Аксы окуясында жабыркагандар президентке кайрылышты

Аксы окуясы, видеодон скриншот

Сүрөттүн булагы, Screenshot

Окуу убактысы: 1 мүнөт

Аксы окуясында жабыркагандар жана алардын жакындарынан турган 33 киши бүгүн президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев аркылуу Садыр Жапаровго кайрылышты.

Кайрылууда алар бекер дарылануу жана жыл сайын санаторийге жолдомо берүүнү суранышты. Бул тууралуу Би-Би-Сиге Аксы окуясына катышып, бутунан жаракат алган Максатбек Момуналиев билдирди.

"Президентке кайрылып, ден-соолугубузга байланыштуу биринчи кезекте оорукана маселесин көтөрдүк. Кайда барбасак да токтоосу кабыл алып, бекер дарыланууну суранып жатабыз. Экинчи маселе - санатория", - деди Момуналиев.

Бүгүн, 17-мартта Аксыдагы Боспиекте президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңеш депутаты Айсара Абдибаева, Аксы районун акими Максатбек Саргазаковдин катышуусунда эскерүү реквиеми болуп өттү. Ага жергиликтүү жүзгө чукул киши катышты.

"Аксылыктар демократиянын, адилеттүүлүктүн башатында турган. Буга чейинки бийликтин өзүмбилемдиги Аксы окуясына алып келген. Ошол үчүн Аксы окуясынан сабак алышы керек - деген сөздөр айтылды "- деди Аксы окуясында күйөөсүн жоготкон Айбарчын Сатыбекова.

Тынчтык митингге чыгып, окко учкан алты адамды эскерип Бишкекте оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров баштаган бир катар катар саясатчылар, анын ичинде Мамбетжунус Абылов, Айбек Бусурманкулов Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана апрель окуяларынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке барып, гүлчамбар коюшту.

"24-жыл мурун ушул күнү Аксы окуясы болду эле. Аксы окуясы Кыргызстандын тарыхындагы чоң саясий жана тарыхый бурулуш болгон. Ошол кезде эл үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыккан. Кыргыздын жери Кытайга берилбесин деп чыккан. Өзүнүн депутатына саясий куугунтук болбосун деп чыккан", - деди Айбек Бузурманкулов.

2002-жылдын 17-мартында Жалал-Абал облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында укук коргоо органдары куралсыз демонстранттарга ок чыгарып, алты киши каза тапкан. Бул нааразылык акцияларына Үзөңгү-Кууш тилкесинин Кытайга берилиши жана ага каршы чыккан ошол кездеги Жогорку Кеңеш депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышы себеп болгон эле.

Бул окуялар 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик толкундоолордун башаты болуп калганы айтылып келет.