Витамин таблеткалары эмне үчүн пайдасыз жана кандай зыяны болушу мүмкүн?

Алекс Райли

витамин ичип жаткан кыз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Биз антиоксиданттарды мүрөктүн суусу катары кабыл алабыз. Эң жакшы дегенде, алар натыйжасыз болушу мүмкүн. Андан да жаманы, алар сиздин өмүрүңүздүн кыскарыштышы мүмкүн.

Лайнус Полиң таңкы тамактын тартибин өзгөрткөндөн кийин, баары кедерине кете баштады. Ал 1964-жылы 65 жашында эртең менен апельсин ширесине С витаминин кошуп иче баштаган. Бул Кока-Колага шекер кошкондой эле жана ал мунун жакшы экенине чын дилинен, кээде берилип ишенчү.

Буга чейин анын таңкы тамактары жөнүндө жаза турган эч нерсе деле жок эле. Болгону күн сайын эртең менен Калифорния технологиялык институтуна жумушка кетер алдында, ал тургай дем алыш күндөрү да тамактанчу. Ал талыкпай иштеп, эмгеги да үзүрлүү эле.

Алсак, 30 жашында химиянын жана кванттык механиканын идеяларын бириктирип, атомдордун молекулаларда чогуу кармалышынын үчүнчү негизги жолун сунуш кылган. Жыйырма жыл өткөндөн кийин, анын белоктордун (бардык тиричиликтин курулуш материалы) түзүмү боюнча жасаган иши Фрэнсис Крик менен Жеймс Уотсонго 1953-жылы ДНКнын түзүмүн (аталган курулуш блокторунун коду) чечмелеп берүүгө жардам берген.

Кийинки жылы Полиң молекулалардын чогуу кармалышын түшүндүргөндүгү үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгын алган. Лондон университетинин коллежинин биохимиги Ник Лейн 2001-жылы чыккан “Кычкылтек” аттуу китебинде жазгандай: “Полиң... 20-кылымдын илиминин залкары болгон, анын эмгеги заманбап химиянын пайдубалын түптөгөн”.

Лайнус Полиң

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Лайнус Полиң эң таасирдүү илимпоздордун бири болгон, бирок анын антиоксиданттардын күчүнө болгон ишеними бизди коркунучтуу жолго салышы мүмкүн эле.

Бирок андан кийин витамин С заманы келди. 1970-жылы жазылган “Кантип узак жашаса жана өзүн жакшы сезсе болот?” аттуу бестселлер китебинде Полиң мындай кошумча тамак сасык тумоону айыктырат деп ырастаган. Ал күнүнө андан 18 000 миллиграмм (18 грамм) ичкен, бул сунушталган суткалык нормадан 50 эсе көп эле.

Китептин экинчи басылышында ал сасык тумоону оңой оорулардын тизмесине кошкон. 1980-жылдары ВИЧ АКШда жайылып кеткенде, ал С витамини муну да айыктыра алат деп айткан.

1992-жылы анын идеялары Time журналынын мукабасында “Витаминдердин чыныгы күчү” деген темада чагылдырылган. Витаминдер жүрөк-кан тамыр ооруларын, катарактаны жана ал тургай ракты дарылоочу каражат катары көрсөтүлгөн. Макалада мындай деп айтылат: “Витаминдер карылыктын кадыресе кесепеттерин токтото алат деген азгырык андан да күчтүү”.

Полиңдин атак-даңкы да, поливитаминдердин жана башка тамак-аш кошулмаларынын сатылуусу да кескин өстү.

Бирок анын академиялык репутациясы тескери кетти. Көптөгөн жылдар бою С витамини жана башка көптөгөн тамак-аш кошулмалары илимий изилдөөлөрдөн колдоо тапкан жок. Чынында, апельсин ширесине кошкон ар бир кашык кошумча менен Полиң денесине жардам бербей эле, зыян келтирген. Анын идеялары жөн эле натуура эмес, акыры коркунучтуу болуп чыкты.

Улгайган аял

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Антиоксиданттар карылыктын кесепеттерин кечеңдетүүгө арналган, бирок бул кошулмалар байкаларлык пайда алып келери тууралуу далилдер аз

Полинг өз теорияларын С витамини – антиоксидант, ал Е витамини, бета-каротин жана фолий кислотасын камтыган молекулалардын бир түрү экенине негиздеген. Алардын пайдалары эркин радикалдар деп аталган жогорку реактивдүү молекулаларды нейтралдаштырганынан келип чыгат деп эсептелет.

