Гезит дизайнери Эрнис Жээнтаевдин иши кийинки инстанцияга которула элек

Сүрөттүн булагы, Social media
Фейсбук баракчасында бийликти сындаганы үчүн быйыл 13-февралда алты жылга соттолгон гезит дизайнеринин адвокаттары Жээнтаевдин иши Бишкек шаардык сотко эмдигиче которулбай жатканына нааразы болушууда. Бул тууралуу Би-Би-Сиге жактоочу, юрист Нурбек Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, Жээнтаевге чыккан сот өкүмүнө карата доо арызды алар Бишкек шаардык сотко быйыл 2-мартта эле жолдошкон. Бирок биринчи инстанциядагы сот Жээнтаевге байланыштуу соттук материалдарды жана жалпы ишти кийинки инстанциядагы шаардык сотко өткөрө элек.
Адвокаттардын бул тууралуу сурамына Биринчи май райондук соттун канцеляриясы ишти караган судья эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин жүйө келтиришкен.
Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы бул жагдай боюнча Би-Би-Сиге жооп берди: "Бул иш канцелярияга тапшырылган, эртең шаардык сотко кетет".
27-февралда Эрнис Жээнтаевдин апасы каза болуп, Президенттик администрация Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатууга уруксат берген эле.
Бул окуядан кийин 41 жаштагы Эрнис Жээнтаев үч баланын атасы, жубайы мектепте катардагы мугалим экени жана ага күч келип жатканы маалым болгон. Журналисттик коомчулук 14 миң сом эсебинде бул үй-бүлөгө акчалай жардам чогултту. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Жээнтаевдин жубайы Гулниза билдирип, жолдошунун кесиптештерине ыраазычылык айтты.
Бийликтин сындаган курч посттору менен белгилүү Эрнис Жээнтаев былтыр ноябрдан тарта социалдык платформаларда активдүү болбой калган. Коомчулукка анын камалып, соттолгону тууралуу 13-февралда ага карата Биринчи май райондук сотунун өкүмү чыккандан кийин гана белгилүү болду.
Сот аны алты жылга эркинен ажыраткан. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык башаламандыктар) 3-бөлүгү (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) жана ошондой эле 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды сактоо) негизинде кылмыш иши козголгон.





























