БШК Нурланбек Азыгалиевдин мандатын алды

рн

Сүрөттүн булагы, Жогорку Кеңеш

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Нурланбек Азыгалиев
Окуу убактысы: 2 мүнөт

Борбордук шайлоо комиссиясы "Эл үмүтү - Ата Журт" депутаттык тобунун мүчөсү Нурланбек Азыгалиевди мандатынан ажыратты.

БШКнын токтомунда №17 округдун депутаты Нурланбек Азыгалиевдин ыйгарым укуктары өзү жазган арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулганы, депутаттык ырастамасы жараксыз деп таанылганы айтылат.

БШКнын он мүчөсү аны депутаттык мандаттан ажаратууну колдоп, токтом кабыл алынды.

56 жаштагы Нурланбек Азыгалиев буга чейин "Ата Журт" депутаттык тобунунун төрагасы болгон. Кийин топтун аталышы өзгөрүп, аны Дастанбек Жумабеков жетектеп калган. Бул топто УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын делген депутаттар көп экени айтылган.

Нурланбек Азыгалиев Чүй облусундагы №17 шайлоо округунан депутат болуп келген. Бул округда ал эң көп, тактап айтканда 12 миңден ашуун добуш топтогон.

Азыгалиев мурда Кыргыз-түрк соода палатасынын жетекчиси болгон. 2021-жылы Жогорку Кеңештин 7-чакырылышында да депутат, вице-спикер болгон.

Көп аялдуулук үчүн жазаны алып салуу мыйзамынын долбоорун жазган эки автордун бири. Документ талкуусуз кабыл алынган. Кийин документке президент кол койгон эмес.

Азыгалиев өзү мындай сунушту мыйзамдагы кылмыш жоопкерчилигине тартууга байланыштуу норма иштебей жаткандыктан көтөрүп чыкканын айткан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Күн мурун УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шаирбек Ташиев өз эрки менен депутаттык мандатын тапшырган.

Мандатынан ажыратылгандан кийин Ташиев шайлоочуларына жакын тарапкерлеринин бири Бактыгүл Беркбаеванын Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кайрылуу жасаган.

"Бүгүн, 2026-жылдын 14-мартында сиздер мага ишенип берген мандатымды тапшырдым. Сиздердин ишеничиңиздерди актаганга аракет кылдым. Бул чечимди кабыл алуу жеңил болгон жок. Бирок ар бир кадамымды мамлекеттин кызыкчылыгын жана элдин ишенимин эске алуу менен кабыл алып келгем. Өлкөбүздөгү саясий стабилдүүлүк, элибиздин тынчтыгы үчүн мен бул кадамга барууга аргасыз болдум. Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду", - делет ал кайрылууда.

Андан мурдараак анын ИИМге суракка чакырылганы белгилүү болгон.

Шаирбек Ташиевден мурдараак, 13-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев да өз арызынын негизинде мандатынан ажыратылган.

Курманкул Зулушев Ош облусундагы 10-округдан шайланып келген. Ал 14 миңден ашуун добуш топтогон.

Ал "Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобунун мүчөсү, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитеттин төрагасы болчу.

Саясий тандем ыдырагандан кийин депутаттар Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов жана Куванычбек Конгантиев депутаттык мандатын тапшырган. Акыркысына кылмыш иши козголуп, эки айга камалган.

Ал арада дагы бир депутат Жанар Акаев мандатын тапшырып, Оштун мэри кызматына дайындалган.

Президент Садыр Жапаров 10-февралда Камчыбек Ташиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы кызматынан бошоткон. Ошондон бери анын тарапташтары делген адамдар кызматтан алынууда.