1954-жылы Рочестер университетинде (Нью-Йорк) иштеген Ребека Гершман биринчи жолу бул молекулаларды ыктымалдуу коркунуч катары аныктаган жана бул идеяларды 1956-жылы Берклидеги Доннер медициналык физика лабораториясынан Денхам Харман өнүктүрүп, эркин радикалдар клеткалардын начарлашына, ооруга жана акырында картаюуга алып келет деген.

20-кылым бою илимпоздор анын идеяларын туруктуу негизде өнүктүрүшкөн жана алар көп өтпөй эле кеңири колдоого ээ болгон.

“Тешик суу тегирмендери”

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бирок бул анчалык жөнөкөй эмес. Денеге тамак-аш жана кычкылтектен тышкары электрондор деп аталган терс заряддуу бөлүкчөлөрдүн тынымсыз агымы да талап кылынат. Бир катар суу тегирмендерин аракетке келтирген субклеткалык агымы сыяктуу, бул агым ар бири митохондриянын ички мембранасына камтылган төрт протеин аркылуу сакталып, акыркы өнүмдү - энергия өндүрүүнү камсыз кылат.

Бул реакция биз жасаган нерселердин бардыгын азыктандырат, бирок бул кынтыксыз процесс эмес. Клеткадагы үч суу тегирменден электрондор бир аз агып кетиши ыктымал, алардын ар бири жакын жердеги кычкылтек молекулалары менен реакция кыла алат. Натыйжада эркин радикал, эркин электрондуу радикалдык реактивдүү молекула келип чыгат.

КЫЧКЫЛТЕК – ЖАШООНУН ДЕМИ, БИРОК АЛ БИЗДИ КАРЫТЫП, ЖАРАКСЫЗ КЫЛЫП, АНАН ӨЛТҮРҮШҮ МҮМКҮН.

Туруктуулукту калыбына келтирүү үчүн эркин радикалдар айланасындагы түзүмдөрдү бузуп, өз зарядын тең салмактоо үчүн ДНК жана белоктор сыяктуу маанилүү молекулалардан электрондорду ажыратып салышат. Харман жана башка көптөгөн окумуштуулардын айтымында, масштабы жагынан акылга сыйгыс кичине болгонуна карабастан, эркин радикалдардын өндүрүшү акырындык менен бүт денебизге зыян келтирип, карылыкка жана рак сыяктуу карылык ооруларына алып келиши мүмкүн болгон мутацияларды пайда кылат.

Кыскасы, кычкылтек – жашоонун деми, бирок ал бизди карытып, жараксыз кылып, анан өлтүрүшү мүмкүн.

Таблетка витаминдер

Сүрөттүн булагы, Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Клиникалык сыноолор - дары-дармектин таасирин аныктоонун бирден-бир жолу, ал эми антиоксиданттар боюнча изилдөөлөр үрөй учурарлык натыйжаларды берди

Эркин радикалдар карылык жана оору менен байланыштырылгандан көп өтпөй, алар денебизден чыгарылышы керек болгон душмандар катары карала баштады. Мисалы, 1972-жылы Харман мындай деп жазган: “Организмдеги [эркин радикалдардын] азайышы пайдалуу, дени сак жашоо жылдарынын көбөйүшүнө жана биологиялык деградациянын төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн. [Бул теория] адамдын дени сак өмүрүн узартууга багытталган жемиштүү эксперименттерге алып келет деген үмүт бар”.

Ал антиоксиданттар, эркин радикалдардан электрондорду кабыл алып, ошону менен коркунучту жоюучу молекулалар жөнүндө айткан. Ал эми ал үмүт кылган эксперименттер кийинки бир нече ондогон жылдар ичинде себилип, өстүрүлүп, кайталанып турду. Бирок алар көп деле натыйжалуу болгон жок.

Натыйжалар негизинен бирдей болду: антиоксиданттардын ашыкча болушу карылыктын кесепеттерин баса алган жок жана оорунун башталышын токтоткон жок.

1970-80-жылдары, мисалы, көптөгөн чычкандардын (биздин лабораториялык жаныбарыбыз) тамак-ашына ар кандай кошумча антиоксиданттарды кошуп беришкен же алар түз эле канга сайылган. Ал турсун кээ бирлери генетикалык жактан өзгөртүлгөндүктөн, белгилүү бир антиоксиданттарды коддоочу гендер өзгөртүлбөгөн лабораториялык чычкандардыкына караганда активдүүрөөк болчу.

Методдору ар түрдүү болгонуна карабастан, натыйжалар негизинен, бирдей болгон: антиоксиданттардын ашыкча болушу карылыктын кесепеттерин баса алган эмес жана оорунун башталышын токтоткон эмес.

