Ооган бийлиги Кабулдагы ооруканага Пакистандын жасаган аба соккусунан жүздөгөн адам каза болгонун билдирди

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Шейшемби күнү Талибан өкмөтүнүн өкүлү билдиргендей, Пакистандын Кабулдагы баңгиликке чалдыккандарды реабилитациялоочу ооруканасына жасаган аба соккусунан кеминде 400 адам каза болуп, 250сү жаракат алды. Пакистан бийлиги ооруканага сокку урулганын четке кагып, бутага аскердик объектилер жана инфраструктура алынганын ырастоодо.
Ооган өкмөтүнүн өкүлү Хамдулла Фитраттын айтымында, аба соккусу дүйшөмбү күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө жасалган. Сокку 2000 орундуу мамлекеттик реабилитациялык борборго тийген.
"Оорукананын олуттуу бөлүгү талкаланды жана курмандыктардын саны көп болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар", - деп жазды ал X (мурдагы Twitter) социалдык тармагындагы билдирүүсүндө. "Тилекке каршы, учурда каза болгондордун саны 400гө жетип, дагы 250дөй адам жаракат алды".
Анын айтымында, окуя болгон жерде куткаруу топтору өрттү өчүрүү жана жабыркагандардын сөөгүн алып чыгуу иштерин жүргүзүштү. Би-Би-Синин операторлору дагы деле күйүп жаткан ооруканага барып, 30дан ашык сөөктүн замбилдер менен чыгарылып жатканына күбө болгон. Оорукана кызматкерлери ал жерде 2000ге жакын адам дарыланып жатканын жана жабыркагандардын саны жүздөп саналышы мүмкүн экенин айтышты.
Би-Би-Си азырынча өкмөттүн 400 курмандык тууралуу маалыматын көз карандысыз булактардан тастыктай элек.
Пакистандын позициясы
Пакистан кандайдыр бир медициналык мекемелерге сокку урганын четке кагып, Кабулдагы жана чыгыштагы Нангархар провинциясындагы "аскердик объектилер жана террорчуларды колдоо инфраструктурасы бутага алынганын" билдирди.
Пакистандын Маалымат министрлиги соккулар "ар кандай кошумча зыяндарды болтурбоо үчүн так жана кылдат пландаштырылганын" маалымдады. Пакистан тарап Ооган бийлигинин билдирүүсүн «чек ара аралык терроризмди мыйзамсыз колдоону жашыруу үчүн кырдаалды курчутууга багытталган фактыларды бурмалоо" деп атады.
Чыр-чатактын тарыхы
Эки өлкө ортосундагы жаңжал февраль айында Пакистан Ооганстанды "Техрик-е Талибан Пакистан" тобунун согушкерлерин калкалап жатат деп айыптагандан кийин кайрадан башталган. Расмий Кабул муну четке кагып келет.
БУУнун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын (UNAMA) буга чейинки маалыматы боюнча, 26-февралдан бери уланып жаткан согуштук аракеттердин натыйжасында Ооганстанда кеминде 75 адам каза болуп, 193ү жаракат алган. Октябрь айында тараптар ок атышууну токтотууну макулдашканына карабастан, кагылышуулар бир нече айдан бери уланууда.
Кырдаалды жөнгө салууда Кытай ортомчу катары чыгууда. Өткөн жумада Кытайдын тышкы иштер министри Ван И ооган жана пакистандык кесиптештери менен телефон аркылуу сүйлөштү. Дүйшөмбү күнү Бээжин ок атышууну "эртерээк" токтотууга чакырып, эки өлкөнү тең "сабырдуулук сактоого жана тез арада түз байланышка чыгууга" үндөдү.






























