ЖМК: Трамп Украина боюнча сүйлөшүүлөргө кызыгуусун жоготту

- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Си
- Окуу убактысы: 2 мүнөт
АКШнын президенти Дональд Трамп болгон назарын Ирандагы согушка бургандан кийин Украинада тынчтык орнотуу тууралуу сүйлөшүү процесси созулуп кетти. Бул тууралуу европалык бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып, Financial Times гезити жазды. АКШнын Орусияны тынчтыкка мажбурлоо максатында жасаган басымы да өз кезегинде азайып баратат.
АКШнын, Орусиянын жана Украинанын катышуусунда соңку үч тараптуу тынчтык сүйлөшүүлөрү февралдын ортосунда Женевада өтүп, тараптар өтө жупуну билдирүүлөр менен гана чектелген болчу.
Ошол жолугушууда тараптар элдешүүгө – ок атышуу токтогондон кийин эмнелер болоруна байланышкан техникалык маселелерди талкуулоодо мунасага келгендей болушкан. Бирок, саясий маселелерди, башкача айтканда, согуш кандай шарттарда токтошу мүмкүн деген теманы талкуулоодо көзгө илинерлик жылыш байкалган эмес.
Орусия украин армиясы Донбасстын бүт аймагынан чыгып кетишин талап кылууда, ал эми Украина бул шартты кабыл алынгыс деп эсептейт. Орусиянын көзөмөлүндө калып жаткан Запорожье атомдук станциясынын статусу да чечиле элек.
Үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасы Жакынкы Чыгышта башталган жаңы согуштан улам белгисиз мөөнөткө калды, ал эми президент Трамп болгон көңүлүн Иранга бурду. Бул тууралуу Financial Times гезитине төрт европалык дипломат айтты. "Бул биз Европа үчүн да, Украина үчүн да катастрофа", - деп кошумчалады алардын бири.
"Сүйлөшүүлөрдө чындап эле тыным бар. Америкалыктардын артыкчылыктары өзгөргөнү анык", - деп ырастады гезитке орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
АКШдан Украинага курал-жарак, өзгөчө абадан коргонуу жабдуулары да кечигип жатат, себеби Вашингтондун күн тартибинде башка маселе турат.
"Негизи эле ушул тапта Украина жана Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөр АКШнын жардамы үчүн атаандашууга мажбур болууда", - деп түшүндүрдү Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Кая Каллас.
Орусия АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушунан пайда гана көргөн бенефициарга айланды, себеби мунайдын баасы кескин көтөрүлдү.
Financial Times кепке тарткан эксперттердин баамында, Ирандагы согуштан улам Орусия күн сайын 150 миллион долларга чейин кошумча киреше таап жатат.
Анын үстүнө бейшембиде АКШ мунайдын баасын түшүрүүгө аракет жасап, орусиялык мунайга киргизилген санкцияларды убактылуу алып салды. "Мындай иш-аракеттер тынчтыкты орнотууга эч көмөкчү болбой турганы талашсыз", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Трамп: Путинге караганда Зеленский менен тил табышуу оор
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Жекшембиде NBC News телеканалы менен маектешүү маалында Трампка "орус мунайына киргизилген санкцияларды убактылуу алып салуу чечими канчалык туура?" деп күмөн санаган европалык лидерлердин сыны тууралуу суроо узатылды.
Трамп Владимир Зеленскийди сынга алып, Владимир Путинге караганда украин лидери менен тил табышуу алда канча кыйын экенин айтты.
"Мен Зеленскийдин бүтүм түзүүнү каалабай жатканына таң калдым. Зеленскийге бүтүм түзсүн деп айтып койгулачы, себеби Путин буга даяр", - деди ал.
Бирок, Би-Би-Си буга чейин бир нече жолу жазып келгендей, артка чегинип, мунаса табууга биринчи кезекте Орусия макул болбой жатат.
Кремлдин сүйлөшүүлөрдөгү позициясына ылайык, украин аскерлери Донбасстын бүт аймагынан, анын ичинде Украинанын көзөмөлүндө турган райондордон да токтоосуз чыгып кетиши керек.
Президент Владимир Путин эгерде бул талап аткарылбаса, Орусия бул маселени "аскердик жол менен да" чечүүгө ыраазы экенин бир нече жолу ачык айткан.
Украин бийлигинин ырасташынча, Путин сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына кызыкдар эмес, ал сүйлөшүүлөрдү Трамп менен мамилени сактап калып, Орусияга кошумча санкцияларды киргиздирбөө үчүн колдонууда. (ZMa)





























