"Элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум". Ташиев мандатын тапшырды

Шаирбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, Official

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Өлкөдөн чыгып кеткен УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев өз эрки менен депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу Боршайком бүгүн маалымат таратты.

БШК 14-марттагы жыйынында парламент депутаты Шаирбек Ташиевдин ыйгарым укуктарын анын жеке арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотту.

"Жогорку Кеңеш депутаты Шаирбек Ташиевдин ырастамасы жараксыз деп таанылат", – делет бул тууралуу расмий маалыматта.

Мандатынан ажыратылгандан кийин Ташиев шайлоочуларына жакын тарапкерлеринин бири Бактыгүл Беркбаеванын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

"Бүгүн, 2026-жылдын 14-мартында сиздер мага ишенип берген мандатымды тапшырдым. Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракет кылдым. Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду", - делет ал кайрылууда.

Күн мурун жергиликтүү ЖМКлар депутат ИИМге суракка чакырылганын жазып чыгышкан.

10-мартта социалдык тармактарда мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин сүйлөшүүсү делген видео тараган. Тасмада Коргонбай уулу Шаирбек Ташиев экөө Грузияда кумар ойногонун, казиного 1 миллион 320 миң доллар уттуруп жиберишкенин эске салган. Ал карыздын бир бөлүгүн Камчы Көлбаев жапканын кеп кылган.

Бул окуядан кийин Коргонбай уулу Камчыбек Ташиевдин опузасы менен депутаттык мандатын тапшырганын билдирген. Жусупбек Коргонбай уулу Би-Би-Сиге Шаирбек Ташиев менен кумаркана жөнүндө сүйлөшкөнү чын экенин айткан.

Февралдын аягында дагы бир видео тарап, анда Шаирбек Ташиев делген адам алты гектар жерде базасы бардыгын, 10 миллион долларга сатып жиберүүнү көздөгөнүн, бирок кийин ал жерге суусундук заводун курууну пландап жатканын айткан. Ошондой эле жубайына 37 миң долларга кымбат бриллиант сөйкө-шакек алып бергенин кеп кылган.

Шаирбек Ташиев өзү же анын адвокаттары бул сүйлөшүүлөрдү төгүндөп же бышыктай элек.

Кыргызстанда атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын делген депутат, министрдин орун басарлары жана мамлекеттик органдарда иш алып барган дагы башка ондогон адамдар кызматынан чегинип же иштен алынып жатышат.