Канада 1,5 млн иммигрант чакырууда. Эмнеге?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Робин Левинсон-Кинг
- Role, Би-Би-Си, Торонто
Канаданын калкы улгайып, “беби-бумерлердин” мууну жапырт пенсияга чыга баштагандыктан өлкөнүн экономикасы кыйын кезеңге кептелгендей. Эми Канаданын өкмөтү өлкөнүн экономикасына керек болгон жумушчу күчтүн ордун иммиграциянын болуп көрбөгөндөй толкунунун эсебинен толтурууга үмүттөнүп жатат. Бирок, бардык эле канадалыктар мынчалык көп сандагы чет элдиктерди кучак жайып тосуп алууга даяр эмес.
Ноябрдын башында Канаданын федералдык бийлиги чоң пландарын жарыялады: келерки январдан баштап 2025-жылдын аягына чейин өлкөнүн өкмөтү жыл сайын 500 миң иммигрантты кабыл алууну көздөйт. Башкача айтканда, жакынкы үч жылдын ичинде Канаданын калкы жалпысынан 1,5 миллион адамга көбөйүшү керек.
Калктын жыштыгына эсептегенде, бул Улуу Британия кабыл алууну пландагандан дээрлик сегиз эсе, ал эми АКШнын администрациясынын эсептөөлөрүнөн төрт эсе көп.
Бирок жакында эле коомчулукта жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында канадалык өкмөттүн пландары өлкөнүн жашоочуларынын маанайын толук чагылдырбаганын, алардын көбү чет элдиктердин болочоктогу массалык агымынан чочулап жатканын көрсөттү.
Чоң оюн
Ондогон жылдар бою Канада өзүнүн калкын жана экономикасын өстүрүү үчүн иммигранттардын агымына атайылап өбөлгө түзүп келет. Ошол эле учурда иммигранттарга Канаданын жарандыгы берилбейт, туруктуу жашоого гана уруксат каралган.
Өткөн жылы 405 миң адам Канадада туруктуу жашоого уруксат алышкан - бул өлкөнүн тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Анын себебин жөнөкөй арифметика менен түшүндүрсө болот. Башка өнүккөн бир катар өлкөлөр сыяктуу Канадада төрөлүү көрсөткүчү тынымсыз төмөндөп жатат, ал эми жашоочулардын орточо жаш курагы тескерисинче өсүүдө. Бул Канаданы “пенсионерлердин өлкөсүнө” айлануу коркунучуна кептейт, башкача айтканда, эмгекке жарамдуу калктын саны барган сайын төмөндөй берет.
Демек өлкө экономикасын иммигранттардын жардамы менен гана өнүктүрө алат.
Канадада жумушчу күчүнүн өсүшү дээрлик толугу менен иммиграция менен шартталган, ал эми өкмөттүн болжолу боюнча, 2032-жылга карата жалпы калктын өсүшү да иммиграциядан көз каранды болот.
Дүйнөдөгү өзгөчө орун
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Бүгүнкү күндө Канаданын дээрлик ар бир төртүнчү тургуну башка өлкөдөн келген. Башка бардык G7 мамлекеттеринде (башкача айтканда “Чоң жетиликтин” өнүккөн өлкөлөрүндө) бул көрсөткүч төмөнүрөөк. Ошол эле “маданияттар аралашкан дүйнөлүк борбор” деп эсептелген АКШны алалы: ал жерде иммигранттар калктын 14%ын гана түзөт. Болжол менен ошондой эле көрсөткүч Британияда.
Бирок Британия менен Канададагы иммиграциялык абалды салыштыруу кыйын, анткени бул өлкөлөрдөгү калкынын жыштыгы такыр башкача, деп эскертти Оксфорд университетинин миграциялык мониторинг долбоорунун Миграция обсерваториясынын директору Мадлен Сампшн.
Улуу Британия калктын жыштыгынын көрсөткүчү жогору болгон чакан арал мамлекет, ал эми Канаданын территориясы Орусиядан кийинки экинчи орунда турат. Канадада “болгону” 38 миллион адам жашайт, өсүү үчүн орун бар деп түз мааниде айтууга болот.
"Канада бийлиги кылып жаткан темпте жана көлөмдө калкты көбөйтүү маселеси Британиянын алдында коюлган эмес", - деп түшүндүрдү ал.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бирок, иммигранттарды ийгиликтүү тартуу үчүн Канаданын кенен аймагы жана демография көрсөткүчтөрү аздык кылат дейт Торонтодогу Макмастер университетинин саясат таануучусу Жеффри Кэмерон. Анын пикиринде, эң негизги фактор - калктын ошол чечимди жактырып, колдоосу.
“Көпчүлүк өлкөлөр үчүн негизги чектөөчү фактор - бул коомдук пикир”, - деп эсептейт ал.
Маселен, түштүктөн чек араны кесип өткөн иммигранттардын саны рекорддук деңгээлге жеткен АКШда жумушчу орундарга караганда келген иммигранттардын саны көбүрөөк болуп калышы мүмкүн деп чочулай башташты.
Бул Британия референдумда Евробиримдиктен чыгуу чечимин кабыл алганынын себептеринин бири. Британдардын көпчүлүгү ЕБга кирген Чыгыш Европа өлкөлөрүнөн массалык түрдө арзан жумушчу күчтүн агылып келишине терс көз карашта болгон.