Мадриддеги Испаниянын Жүрөк-кан тамыр изилдөөлөрүнүн улуттук борборунун кызматкери Антонио Энрикес: “Алар өмүрүнүн узарып жатканын же жашооосу жакшырып жатканын далилдей алышкан жок”, - дейт. “Чычкандар [кошулмаларга] көп деле маани беришпейт.”

Дагы бир изилдөө витаминдик кошулмалар бизди оорудан коргобостон, тамеки чеккендердин өпкө рагына чалдыгууларын көбөйтөрүн көрсөткөн.

Сүрөттүн булагы, Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дагы бир изилдөө витаминдик кошулмалар бизди оорудан коргобостон, тамеки чеккендердин өпкө рагына чалдыгууларын көбөйтөрүн көрсөткөн.

Адамдар жөнүндө эмнелерди айтса болот? Биздин кичинекей сүт эмүүчү туугандарыбыздан айырмабыз, илимпоздор коомдун мүчөлөрүн лабораторияларга алып барып, алардын ден соолугун өмүр бою көзөмөлдөй алышпайт жана ошол эле учурда натыйжаларга терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон ар кандай факторлорду чектей алышпайт. Бирок алар узак мөөнөттүү клиникалык сыноолорду жүргүзө алышат.

Мунун шарты абдан жөнөкөй. Биринчиден, жашы, жайгашкан жери жана жашоо таризи боюнча окшош адамдардын тобун табасыз. Экинчиден, аларды эки топко бөлөсүз. Биринчи топ сиз сынагыңыз келген кошулманы ичет, экинчиси кант таблеткасын, плацебо алат. Үчүнчүдөн, эң негизгиси, атайылап калпыстыкка жол бербөө үчүн, кимге кайсынысы берилгенин сыноо аяктаганга чейин эч ким, ал турсун иштегендер да билбейт.

Витамин кошулмалары берилген топто өпкө рагы менен ооругандар 16%га өскөн.

Кош сокур контролдук сыноо катары белгилүү болгон сыноо фармацевтикалык изилдөөлөрдүн алтын стандарты болуп эсептелет. 1970-жылдардан бери антиоксиданттык кошумчалар ден соолугубузга жана жашообузга кандай жардам берерин аныктоого аракет кылган ушундай көптөгөн сыноолор жүргүзүлдү. Натыйжалар чеке жылытарлык эмес.

Маселен, 1994-жылы 50 жаштагы 29 133 фин катышкан бир тест өткөрүлгөн. Алардын баары чылым чегишкен, бирок айрымдарына гана бета-каротин кошулмалары берилген. Бул топтун ичинде өпкө рагына чалдыгуу 16%га өскөн.

Ушундай эле натыйжа, АКШда менопаузадан кийинки аялдарда байкалган. Фолий кислотасын (В витамининин бир түрү) 10 жыл бою күн сайын ичкенден кийин, алардын эмчек рагына чалдыгуу коркунучу кошулманы ичпеген аялдарга салыштырмалуу 20%га өскөн.

Жагдай начарлай берди. Натыйжалары 1996-жылы басылып чыккан 1000ден ашык тамеки чеккендер боюнча жүргүзүлгөн бир изилдөөнү дээрлик эки жыл эрте токтотуу керек болду. Төрт жыл бою бета-каротин жана А витаминин ичкенден кийин өпкө рагына чалдыккандардын саны 28%га, каза болгондордун саны 17%га өскөн.

Бул майда-чүйдө сандар эмес. Плацебо менен салыштырганда, бул эки кошумчаны колдонууда жыл сайын 20 адам көп өлүп жатты. Бул - тест өткөрүлгөн төрт жыл ичинде 80 өлүм болду деген сөз. Авторлор ошол кезде жазгандай: “Учурдагы жыйынтыктар бета-каротинди жана бета-каротин менен А витамининин айкалышын колдонуудан баш тартууга толук негиз берет”.

Кара жолтой идеялар

Албетте, бул белгилүү изилдөөлөр окуяны толук чагылдырбайт. Кээ бир изилдөөлөр, айрыкча тандалып алынган калктын бакыбат тамактануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, антиоксиданттарды колдонуу пайдалуу болорун көрсөткөн.

Бирок ар түрдүү антиоксиданттардын эффективдүүлүгү бааланган 2012-жылкы 27 клиникалык сыноонун жалпы корутундусунда белгиленгендей, далилдер анын пайдасына ыктабайт.

