Сойкулук: "Окуядан бир киши эмес, бир уруу травма алды"
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Апта башында сойкуканада интимдик кызмат көрсөтүп кармалды делген кыздардын бетин көрсөтүп, атүгүл аты-жөнүнөн бери атайын кызмат тараткан ачык маалымат коомдо кызуу талкууга жем таштады.
Айрымдар муну кубаттап, кармалгандарды коомдун ыплас катмары катары сыпаттап жатышат. Арасында ал аялдарга ачуу сын айтып, УКМКнын бул кадамы притон ээлерин жана анда иштегендерди бир топ сестентти дегендер дагы бар.
Ошол эле учурда кандай болгон күндө дагы адам укугу баарынан жогору турарын жүйө келтирип, атайын кызмат мыйзамды одоно бузду дегендер дагы жок эмес.
УКМК мындай жайларды кылмыштуу топтор уюштуруп, көзөмөлдөп, жаш кыз-келиндерди азгырып, коомдук коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирип жатканын жүйө келдирди.
Бул окуялар генерал Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жаңы имараттарынын бирин ачылышына барып, кыздардын жүрүм-туруму бузулганын айтып, көзөмөл керектигин билдиргенден көп өтпөй болуп жатат.
“Жакында кармалган отуз кыздын 98 пайызы студенттер экен. Алар окуп атам деп ата-энесин алдап, ыпылас иштерге кирип кеткен. Бул табылган бир эле жер. Ал эми мындай канча жер бар? Айла жок муну менен күрөшүүбүз керек. Ата-энелерге дагы, коомго дагы жеткирип, айтып коюшубуз керек. Биз айтпасак ким айтат?”,- деди ал.
Адам укуктары жана коопсуздугу одоно бузулган

Сүрөттүн булагы, Facebook
Юрист Таттыбүбү Эргешбаевабул иште кайсы беренелер бузулганын тизмектеп Facebook баракчасына жарыялады.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Купуялуулук прициби: Кармалгандардын жеке маалыматтарын, алардын сүрөттөрүн, видеолорун, паспортторунун көчүрмөлөрүн ачык жарыялоо менен адам укуктары жана коопсуздугу одоно бузулду. Мындай маалыматтарды ачыкка чыгарып жиберүү мыйзамдагы купуялуулук прицибин бузуу болуп саналат;
Презумпция (күнөсүздүк, жазыксыздык) принциби: Презумпция принцибине карама-каршы келет. Презумпция - укук системасында негизги кепилдик болуп саналат, тагыраагы сот акыркы чечимди чыгармайын эч ким күнөөлүү деп эсептелбейт. Кармалгандардын жеке маалыматтарынын ачыкталышы аларга карата коомдун мамилесин өзгөртөт жана соттон озунуп күнөөлүү деген тыянак чыгарганга түрөт.
Эргешбаеванын жүйөөсүндө, бул жерде Кыргызстандын "Жеке маалымат жөнүндө" мыйзамы дагы одоно бузулган. Ага ылайык, адамдын аты-жөнү, туулган жылы, жашаган жери, телефон номери, кесиби тууралуу маалыматтар ошол кишинин жазуу түрүндө берген уруксаты менен гана ачыкталышы керек.
Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесинде, жеке жана коммерциялык маалыматты коргоо боюнча талаптарды бузгандарга, аны мыйзамсыз пайдаланып, үчүнчү жактарга таратып жиберген юридикалык жактарга 20 000 сом айып салынат деп көрсөтүлгөн.
“Жарандардын жеке маалыматтарын алардын макулдугусуз ачыкка чыгарганы үчүн УКМКнын жоопкерчилиги конкреттүү жагдайлардан жана колдонулуп жаткан мыйзамдардан көз каранды. Мындай кадам жеке маалыматтарды иштеп чыгуу эрежелерин бузуунун даражасына жараша административдик укук бузуу же кылмыш катары эсептелет”,- деп жазды юрист.
Акыйкатчы институту эмне дейт?
Аталган маселе боюнча Акыйкатчы институту дагы үн катты. Омбудсмен мамлекеттик органдарды интимдик кызмат көрсөтүүчү жайдан кармалган аялдардын укуктарын коргоого чакырат.
Институтун баамында, бул жагдайда аялдардын жүзү ачык көрсөтүлүп, жеке маалыматтары жарыялабашы керек болчу.
“Адам укуктары боюнча жалпы декларацияда жеке маалыматты жайылтууга жол бербөө керектиги белгиленген”,- деди Акыйкатчы институту.
Көзөмөл органы көз салабы?
Коомдо УКМКнын жоопкерчилиги тууралуу сөз болуп жаткан чакта, негизги көзөмөл органы катары саналган Башкы прокуратуранын реакциясы кандай болор экен дегендер жок эмес.
