"Мен аны коргой албадым": тебелендиде өлгөн кызын жоктогон атанын ыйы

- Author, Эндрю Хардинг
- Role, Париждеги кабарчы, Кале
Ахмед Аль-Хашими жээкте туруп, түрүлүп келген толкундарга ыйлап, көкүрөгүн ургулап, тытмалап, кабыргасы кайышып, кайгыга батып турду.
"Мен аны коргой алган жокмун. Мен өзүмдү эч качан кечирбейм. Бирок менин деңизден башка жолум жок болчу", - деп буркурайт.
Бир жума мурун таңга жуук Франциянын Кале шаарынын түштүгүндөгү жээкте 41 жаштагы киши үйлөмө кайыктын ичинде толтура адамдын арасында камалып чыга албай кыйкырып, ага колун сунуп жан талашкан жети жаштагы кызы Сарага жете албай, жан үрөп аракет кылып жатты.
Ахмед Аль-Хашими Би-би-Сиге Саранын өлгөнүн түшүнгөн учурун айтып берди.
"Биз ажалдын көзүн көрдүк. Биз адамдардын өлүп жатканын көрдүк. Мен бул адамдардын түрүн көрдүм. Алар кимди басып калганын ойлошкон да жок - балабы же карыбы. Алдыда калгандар тумчугуп калды", - деди Ахмед кайгыга муунуп.
Ахмед өзү ирактык болсо да, анын кызы бул өлкөгө эч качан барган эмес. Ал Бельгияда төрөлгөн жана кыска өмүрүнүн көбүн Швецияда өткөргөн.
Бул кайгылуу окуяда беш адам тебелендиде калып, тумчугуп каза тапты.
Мен бул убакта Би-Би-Синин операторлору менен жээкте болчумун жана аткезчилер жүргүнчүлөрүн кичинекей кайыкка узатып, салют атып, аларга жетип барган француз полицейлерин жолотпой таяк менен кубалап жаткандагы тополоңдү тартып жаткам.

Сүрөттүн булагы, BBC News
"Жардам!"
Кайык деңизге жүрүп кеткенде, биз борттон бирөөнүн араң угулган кыйкырыгын уктук. Бирок таңкы үрүң-бараңда эмне болуп жатканын айтуу мүмкүн эмес болчу. Полиция бир аткезчи жана бортко жетпей калган кээ бир мигранттар менен кошо жээктен алыстап кеткен.
Көрсө, жардам сурап кыйкырган адам Ахмед экен. Ал жанындагылардан Саранын өмүрүн сактап калууну суранып жаткан экен. Ахмеддин жубайы Нур Аль-Саид жана алардын башка эки баласы, 13 жаштагы Рахаф жана сегиз жаштагы Хусам да кайыкта кысылып калышкан, бирок дем алып жатышкан.
"Мен куруучумун. Мен күчтүүмүн. Бирок мен бутумду чыгара алган жокмун. Менин кичинекей кызым кантип суурулуп чыкмак эле. Ал биздин бутубуздун астында калды",- деди Ахмед.

