УКМК башчысы ишкерлерге басым-кысым болбой турганын убада кылды

Сүрөттүн булагы, Official
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков 16-мартта бизнес-коомчулугу менен жолугушууда укук коргоо органдар тарабынан ишкерлерге карата тоскоолдуктарды түзүүгө мындан ары жол берилбей турганын билдирди.
"Ак ниеттүү бизнес эркин жана ишенимдүү иштеши керек. Укук коргоо органдарынын негизги милдети - тоскоолдук жаратуу эмес, экономиканы коргоо, андыктан биз силердин ишмердүүлүгүңөргө негизсиз кийлигишүүдөн алыспыз, тескерисинче силерге кандайдыр бир кысуулар болсо, коргоого даярбыз. Болгону ачык жана ак ниет иштеп бериңиздер"", - деди УКМК башчысы.
Ошону менен бирге ал бизнес өкүлдөрүн кылмыштуу схемалардан алыс болууга жана салыктык милдеттенмелерин так аткарууга чакырды. Анын айтымында, экономиканын өсүшү - бул эки тараптуу жоопкерчилик.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер да өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышкан.
Мурдараак президент Садыр Жапаров бир канча жолу ишкерлерге кысым көрсөтүүнү токтотууну тапшырган.
Мамлекет башчысы 10-февралда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алган. Аны менен кошо бир катар орун басарлар да алмашкан. Атайын кызматтын айрым башкармалыктарынын жетекчилерине жана тергөөчүлөрүнө кылмыш иштери козголуп, камалды.
Алар криминалга аралашып, ишкерлерди опузалап жүргөнү тууралуу кабарлар тарады. "Эду жана анын кырк чоросу" деген топ бар экени тууралуу маалыматтар социалдык тармактарда жайылтылды.
Маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Элвира Суравалдиева 11-мартта бул боюнча президент Садыр Жапаровго да суроо берген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
"Көбүнчө ишкерлер арызданып жатат. Тоноп, мал-мүлкүнөн ажыратып койгон учурлар көп экен. Алар УКМКнын катарындагы кызматкерлер экен. Арыз жазгыла десем, ошол эле адамдардын жакындары прокуратурада, президенттик администрацияда иштейт экен. Бишкек шаары ушунчалык кичинекей, туугандары менен элди тоношкон экен. Мамлекетке өткөн мүлк боюнча УКМК ачык маалымат берип, тизмени жарыялаш керек. Канча мүлк мамлекетке мажбурлап өткөрүлдү, канчасы өз ыктыяры менен кайтарды деген суроолор келип жатат мага. Көпчүлүк учурда УКМКнын кызматкерлери мүлктөрдү өздөрүнө, туугандарына каттатып алганы ачык айтылып жатат", - деди Сурабалдиева.
Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин жетекчилерине ишкерлерден арыз түшсө калыс текшерип, адилет чечим кабыл алуу тапшырмасын бергенин билдирди:
"Жарымын өзүнө алып, жарымын мамлекетке кайтарган деген боюнча да айттым. Иликтеп, ким жарымын чөнтөгүнө салып алса, мамлекетке алгыла, кимдир бирөөнүн атына жамынып алып, ишкерлердин мүлкүн тартып алышса, аларды да өздөрүнө кайтартып бергиле деп айттым. Азыр ошонун үстүнөн иштеп жатышат. Ал эми мамлекетке өткөн мүлктөр жылдын аягына чейин ревизия болуп бүтөт. Ошондон кийин маалымат беребиз".
Садыр Жапаров УКМК реформа болорун, ал чалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизмге каршы күрөш сыяктуу иштер менен гана алектенерин билдирген. Жапаров Тергөө комитети түзүлүп, бул орган преидентке түздөн-түз баш ийерин жарыялаган.





























