Гүлсүнкан Жунушалиева депутаттык мандатын тапшырды

Гүлсүнкан Жунушалиева

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлсүнкан Жунушалиева
Окуу убактысы: 1 мүнөт

Жогорку Кеңештин депутаты Гүлсүнкан Жунушалиева өз каалоосу менен мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазды. Анын арызын Борбордук шайлоо комиссиясы 16-марттагы жыйынында канааттандырды. Мандатын ал эмне себептен таршырганы айтылган жок.

Жунушалиева былтыркы шайлоодо №29 шайлоо округунан шайланган.

Ал Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы кызматын да 12-февралда өткөрүп берген.

57 жаштагы Гүлсүнкан Жунушалиева парламентте "Ынтымак Мекенчил" депутаттык тобунун курамына кирген.

Ал парламенттин VII чакырылышынын да депутаты болгон.

Акыркы бир айдын ичинде бир катар депутаттар мандаттарын тапшырды. Өткөн жумада Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев, Шаирбек Ташиев жана Нурланбек Азыгалиев өз каалоосу менен арыз жазып, аны БШК канааттандырган. Ага чейин Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов өз арыздары менен депутаттыктан кеткен.