Кыргызстанда медресе мугалими бачабаздык менен айыпталууда
Ош шаардык ички иштер башкармалы билдиргендей, 22 жашар медресе мугалими кечээ кечинде камакка алынды. Ал эми зордуктоо фактысы өткөн дээрлик эки апта мурда болгону айтылууда. 9 жашар өспүрүм бул окуя туурасында эч кимге айткан эмес.
-“Ал Бишкекке ооруканага түшкөндөн кийин гана дарыгерлер кылмыш болгонун аныктап чыгышкан. Бишкек милициясы документтерди топтоп бизге жибергенден кийин гана биз айыпталуучуну камакка алдык”, - дейт Ош шаардык милициясынын өкүлү Замир Сыдыков.
Учурда жабыр тартуучу Бишкекте ооруканада. Дарыгер Бакыт Сатымкуловдун айтымында, баланын абалы жакшы, бирок, психологиялык жараатын айыктырууга көп убакыт кетет.
Баланын апасы мыйзам чегинде акыйкаттыкты талап кылууда. Ал эң өкүнүчтүүсү балдарга ыйман үйрөткөн адамдын ушундай ишке барганын баса белгилөөдө.
-“Бул окуя көчөдө болсо, бир алкаш же наркоман жасаса түшүнөт элем, бирок, жакшы тарбия алып, ыйманга үйрөнсүн деп аманат тапшырган балага илимдүү, алла деген адамдын ушундай кыянат кылуусу кечирилгис нерсе, кечире албайм”, - дейт эне.
Өткөн жылы да Бишкек шаарындагы медреселердин биринин мугалимине ушундай айып тагылып, бирок кийин сотто жалган жалаа болгону такталган. Андыктан мындай иштер атайын исламды каралаш үчүн жасалышы мүмкүн деген версия да бар экенин айтат Кыргызстан мусулмандарынын башкы башкармалыгынын өкүлү Максат Мамбеталиев.
Соңку жылдары Кыргызстанда жаш балдарды медресеге берүү көрүнүшү кеңири жайылып барат. Ата-энелер балдарын шарият жолуна түшүп, жаман жолго барбасын деген максатта молдолорго тапшырышат. Бирок, педофилия өнөкөтү кыргыз коомчулугун дүрбөлөңгө салып, мечит, медреселерге чейин жеткени кооптондурууда.




