Орусиядагы "патриоттук тарбияны" чагылдырган тасманын "Оскардагы" дүбүртү

Сүрөттүн булагы, ANGELA WEISS / AFP via Getty Images
Пол Томас Андерсондун "Улам бир салгылашуу" тасмасы алты номинацияда, анын ичинде "Мыкты тасма" деген категорияда жеңүүчү деп табылды. "Мыкты актер" наамын Майкл Б. Жордан ("Күнөөкөрлөр"), ал эми "Мыкты актриса" наамын Жесси Бакли ("Гамнет") жеңип алышты. Орусиядагы мектепте аскердик үгүттү чагылдырган "Эч ким эмес мырза Путинге каршы" тасмасы "Мыкты даректүү тасма" деп табылды.
Январдын аягында, талапкерлердин тизмеси жарыяланганда, "Оскар" үчүн негизги кармаш "Күнөөкөрлөр" (16 номинация) жана "Улам бир салгылашуу" (13 номинация) тасмаларынын ортосунда болору белгилүү эле.
Жыйынтыгында "Улам бир салгылашуу" "Мыкты тасма" жана "Мыкты режиссердук эмгек" номинацияларын кошо алганда, 6 "Оскарды", ал эми "Күнөөкөрлөр" төрт "Оскарды" алды, анын ичинде "Мыкты актер" номинациясында утуп алды.
Пол Томас Андерсондун көптөн күткөн "Оскары"

Сүрөттүн булагы, Patrick T. Fallon / AFP via Getty Images
"Улам бир салгылашуу" тасмасынын режиссеру Пол Томас Андерсон буга чейин "Оскарга" 14 жолу көрсөтүлгөн, бирок бир да жолу аны алган эмес. Андерсон "Буги стилиндеги түн", "Магнолия" жана "Мунай" сыяктуу тасмаларды тарткан, алар киносынчылардын эң жогорку баасын жана көптөгөн эл аралык сыйлыктарды алган.
Бул жолу Пол Томас Андерсон мыкты режиссёр ("Улам бир салгылашуу") жана адаптацияланган сценарийдин автору катары бир эле учурда эки "Оскарды" алды.
Анын тасмасы радикал солчул активист, бомбалоочу (Леонардо Ди Каприо) менен расист полковниктин (Шон Пенн) тиреши аркылуу чагылдырылган идеялардын кризиси жөнүндө. Сынчылар бул тасманы Андерсондун башка белгилүү "Мунай" тасмасы менен салыштырышууда. "Мунай" номинанттардын арасында болгону менен ошол жылы "Оскарды" ала алган эмес.

Сүрөттүн булагы, Patrick T. Fallon / AFP via Getty Images
"Улам бир салгылашуу" тасмасы эки негизги режиссердук сыйлыктан тышкары, "Мыкты адаптацияланган сценарий", "Мыкты кастинг" жана "Мыкты монтаж" номинцияларында да жеңүүчү болду.
Мындан тышкары, Шон Пенн "Экинчи пландагы мыкты актер" номинациясында "Оскарды" алды. Бул анын "Сырдуу дарыя" (2003) жана "Харви Милк" (2013) тасмаларынан кийин алган үчүнчү "Оскары".
"Күнөөкөрлөр" жана "Гамнет"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Леонардо Ди Каприого ("Улам бир салгылашуу") да, Тимоти Шаламеге ("Керемет Марти") да быйыл "Мыкты актер" номинациясында "Оскар" тийген жок.
Алтын статуэтканы "Күнөөкөрлөр" тасмасында эгиздердин ролун аткарган Майкл Б. Жордан алды. Бул тасма 1930-жылдары Миссисипиге бар ачуу үчүн келип, канкор вампирлер менен кармашкан эгиздер тууралуу баяндайт.
"Күнөөкөрлөр" оригиналдуу сценарий, оригиналдуу музыка жана оператордук иш үчүн дагы үч "Оскарды" алды.
"Мыкты актриса" сыйлыгы "Гамнет" тасмасында аткарган ролу үчүн Жесси Баклиге ыйгарылды. Жесси Бакли "Согуш жана тынчтык", "Тыюу" жана "Чернобыль" сериалдарындагы ролдору менен белгилүү ирландиялык актриса жана ырчы.
Бакли буга чейин бул ролу үчүн Critics Choice, "Алтын глобус", BAFTA жана Actor Awards сыйлыктарын алган. Эми ал Рене Зеллвегерден кийин мыкты беш сыйлыктын баарын алган биринчи актриса болуп калды. 2020-жылы Зеллвегер "Жуди" тасмасындагы башкы ролу үчүн "Мыкты актриса" катары бардык беш сыйлыкты жеңип алган эле.
"Экинчи пландагы мыкты актриса" номинациясын Эми Мэдиган ("Курал") жеңип алды. Бул анын "Оскар" сыйлыгына экинчи номинациясы – акыркы жолу 40 жыл мурда "Өмүрүндө эки жолу" тасмасы үчүн көрсөтүлгөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Оскардын" жалпы саны боюнча "Франкенштейн" тасмасы эки негизги фаворитке бир аз гана жетпей калды. "Франкенштейн" тасмасы "Мыкты грим", "Мыкты костюмдар" жана "Мыкты көркөм жасалгалоо" үчүн үч "Оскарды" илип кетти.
"Аватар: от жана күл" тасмасы "F-1", "Күнөөкөрлөр" жана "Юр доорунун дүйнөсү: кайра жаралуу" тасмаларын артта калтырып, визуалдык эффекттер үчүн "Оскарды" жеңип алды.
"F-1" тасмасы "Мыкты үн" номинациясында жеңүүчү деп табылды.
"Мыкты чет элдик тасма" деп норвегиялык "Сентименталдуу баалуулук" тасмасы табылды.
"Эч ким эмес мырза Путинге каршы"

