ал ачуулана.
Бул иш-аракеттердин масштабын баалоо кыйын, бирок ФБР өзүнүн 2023-жылдагы Интернет кылмыштары боюнча отчетунда АКШда ишеним же романтика, алдамчылык боюнча 17 000ден ашык арыз түшкөнүн жана жоготуулар 652 миллион долларды түзгөнүн аныктаган.
Психологиялык жана физикалык тырыктар
Бир ай туткунда болгондон кийин Рави башында иштеген "компаниясы" банкрот болуп калгандыктан, башка кылмыштуу топко сатылып кеткенин айтат - ал Мьянмада камалган алты ай ичинде бардыгы болуп үч башка бандага өткөрүлүп берилген.
Рави өзүнүн жаңы бандиттерине элди алдай албасын айтып, Шри-Ланкага кайтып кетүүгө уруксат берүүнү суранган.
Күндөрдүн биринде команданын лидери менен кагылышуу мушташка алып келип, Рави камерага киргизилип, 16 күн кыйноого алынган.

Сүрөттүн булагы, Nopporn Wichachat
Акыры, «кытайлык кожоюн» Равиге келип, ага кайрадан иштөөгө «акыркы мүмкүнчүлүктү» - анын компьютердик программалык камсыздоо боюнча тажрыйбасынан улам жаңы мүмкүнчүлүктү сунуштады.
"Менде башка арга жок болчу; ал кездерде денемдин жарымы шал болуп калган", - деп кошумчалады ал.
Дагы төрт ай бою Рави VPN, жасалма интеллект колдонмолору жана 3D видео камералары аркылуу орнотулган Facebook аккаунттарын башкарган.
Ошол эле учурда, Рави оорулуу апасына жолугуу үчүн Шри-Ланкага барууга уруксат берүүнү суранды.
Эгер Рави дарыядан өтүп, Таиландга киргени үчүн 600 000 рупий (2 000 доллар) жана кошумча 200 000 рупий (650 доллар) төлөсө, кылмыштуу топтун башчысы аны коё берүүгө макул болгон.
Анын ата-энеси карызга акча алып, үйүн күрөөгө коюп, акчаны кылмыштуу топтун башчысына өткөрүп беришкен, ал эми Рави Мэй Сотко кайра алынып келинген. (МА)






