"Жолбун иттерди атуу менен маселе чечилбейт". Көчө иттери тууралуу фильм тартылды

вы
    • Author, Мээрим Догдурбекова
    • Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматынын кабарчысы
  • Окуу убактысы: 4 мүнөт

Эки апта мурун Токмок шаарында жолбун иттер мектептен кайтып келаткан балдарды каап, бирөөсүн тиштеп алган видео соцтармакка тараган. Коомчулукта бул окуя талкуу жаратып, айрымдар ээсиз калган үй жаныбарларын атуу керектигин айтып чыгышты. Бирок жаш режиссерлор Караш менен Алиман бул көйгөйдү атуу менен эмес, андан гумандуу жол менен чечсе болот деп эсептешет. Алар бул идеяны жолбун иттерди өзүнүн короосуна багып алган Татьяна тууралуу толук метраждуу тасмасы аркылуу айтышат.

Караш Жанышов "Иттер" толук метраждуу даректүү тасмасынын режиссеру
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Караш Жанышов "Иттер" толук метраждуу даректүү тасмасынын режиссеру

"Башкы каарманыбыз көчөдө туулуп, өлүп калган кичинекей ит же мышык көрүп калса же унаа сүзүп кетип, жаракат алган жаныбар көрсө деле боору ооруп, үйүнө алып бара берет. Анан ошентип көп жылдан бери ташый берип, үйүндө көбөйүп кеткен. Бирок биз кинодо бир эле ушул нерсени көрсөткөн жокпуз. Кинодо зоо-коргоочулар, жаныбарлардын укугун коргоп жүргөндөр, активисттер бар. Биз ушул проблеманы кантип гумандуу жолдор менен чечсе болот деген маселенин үстүндө чуркап жүргөндөрдү тарттык",-деди тасманын режиссерлорунун бири Караш Жанышов.

Бул тасманын каарманы - Татьяна. Ал өзүнүн короосуна жолбун иттерди багат
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул тасманын каарманы - Татьяна. Ал өзүнүн короосуна жолбун иттерди багат

Импакт-тасма жакында эле Латвияда өткөн эл аралык абройлуу кинофестивалдан сыйлык алып келген. Авторлор чыгармачылык менен гана чектелбей, фильмде айтылган маселенин чечилишинин жолун издеп жатканын айтышууда.

Алиман Токтогул, "Иттер" толук метраждуу даректүү тасмасынын режиссеру
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Алиман Токтогул, "Иттер" толук метраждуу даректүү тасмасынын режиссеру

"3-мартта тегерек стол өткөрдүк. Ага депутаттар, мэриянын өкүлдөрү жана башка ушул көйгөйгө тиешелүү адамдарды чакырганбыз. Алар менен аябай чоң талкуу болду. Анан ошонун негизинде биз бул маселени чечиш үчүн тийиштүү мыйзам долбоорун иштеп чыгышыбыз керек деген чечимге келдик", - деди тасманын режиссуру Алиман Токтогул.

Өткөн аптада депутат Гуля Кожокулова дал ошол тегерек столго катышкандан кийин, бул маселени Жогорку Кеңештин трибунасында көтөрдү.

"Тазалык» ишканасынын кароосуз иттерди атуу боюнча аракеттери канчалык мыйзамдуу? Эмне үчүн шаардык бюджеттен жыл сайын 4 млн сомдон 7 млн сомго чейин чоң каражат кароосуз иттерди атууга бөлүнөт? Эмне үчүн бул каражаттар алардын стерилизациясына же болбосо жаныбарларды кармоого жана жаныбарлар үчүн баш калкалоочу жайларды курууга багытталбайт? Менимче, бул маселеде Бишкек шаарынын прокуратурасы да карап турбашы керек. Алар Бишкек шаарынын мэриясынын чарбалык кызматтарынын кароосуз иттерди атуу боюнча аракеттеринин мыйзамдуулугун текшериши керек. Себеби биздин мыйзамдар жаныбарларга ырайымсыз мамиле кылгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин караганын унутпашыбыз керек" , -деди депутат Гуля Кожокулова.

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова

Көп өтпөй Бишкек мэриясы жолбун иттер мыйзамдын чегинде атыларын тастыктап, кароосуз калган жаныбарлар үчүн атайын жай куруу чоң бюджеттик чыгымдарды талап кыларын билдирген.

