"Жеңишбек Токторбаев кеткенде билдик". Ошто келишими жок башталган курулуштар талкууланды

Сүрөттүн булагы, Official
Ош шаарында келишими жок башталган бардык объектилер боюнча курулуш компанияларынын алдындагы финансылык милдеттенмелер толугу менен жабылат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев ишкерлер менен болгон жолугушууда билдирди. Анын айтымында, каражат республикалык бюджеттен жана Президенттин фондунан бөлүнөт. Министр жана шаар мэри Жанарбек Акаев 17-мартта бизнес өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушуп, суроолорго жооп беришти. Буга чейин ишкерлер шаардын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин оозеки буйругуна жана убадасына ишенип, жасаган курулуштарынын акчасын мэриядан доолай баштаган.
Нурдан Орунтаевдин 17-марттагы жолугушууда айтканына караганда, бүгүнкү күндө Ошто тийиштүү документтери жана келишими жок 9 объект курулуп бүтсө, дагы 24 объект салынып жатат.
"Биз жумушту эки баскычка бөлөбүз. Биринчи баскычы – жумуштары жүрүп жаткан, бирок аягына чыга элек объектилер боюнча болот. Бардык объектилер Курулуш министрлигинин карамагына өтөт. Жана ошол Курулуш министрлиги тарабынан бардык иштер аягына чыгарылып, тийиштүү документтердин баары чогултулуп, акча-каражаттары туура сарптоо боюнча да иштерди жүргүзөбүз, - деди министр.
Ал эми курулушу аягына чыккан 9 объектти кабыл алуу үчүн министрлик атайын комиссия түзөт. Орунтаев курулушчуларга объект канча сомго бааланса, иш дал ошого ылайык документтер тапшырылышы керектигин эскертти:
"Ал эми экинчи бөлүгү – курулуш иштери аягына чыккан тогуз объект боюнча. Тогуз объект боюнча биз атайын комиссия түзөбүз. Ошол комиссия иштеп, документтерин аягына чыгарып, документтерине тийиштүү иштер жүргүзүлсө, ошондон кийин биз акча каражаттарын которуп берүүгө дайынбыз. Президентибиз атайын тапшырманы койду. Бул иштер аягына чыгышы керек. Бул жерде Ош шаарынын эли, мындайча айтканда, "барымтада" калбашы керек. Ыңгайсыздыкта калбашы керек. Биз мунун баарын чечкенге бүгүнкү күндө дайынбыз. Мунун баары негизи өз убагында бүтүшу керек болчу. Бирок, тилекке каршы, бүтпөй калган. Эми мунун баарын таштап койбостон, биз мамлекет тарабынан ушул аягына чыгарганга дайынбыз".
Жолугушуу учурунда журналисттер "түзүлгөн кырдаал үчүн министрлик өз жоопкерчилигин сезеби?" деген суроо узатышты. Нурдан Орунтаев Ош шаары өз бюджети жана башкаруу механизми бар республикалык маанидеги шаар экенин, жергиликтүү деңгээлде көзөмөл жүргүзө турган бардык кызматтар болгонун белгиледи.
"Биз Жеңишбек Токторбаев кеткенден кийин жана ишкерлер акчаны ала албай калдык деп айтып чыкканда гана билдик", - деди министр.
Буга чейин ишкерлер шаардын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин оозеки буйругуна жана убадасына ишенип, жасаган курулуштарынын акчасын мэриядан доолай баштаган. 14-мартта Курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев менен бирге Ош мэриясынан карызыбызды өндүрө албай жатабыз деген ишкерлер менен жолуккан.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Анда айрым ишкерлер мэриядан эң кеми дегенде 10 миллион сом, айрымдары 250 миллион сомго чейинки аласасы бар экенин айтышкан.
Ишкер Сыргак Талант уулу алардын маселесине көңүл бурулуп жатканына кубанып жатканын айтты.
"Көпчүлүгү саясатташтырып жиберишти. Биздин негизги максат саясат эмес, биз саясатчы эмеспиз, башка эмеспиз. Биз ишкербиз. Биз өзүбүздүн бешене терибиздин, жасаган жумушубуздун акысын алуу максатында эле айтып чыкканбыз. Бирөөнү каралоо же жамандоо максаты болгон эмес. Болгону Токторбаев мезгилинде кандай жумуштар болгон, эмне мыйзамсыз иштер болгон, ачык айтып, чечип бериңиздер, эл дагы билсин, бийлик өкүлдөрү да билсин деген максатта эле чыктык", - деди ишкер.
Буга чейин ЖМКларда Ош мэриясынын курулуш компанияларына болгон карызы 12 миллиард сомго жетиши мүмкүн деген маалыматтар тараган. Бирок мурдагы мэр Жеңишбек Токторбаев бул маалыматты четке кагып, карыз болжол менен 2,2 миллиард сомду түзөрүн билдирген.
Ал "Азаттыкка" маек берип жатып мэрияны карызга батырып кетиптир деген дооматтарын четке каккан болчу.
"Муниципалдык капиталдык курулуштан подрядчы компанияларга 750 млн сом, Шаардык жол куруу ишканасында 1 млрд 500 млн сомдун тегерегинде карыз бар. Жалпы шаарда аткарылган иштер боюнча подрядчы ишканаларга 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде карыз бар", - деген Токторбаев.
Оштун азыркы мэри Жанар Акаев карыздар боюнча Эсеп палатасы текшерүү жүргүзүп жатканын айтты. Ошондой эле ал башталган курулуштардын баары аягына чыгарыла турганын билдирген.






