Болгону жети изилдөөдө антиоксидант кошулмалары ден соолукка кандайдыр бир пайда алып келери, анын ичинде жүрөктүн ишемиялык оорусун жана уйку безинин рак оорусу коркунучун азайтары айтылган. Он изилдөөдө эч кандай пайда байкалган эмес: бардык бейтаптарга кант таблеткасын бергендей эле болгон (бирок, албетте, андай эмес). Ал эми калган 10 изилдөөдө көптөгөн бейтаптар антиоксиданттарды колдонуудан кийин мурункуга караганда кыйла начар абалда болуп, анын ичинде өпкө жана эмчек рагы сыяктуу ооруларга чалдыккандар көбөйгөн.

Антиоксиданттык кошулмалар – керемет дары деген идея таптакыр ашыкча – Антонио Энрикес

“Антиоксиданттык кошулмалар – керемет дары деген идея таптакыр ашыкча”, - дейт Энрикес. Лайнус Полиң өз идеялары өлүмгө алып келиши мүмкүн экенин билген эмес. 1994-жылы, көптөгөн масштабдуу клиникалык сыноолор жарыяланганга чейин, ал простата безинин рак оорусунан каза болгон. Витамин С, албетте, ал акыркы демине чейин деп айткандай, бардык ооруга даба эмес болчу. Бирок бул коркунучтун көбөйүшүнө салым кошконбу?

С витаминин дозалап алуу сасык тумоо менен күрөшүүгө да жардам бере албайт

Сүрөттүн булагы, Alamy

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, С витаминин дозалап алуу сасык тумоо менен күрөшүүгө да жардам бере албайт

Биз сыягы, муну эч качан так биле албайбыз. Бирок бир нече изилдөөлөр ашыкча антиоксиданттарды рак менен байланыштырганын эске алганда, бул, албетте, мүмкүн. Мисалы, 2007-жылы АКШнын Улуттук онкология институтунун изилдөөсү көрсөткөндөй, мультивитаминдерди ичкен эркектер ичпегендерге караганда простата безинин рагынан эки эсе көп өлүшөт. Ал эми 2011-жылы 35 533 дени сак эркекке жүргүзүлгөн ушундай изилдөө Е витамини жана селен кошулмасы простата безинин рагын 17%ке көбөйтөрүн аныктаган.

Харман эркин радикалдардын жана карылыктын улуу теориясын сунуш кылгандан бери антиоксиданттар менен эркин радикалдардын (оксиданттардын) так бөлүнүшү начарлап баратат. Ал эскирди.

Антиоксидант – аталыш гана, ал табияттын туруктуу аныктамасы эмес. Полиңдин сүйүктүү кошумчасын, С витаминин алыңыз. Туура дозадагы С витамини жогорку заряддуу эркин радикалдарды алардын эркин электрондорун кабыл алуу менен нейтралдаштырат. Бул молекулярдык шейит клетканын чөйрөсүн коргоо үчүн соккуну өзүнө алат.

Бирок электронду кабыл алуу менен С витамини эркин радикалга айланат жана ал клетка мембраналарына, белокторго жана ДНКга зыян келтириши ыктымал. Тамак-аш химиги Уильям Портер 1993-жылы жазгандай: “[С витамини] – чыныгы эки баштуу Янус, доктор Жекил-мистер Хайд, антиоксиданттардын оксюморону”.

Бактыга жараша, кадимки шарттарда С витамининин редуктаза ферменти С витаминине антиоксидант функциясын кайтара алат. Бирок С витамини ушунчалык көп болгондуктан, ал жетишпей калсачы? Татаал биохимиянын мындай жөнөкөйлөштүрүлүшүнүн өзү эле көйгөйлүү болсо да, жогорудагы клиникалык сыноолор кээ бир ыктымалдуу натыйжаларды берет.

Бөлүп башкаруу

Антиоксиданттардын жаман жагы бар. Эркин радикалдар биздин ден соолук үчүн абдан маанилүү экендигинин далилдери көбөйүүдө, бирок алардын жакшы жагы да дайыма эле пайдалуу боло бербейт.

Эркин радикалдар болбосо, клеткалар көзөмөлсүз түрдө өсүп, бөлүнүүсүн уланта бермек.

Биз азыр эркин радикалдар көп учурда клетканын бир аймагынан экинчисине сигналдарды жөнөтүүчү молекулярдык ортомчулар катары колдонуларын билебиз. Бул ролдо алар клетка чоңойгондо, экиге бөлүнгөндө жана өлгөндө модуляцияланары көрсөтүлгөн. Клетканын жашоосунун ар бир этабында эркин радикалдар абдан маанилүү.