Сүрөттүн булагы, Patrick T. Fallon / AFP via Getty Images
Орусия тууралуу "Эч ким эмес мырза Путинге каршы" тасмасы "Мыкты даректүү тасма" номинациясында жеңүүчү болду.
Тасманы режиссёрлор Дэвид Боренстайн жана Павел Таланкин тартышкан. Тасманын өзөгүн Таланкин Карабаш шаарындагы мектепте видеограф болуп иштеп жүргөндө жашыруун тартып алган эпизоддор түзөт. Тактап айтканда, ал "патриоттук тарбия" сабактарын тасмага түшүрүп алган.
Мунун алдында тасма ушул жылдын мыкты даректүү тасмасы деп BAFTA сыйлыгын алган.
Сыйлык алуу үчүн сахнага чыкканда Павел Таланкин орус тилинде сүйлөдү. "Төрт жылдан бери жылдыздуу асманды тиктеп, эң маанилүү тилегибизди айтып келебиз. Бирок жылдыздардын ордуна асмандан бомбалар түшүп, дрондор учкан өлкөлөр бар. Биздин келечегибиз үчүн, балдарыбыздын бакубат жашоосу үчүн бардык согуштарды токтотолу. Муну азыр жасайлы", - деди Таланкин.
Тасманын режиссёру Дэвид Боренстейн Орусия жөнүндө жана жалпысынан кылмыштарга жана үгүткө шериктештик тууралуу айтып берди. «Бул өлкөңдү кантип жоготуп алышың мүмкүн экенин чагылдырган тасма. Биз бул тасманы тартып жатканда өлкөнү сансыз, көзгө илинбеген шериктик аракеттер менен кантип бир заматта жоготуп алса болорун көрдүк», - деп айтты Боренстейн.
"Жиндердин артынан түшкөн K-Pop аңчылардын" эки "Оскары"

Сүрөттүн булагы, Kayla Bartkowski / Los Angeles Times via Getty Images
"Мыкты анимациялык тасма" номинациясында "Жиндердин артынан түшкөн K-Pop аңчылар" жеңүүчү деп табылды. Бул анимациялык тасма "Нетфликстин" тарыхында эң көп көрүлгөн тасма болуп калды. Өткөн аптада компания тасманын уландысы болорун билдирди, бирок качан чыгары азырынча белгисиз.
"Мыкты кыска метраждуу көркөм тасма" номинациясында бир эле учурда эки тасма жеңүүчү деп табылды. Алар: "Ырчылар" жана "Эки адам шилекей алмашууда". Бир номинацияда эки тасма жеңүүчү деп табылган учурлар болот, бирок бул өтө сейрек көрүнүш. Акыркы жолу 2012-жылы үндү тариздөө үчүн сыйлыктын женүүчүлөрү аныкталганда ушундай болгон эле.
"Мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма" номинациясында жеңиш "Көз жашы бермет кыз" тасмасына ыйгарылды.
Бул категорияда орусиялык аниматор Константин Бронзиттин "Үч эже-сиңди" анимациялык тасмасы мыкты деп табылды. Бул тасма жетүүгө оңой болбогон аралда жашаган улгайган эже-сиңдилердин окуясын баяндайт. (ZMa)





