Бирок, Мадлен Сампшн белгилегендей, акыркы бир нече жыл ичинде Британиядагы миграция боюнча коомдук пикир ыктай баштады. Анткени “брекситтен” кийин өлкөнүн жарандарында азыр мамлекет аны (миграциянын агымын) жакшыраак көзөмөлдөй баштады деген сезим пайда болду.
Канадада, тарыхый жактан алганда, коомдо иммиграцияны колдоо ар дайым жогору болгон.
Бирок бул өлкөдө иммигранттардын агымы боюнча тынчсыздануу жок дегенди билдирбейт.
Акыркы жылдары Канаданын чек арасын АКШдан мыйзамсыз кесип өткөн учурлар көбөйүп, 2018-жылы негизделген Канаданын ашкере оңчул көз караштагы популисттик “Канаданын Элдик партиясы” бул маселени 2019-жылдагы парламенттик шайлоо астында көтөрө баштаган.
Канадада иммиграцияга болгон мамиле ар бир региондо айырмаланат.
Өлкөнүн өкмөтү жылына 500 миңге чейин мигрант кабыл алууну пландап жатканын жарыялаганда, Квебек автономдук провинциясы 50 миңден ашпаган адамды кабыл алууга макул экенин билдирди. Башкача айтканда, Канада калкынын дээрлик төрттөн бири жашаган Квебек келгиндердин 10 пайызын гана кабыл алууга даяр.
Квебектин премьер-министри Франсуа Лего иммигранттардын өтө көп агымы аймактагы француз тилинин позициясын “алсыратышы мүмкүн” деп эсептейт.
"50 миң болсо да, француз тилинин популярдуулугунун төмөндөшүн токтотуу кыйын болот", - деди Лего.
Канадада өсүү үчүн орун жетиштүү болгону менен өлкөнүн башка аймактарындагы жашоочуларды турак жайдын жеткиликтүүлүгү тынчсыздандырат. Өлкө калкынын 10 пайызын түзгөн Торонто жана Ванкувер сыяктуу ири шаарларда турак-жай абалы азыртан эле өтө оор.
Канадалык Leger институту жана Канаданы Изилдөө ассоциациясы жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында респонденттердин төрттөн үч бөлүгү биринчи кезекте өкмөттүн иммиграция планы турак-жай маселеси жана социалдык кызматтарга кандай таасир этерине тынчсызданарын көрсөттү. Респонденттердин дээрлик жарымы (49%) жылына 500 миң иммигранттардын келишин “өтө көп” деп эсептешет. Ал эми респонденттердин үчтөн биринен азы (31%) бул планды жактырды.
Канадалык ыкма
Башка батыш өлкөлөрүнөн айырмаланып, Канаданын иммиграция саясатынын негизги багыты - бул экономика. Азыркы учурда туруктуу жашоого уруксат алгандардын жарымынан көбү Канадага үй-бүлөнү бириктирүү программасы аркылуу эмес, өздөрүнүн кесиптик чеберчилигинен улам көчүп келе алышты.
Өкмөт 2025-жылга чейин бул көрсөткүч 60 пайызга чейин көтөрүлөт деп үмүттөнөт.
Саясат таануучу Жеффри Кэмерон өлкө мындай натыйжаларга 1960-жылдары, мигранттарга талап кылынган билим жана көндүмдөр менен бирге өлкө артыкчылык берген упайлык системага өткөндөн улам жеткенин түшүндүрөт.
"Бүгүнкү система ошол эле принциптерде негизделген", - деди Кэмерон.
Канаданын иммиграция системасы уникалдуу, ошол эле учурда анын принциптери Австралия менен Жаңы Зеландияныкына окшош.
Улуу Британияда жашоого уруксат алгандардын ар бир төртүнчүсү аны экономикалык негизде алышкан. АКШда бул бештен бирөө.
Эки өлкө тең жумуш орундарын эмгек иммигранттардын эсебенен көбөйтүүгө үмүттөнөрүн билдиришкен. Бирок Канададан айырмаланып, Британияга жана АКШга экономикалык иммигранттардын көбү алгач жумуш берүүчүлөр тарабынан чакырылышы керек.
Канадада туруктуу жашоого уруксат алууну көздөгөн талапкер жумушка чакыруу кагазы үчүн кошумча упайларды ала алат, бирок арызды тапшыруу учурунда ал талап кылынбайт.
Мадлен Сампшн Улуу Британия жакында эле упайлык системага өткөнү менен иш жүзүндө эч нерсе өзгөргөн эмес - өлкөдө буга чейин жумушка чакырылган иммигранттарга артыкчылык берилет дейт.
Канада өз максатына жете алабы?
Канада башка өлкөлөргө караганда экономикалык категориядан көбүрөөк мигранттарды кабыл алуу менен чектелбестен дүйнөдөгү качкындар үчүн эң ачык өлкөлөрдүн катарына кирет. 2021-жылы өлкөнүн бийлиги 20 миңден ашык арыз берүүчүгө башпаанек берген.
Канада дайыма эле иммиграция боюнча амбициялуу пландарын ишке ашыра алган эмес. Маселен, 2021-жылы өкмөт 59 миңдей качкынды кабыл алганы жаткан, бирок чындыгында өлкөгө үч эсе аз келген.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Канаданын иммиграция министри Шон Фрейзер өз маегинде бул ийгиликсиздикти Covid-19дан улам Канада жана башка мамлекеттердин чек араларын жабылганы менен байланыштырды.
Канада 2023-жылга чейин 76 миң качкынды кабыл алууну пландаштырууда. (ЕВ)