"Атайын жай (приют) түзүү сунушу боюнча белгилей кетсек, мындай жайды куруу жана кармоо алда канча чоң бюджеттик чыгымдарды талап кылат: капиталдык курулуш, керектүү жабдуулар, кызматкерлердин штаты, сутка бою ветеринардык тейлөө, тамак-аш жана коммуналдык кызматтар. Мындан тышкары, комплекстүү программа (стерилизация, каттоо, вакцинация, үй жаныбарларынын ээлери менен иш алып баруу) болбосо, бир гана приют түзүү кароосуз жаныбарлардын санын тез арада азайтууга алып келбейт жана бюджеттик чыгымдардын жыл сайын көбөйүшүнө алып келет" , - деп жазылат мэриянын сайтында.

Бишкек мэриясынын сайтына чыккан билдирүү

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бишкек мэриясынын сайтына чыккан билдирүү

Бишкек мэриясы өзүнүн билдирүүсүндө алдыда кароосуз калган жаныбарлардын санын азайтуу максатында үй жаныбарларын багууда жаңы эрежелер киргилизилиши мүмкүн экендигин кошумчалаган. Бирок жаныбарларды коргоо багытындагы юрист Жылдыз Сакиева бул маселени чечүүдө жаңы мыйзам долбоорлору иштелип чыгышы керектигин белгилейт.

Жаныбарларды коргоо багытындагы юрист Жылдыз Сакиева
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаныбарларды коргоо багытындагы юрист Жылдыз Сакиева
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Биз бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алышыбыз керек. Мисалы, милдеттүү түрдө чип менен бекитүү, стерилизациялоо, сөзсүз түрдө каттоодон өткөрүү деген сыяктуу. Бул өкмөткө эмне берет? Эгер чип болсо, жаныбар кимге таандык экенин билинип, кайра ээсине кайтарса болот жана жоопкерчиликке тартуучу мыйзам да кабыл алынышы керек", - деди Жылдыз Сакиева.

Тасманын импакт-продюсери Мария Дягилева мамлекеттик деңгээлде кандай мыйзам кабыл алынбасын, аң-сезимдүүлүк ар бир жарандын өзүнөн башталарын баса белгилейт.

"Өкмөт кандай мыйзам киргизбесин, ар бир ит баккан адамдын өзү менен да иштешиш керек. Мисалы, үйдө ити ондогон күчүк тууп койсо, аны барып көчөгө таштайт же бирөөгө берет да же көчөдөн бирөө ит көрүп калса, ага барып тамак берип коет. Болду. Андан ары эч нерсе жасалбайт. Менимче, биздин иштеги эң маанилүү нерсе – бул аң-сезимдүүлүк. Адамдарды аң-сезимдүүлүккө үндөө. Адам өзү биринчи ошол проблеманы көрүп, чечүүгө умтулбаса, мамлекет да, башка адамдар да буга көңүл бөлбөйт ", - деди Дягилева.

Мария Дягилева, импакт-продюсер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мария Дягилева, импакт-продюсер

Кыргызстанда соңку жылдары жолбун иттер көбөйүп, алар көчөдө басып бара жаткан адамдарды тиштеген учурлардын саны өскөн. Аларды атуу үчүн бюджеттен атайын каражат бөлүнөт. "Тазалык" ишканасы бул процедуралар мыйзам чегинде өткөрүлөрүн айтканы менен, калаа тургундары ит атарлардын жаш балдардын көзүнчө атып өлтүргөндөрүнө даттанган учурлар да жок эмес.

Учурда Кыргызстанда жолбун иттерге кам көрүүчү бир гана "Кумайык" пилоттук программасы иштейт. Анын алкагында жылына 20 миңдей ит стерилизация болуп, 15 миңи эмдөөдөн өтөт.

Соцтармактарда жолбун иттердин атылышы боюнча дайым эки ача пикирлер айтылып келет. Айрымдары жолбун иттердин жугуштуу ооруларды алып жүрөт деп кооптонушса, башкалары ээси жок үй жаныбарлары боюнча көйгөйдү башка жолдор менен чечүүнү талап кылып келишет. А силер кандай ойлойсуңар, жолбун иттерди атып өлтүрүү керекпи же аларды эмдеп, стерилизациялап туруу маанилүүбү? комментарийге жазгыла.