Бул үй-бүлөнүн эки ай мурун аймакка келгенден берки чек арадан өтүүгө төртүнчү жолку аракети болду. Эки жолу полиция аларды жээкте кармады, алар аткезчилердин кайыгын көздөй качкан башка мигранттардан артта калышкан. Ахмеддин айтымында, бул жолу чоң кишиге 1500 евро жана ар бир балага анын жарымын алган аткезчилер кайыкка 40 гана адам, негизинен ирактыктар алынат деп убада кылган экен. Бирок алар судандык мигранттар жээкке келип, бортко алууну талап кылганда таң калышты.
Алар кечээ кечинде Вимердеги вокзалдан бара жатышканда, Сара атасынын колун кармап, бейкапар эле. Анан алар шаардын түндүк жагында түнөштү. Саат 06: 00гө чейин алар кайыгын үйлөштү, андан кийин аткезчилер аны жээкке алып барып, полиция кармап кете электе деңизге чыгууну буйруган.
Аңгыча, Ахмеддин айтымында, алардын жанында полициянын көздөн жаш агызган газ баллону жарылып, Сара кыйкыра баштады. Алар кайыкка чыгаары менен Ахмед Сараны ийнине бир мүнөттөй кармап туруп, андан кийин башка кызы Рахафка жардам берүү үчүн аны ылдый түшүрдү. Ошондон кийин ал Сараны көрбөй калды.
Кийинчерээк француз куткаруучулары жетип барып, кайыкта отурган жүздөн ашык адамдын айрымдарын түшүргөндө гана Ахмед акыры кызынын денесине жетти.
"Мен кайыктын бурчунан анын башын көрдүм. Анын бети-башы, денеси бүт көк ала болчу. Биз аны алып чыкканда жаны жок экен. Ал дем алган жок", - деп түшүндүрдү ал ыйлап.

Саранын сөөгүн жерге бергиче, аларды француз бийлиги көзөмөлдөп турду. Ахмед социалдык тармактарда аны үй-бүлөсүн ашыкча тобокелге салды деп айыптаган адамдар болуп жатканын айтты.
"Мен өзүмдү эч качан кечирбейм. Бирок менде деңизден башка жол жок болчу. Болгон окуялардын бардыгы менин эркиме каршы болду. Менде тандоо жок болчу. "Кыздарынын өмүрүн кантип тобокелге салды" деп мени күнөөлөп жатышат. Бирок мен Европада 14 жыл жашадым, бирок мени кабыл алышпады",- деди Ахмед.
Ал уюшкан топтордун кысымына кабылып, Ирактан качып кеткенден кийин көп жылдар бою Евробиримдикте жашоого уруксат алууга аябай аракет кылганын, бирок жолу болбогонун үшкүрүп айтып отурду.
Кабарларга караганда, Бельгия анын кичи мекени Ирактагы Басра шаары коопсуз аймак катары классификацияланганын айтып, ага башпаанек берүүдөн баш тарткан. Анын айтымында, балдары акыркы жети жылын Швециядагы тууганында өткөрүштү, бирок жакында ал жактын өкмөтү анын балдарын Иракка депортация кылууну чечкен экен.
"Эгерде мен балдарды Бельгияда, Францияда, Швецияда же Финляндияда калтырууга 1% мүмкүнчүлүк бар экендигин билсем, мен аларды ошол жерде калтырмакмын. Мен балдарымдын мектепке барышын кааладым. Мага эч кандай жардамдын кереги жок болчу".
«Жубайым экөөбүз иштей алабыз, Мен алардын балалыгын жана бактысын коргогум келди", - деп улантты ал.
"Эгер адамдар менин ордумда болсо, алар эмне кылмак? Бул менин акыркы вариантым болчу", - деди ал Британ өкмөтүнө кайрылып.

Швециянын Уддевалле шаарындагы Саранын мугалими Ева Йонссон Би-Би-Сиге жиберген видео кайрылуусунда жети жашар окуучусун "ак көңүл жана сүйкүмдүү" деп мүнөздөдү.
"Анын мектепте достору көп болчу. Алар ар дайым чогуу ойношчу... февраль айында биз анын депортация болорун жана бул тез арада болот деп уктук. Бизде эки күн мурун эскертүү болгон", - деди ал.
Анын өлүмүн укканда класс бүт чогулуп, унчукпай аза күтүп эскерди.
"Мындай трагедия жакшы үй-бүлөдө болгону жан кейитет. Мен бул үй-бүлөдөгү балдарга сабак бердим жана депортацияга абдан таң калдым",- деди мугалим.
"Саранын сүрөтү дагы деле биздин алдыбызда турат, биз аны балдар канча кааласа, ошончо сактайбыз". (МА)












