Экстремизмби, ээнбаштыкпы? Мечит-медреселерди текшерүү басты
Кубат Чекиров, Би-Би-Си, Бишкек

Сүрөттүн булагы, УКМК
Ош областында тийиштүү органдардын катышуусунда диний уюмдарга, диний окуу жайларга пландык текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүүнүн натыйжасында мыйзамдык талаптарга жооп бербеген 39 мечит менен 21 диний окуу жайы жабыларын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Ушундай эле текшерүү эми Бишкек шаарында башталууда.
Ош областындагы текшерүүдө аныкталган көйгөйлөр эмне экенин сурап Би-Би-Си Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын экспертиза бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминовго кайрылды.

Сүрөттүн булагы, Official
А. Иминов: Текшерүүнүн максаты дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамдын жана 2021-26-жылдарга концепциянын аткарылышын кароо болду. Мисалы, дин комиссиясы диний уюмдардын, окуу жайлардын каттоодон өткөн-өтпөгөнүн, уставын, окуу программаларын карады. Архитектура комитети имараттардын архитектуралык талапка жооп берерин, санэпидем борбору санитардык талаптарга жооп берерин текшерди. Ал эми коопсуздук органдары өздөрүнүн багыты боюнча текшерүү иштерин жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык жана архитектуралык талапка жооп бербеген фактылар аныкталды. Кээ бир уюмдар дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын каттоосунан өтпөгөндүгү аныкталды.
Би-Би-Си: Кээ бир медресе-мечиттерде бирдиктүү стандартка жооп бербеген окуулар жүрүп жатканы көп эле айтылат, ушул көйгөй текшерүүдө аныкталдыбы?
А. Иминов: Сизге жеткен маалыматтарды билбейт экенбиз, бирок текшерүү бардыгында эле бирдиктүү программа менен иштеп жатканын көрсөттү. Мамлекеттик деңгээлде болбосо да, муфтиятта атайын окуу бөлүмү бар, ошол бөлүм тарабынан жалпы республика боюнча диний уюмдардын окуу программалары бекитилет. Ал окутуу программалары Кыргызстан Аалымдар кеңеши менен макулдашылат. Окутуу программасы салттуу динибиз ханафий масхабына дал келиши керек. Аларды башталгыч, ортоңку жана жогорку деп атайын даражаларга бөлүп коюшкан, эки жылдык, үч жылдык, төрт жылдык деп программа даярдап беришкен. Текшерилген диний окуу жайлар негизинен ушул окуу программалардын негизинде иш алып барып жатат, кээ бирлери гана төрт жылдык окуу жай болсо үч жылдык программаны окуп атканы аныкталды.
Би-Би-Си: Медреселерде диний сабактар менен светтик сабактарды да окутуу зарыл деп көптөн бери сөз болуп келатат, бул багытта кандай жылыштар бар?
А. Иминов: Ооба, бул дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болуп саналат. Диний билим берүу системасын жандандыруу максатында аларга жалпы светтик негизги сабактарды киргизүү каралган. Диний билим берүү мекемелерине төрт сабак киргизилген: кыргыз тил, кыргыз адабияты, информатика, тарых сабагы. Булар диний окуу жайлардын окуучулары светтик дагы билим алсын деген максат менен киргизилген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бул жерде белгилеп кете турган жагдай, кээ бир диний окуу жайларда, отузга жакынында, кесиптик билим берилүүдө. Тактап айтканда, ашпозчу, ширетүүчү, тигүүчү сыяктуу кесиптерге окутушат. Окуучулар диний мектепти бүткөндөн кийин бир кесипке ээ болуп, коомдон өз ордун тапсын деген максат-тилек.
Би-Би-Си: Медреселерде светтик сабактарды окутууга Билим берүү министрлигинен тийиштүү түрдө лицензия алышабы?
А. Иминов: Билим берүү министрлигинде диний окуу жайларды караган бөлүм болбойт жатат. Булар тек гана биздин сунушубуздун негизинде окутулууда.
Би-Би-Си: Светтик сабактардын, аны окуткан мугалимдердин кесиптик деңгээли, сабаты, сапатын ким карайт анда?
А. Иминов: Көбүнчөсү диний окуу жайларга жакын жайгашкан орто мектептердин мугалимдери келип сабак берип жатат.
Би-Би-Си: Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясында диний окуу жайларды, бирикмелердин окуу программаларын дин таануучу экспертизадан өткөрүү зарыл деп белгиленген. Ушундай экспертиза иштери башталганбы, анын кандай мааниси бар?
А. Иминов: Туура айтасыз. Сиз айтып кеткен диний мекемелерди, окуу жайларды, жада калса, алардын программаларын, уставдарын дин таануу экспертизасынан өткөрүү милдети коюлган. Экспертизанын негизги эки максаты бар: Биринчи кайсы динге таандык экенин карайт, экинчиси мыйзамга каршы келбейби деген текшерүү. Ушундай максатта диний уюмдардын документтери, диний окуу жайлардын программалары, Кыргызстанга алар алып кирип жаткан диний адабияттын баары дин комиссиясы тарабынан экспертизадан өткөрүлөт.
Би-Би-Си: : Диний экспертизаны кимдер жүргүзөт, кесипкөй адистерби же дин комиссиясынын кызматкерлериби?
А. Иминов: Дин иштери боюнча комиссиянын атайын экспертиза бөлүмү бар, анда дин таанучуулар, теолог адистер иштейт. Эгерде экстремисттик маанайдагы же мыйзамга каршы келген маалыматтар болсо, аны экстремисттик деп тааныганга биздин укугубуз жок, анда аны дароо тиешелүү органдарга же соттук экспертиза кызматына жиберебиз.(КС)

Сүрөттүн булагы, Social media
Көйгөйлүү суроолор
P.S Кыргызстанда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жүргүзгөн текшерүү каттоодон сырткары дагы иштеп жаткан диний бирикмелер, окуу жайлары бар экенин көрсөттү. Булар көбүнчө мечиттерде ачылган хужра тибиндеги медреселер. Көбүнүн каттоосу жок, мечиттер өз билгениндей ачып, 15-20 баланы окутуп жаткан мындай медреселер жөнүндө 2017-жылы Булан институту жүргүзгөн изилдөөдө көрсөтүлгөн эле. Мындай каттоосу жок медреселерде окууга ылайык шарттар түзүлгөн эмес жана алар эмнени окутуп жатканын дагы эч ким көзөмөлдөй албайт. Мамкомиссия муфтият менен чогуу иштеген медреселерге гана токтолуп, мыйзамсыз иштеп жаткан диний окуу жайлар тууралуу маалыматтарды ачыктаган жок.
Ошол эле учурда мечит-медреселерде сабаттуу жана жогорку билимдүү адистер жетишпейт. Сабак берип иштеп жаткандардын канчасы базалык диний билими бар экени, канчасы светтик жогорку билими бар экени көп ачыкталбаган маалымат.
Эң маанилүүсү, кээ бир мечит-медреселерге тогузунчу классты бүтө элек, 7-8 жаштагы тестиер балдар дагы тартылып жатканы мурдагы изилдөөлөрдө айкын болгон. Мамкомиссиянын текшерүүсүндө мындай көйгөйлөр жоюлганы же уланып жатканы тууралуу эч нерсе айтылбайт.