Аларсыз клеткалар көзөмөлсүз түрдө өсүп, бөлүнүүсүн уланта бермек. Бул үчүн бир сөз бар: рак.

Мындан тышкары, сырттан келген инфекцияларга да көбүрөөк чалдыкмакпыз. Зыяндуу бактериялардан же вирустардан улам стресске кабылганда, эркин радикалдар табигый түрдө көбөйүп, биздин иммундук системабызга айгайчылар катары кызмат кылат. Буга жооп кылып, иммундук коргонуубуздун авангардында турган клеткалар (макрофагдар менен лимфоциттер) бөлүнүп, көйгөйдү аныктай башташат. Эгер бул бактерия болсо, аны Пак-Мэн көк арбакты жеп койгон сыяктуу жутуп коюшат.

Ал капканга түштү, бирок али өлө элек. Муну өзгөртүү үчүн, эркин радикалдар дагы бир жолу аракет кылышы керек. Иммундук клетканын ичинде алар зыян келтирүү жана өлтүрүү үчүн колдонулат. Кирген неме жок болот.

Башынан аягына чейин бакыбат иммундук жообу эркин радикалдардын биздин ичибизде болушунан көз каранды. Генетиктер Жоао Педро Магалхаес жана Жорж Черч 2006-жылы жазгандай: “От кооптуу, бирок ага карабастан, адамдар аны кантип колдонууну үйрөнүшкөндөй эле, клеткалар [эркин радикалдарды] башкаруу жана колдонуу механизмдерин иштеп чыккан көрүнөт”.

Башкача айтканда, антиоксиданттардын жардамы менен эркин радикалдардан арылуу жакшы идея эмес. “Сиз денени кээ бир инфекциялардан коргоосуз калтырмаксыз”, - дейт Энрикес.

Кызыл апельсин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ден-соолук үчүн теңдештирилген тамактануу маанилүү экенин талашкан киши аз, бирок көпчүлүгүбүз тамак-ашка болгон муктаждыктарыбызды канааттандыруу үчүн кошумчаларга муктаж эмеспиз.

Бактыга жараша, сиздин денеңизде ички биохимияңызды мүмкүн болушунча туруктуу кармоочу системалар бар. Антиоксиданттар үчүн, бул адатта утилизациялоо үчүн кандагы ашыкча заттарды заарага чыпкалоону камтыйт. “Алар дааратканага барышат”, - дейт Мехико шаарындагы Улуттук политехникалык институтунан Клева Виллануева электрондук катта.

“Биз жакшы теӊдештиребиз, ошондуктан [кошумчалардын] таасири сиз эмне кылбаңыз, орточо болушу үчүн, бул үчүн биз ыраазы болушубуз керек”, - дейт Лейн. Алгачкы микробдор бул уулуу газдан дем ала баштагандан бери биздин денебиз кычкылтек коркунучун тең салмактоого ылайыкташкан. Биз миллиарддаган жылдык эволюцияны жөнөкөй таблетка менен өзгөртө албайбыз.

Бардык антиоксиданттар сыяктуу эле, С витамини бакыбат жашоо үчүн өтө маанилүү экенин эч ким танбайт, бирок сиз дарыгердин көрсөтмөлөрүн аткарбасаңыз, бул кошумчалар сейрек кездешет, анткени бакыбат тамактануу дагы бир вариант болуп саналат. “Антиоксиданттарды колдонуу белгилүү бир антиоксиданттын чыныгы жетишсиздиги айкын болгондо гана туура болот”, - дейт Виллануева. “Эң жакшы вариант - антиоксиданттарды тамак-аштан алуу, анткени анда чогуу аракеттенген антиоксиданттардын аралашмасы бар”.

“Жашылча-жемиштерге бай диета жалпысынан сиз үчүн жакшы экени далилденген”, - дейт Лейн. “Дайыма эмес, бирок жалпысынан ушундай”. Көбүнчө антиоксиданттарга таандык болгонуна карабастан, мындай диетанын пайдасы прооксиданттардын жана башка кошулмалардын бакыбат теӊдештигинен келип чыгышы мүмкүн, алардын ролу али толук изилдене элек.

Эркин радикалдардын жана антиоксиданттардын таӊ каларлык биохимиясы ондогон жылдар бою аныкталып, жүз миңдеген ыктыярдуулар катышып, миллиондогон фунттар сарпталган клиникалык сыноолордон кийин, 21-кылымдын илими сунуш кыла турган эң жакшы тыянак, балдарга класста айтылгандай, - күнүнө беш жолу тамактан. (TA)