Айрым юристер Башкы прокуратура мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерип, эгер мыйзам бузуулар аныкталса, аны токтотуу жана жоопкерчиликке тартуу чараларын көрүүгө укуктуу дагы, милдеттүү дагы экенин эске салууда.
Бул тууралуу негизги көзөмөл органы азырынча эч кандай расмий маалымат берген жок. Кайрылганыбызда учкай жооп менен чектелди.
“Сексуалдык кызмат көрсөтүп кармалгандар тууралуу УКМК өз баасын берди. Биз эч нерсе айта албайбыз. Эгер кимдир бирөөдөн арыз түшсө гана реакция кылабыз”,- деп жооп кайтарды басма сөз кызматынан.
Совет доорунун салдары

Сүрөттүн булагы, Facebook
Атайын кызматтын мындай кадамын совет доорунун салдары катары сыпаттагандар дагы жок эмес.
Тарыхчылар жана изилдөөчүлөр ал кезде атайын кызмат тарабынан адам укуктары, гуманитардык нормалар бузулган учурлар көп болгонун айтат.
Советтик идеологиянын жана саясаттын салдары бүгүнкү кыймыл аракеттин ачык далили дейт,- психолог Асел Сүйүнбаева:
“Сойкулук - бул мамлекеттик деңгээлде чечиле турган социалдык чоң көйгөй. Адамдарды таландыга таштоо менен аны чечүү мүмкүн эмес. Бизде адам укугун сыйлоо, анын купуялуулугун урматтоо деген нерсе өтө төмөн. Эгер атайын кызмат анчалык эле ачыктагысы келип жатса, анда ошол жерге барып жаткан эркектердин дагы аты-жөнү ачыктап, бети-башын көрсөтсүн. Эгерде суроо-талап болбосо сунуш дагы болбойт. Коомдо бул нерсеге суроо талап болуп келген, дагы да болот берет. Сойкулук – “байыркы кесип” деп бекеринен айтылган эмес. Мамлекет муну жолго салуунун жолун табышы керек. Бирок кимдир бирөөнүн укугун тебелеп эмес”.
Жыргаганынан жылкычы болуптурбу?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Психолог Кадиян Бообекованын айтымында, аталган аялдар сапаттуу жана узун мөөнөткө созулган психологиялык жардамга муктаж. Окуядан бир гана алар эмес, алардын жакындары, үй-бүлөсү, керек болсо бир уруу травма алды.
“Албетте, алардын сойкулук кылып жатканын актабайм, бирок аны элге жарыя кылуунун кереги бар беле? Кээде киши өлтүргөндөрдүн бети-башын жаап чыгарышат, ал эми булардын өздүгү эмнеге корголбойт? Алар мындан ары дагы жашашы керек да. Жыргаганынан жылкычы болуптурбу? Мүмкүн айласыздан ошол жолго түшкөн. Балким коркутуу жолу менен аларды иштетип жатышкандыр, балким азгырылды. Алар ансыз дагы травма алган аялдар. Ого бетер ашкерелештин кандай зарылдыгы бар эле? Чыккынчы же террорист кармап алса бир жөн. Эми алардын айрымдары өзүнө дагы кол салышы мүмкүн”,- деди Бообекова.
Ошол эле учурда социалдык тармактарда кармалгандардын арасында өзүнө кол салгандар болгондугу тууралуу такталбаган имиш-имиштер тарады. Бирок аны бир дагы расмий орган тастыктаган жок.
Жаза менен коом тазаланбайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Психологдун айтымында, жаза менен коомду тазалоо мүмкүн эмес. Психологиялык тил менен алганда мындай жайда иштеген аялдардын көпчүлүгүн “турмуштун аялдары” деп атап коюшат.
Алар жетекчилери, келген кардарлар тарабынан физикалык, эмоционалдык, сексуалдык зомбулукка көп кабылышат.
Андыктан түз жолго салуунун эң пайдалуу жолу жардам колун сунуу, кеп-кеңеш берип, маалыматтуулугун кеңейтүү.
“Психологдор тарабынан, коом тарабынан, өзүнүн жакындары тарабынан, биз сени сен болгонуң үчүн кабыл алабыз, сен болгонуң үчүн жакшы көрөбүз. Жаңылдың-жаздың эми мындан ары акылың менен иш кыл деген сөздөр айтылышы керек. Күнөөлүү адамды Кудай дагы кечирет, а эмнеге коом кечирбеши керек? Мындай учурда диний кеңештер, молдолордун акыл-насааты дагы жакшы жардам берет”,- деди Бообекова.
Колуң менен кылганды - мойнуң менен тартасың...
Сойкулук жолун тандаган бул адамдардын тагдырына тынчсызданбоого чакыргандар дагы жок эмес. Мындай пикирди кармангандар турмуштун татаалдыгы жана башка оор сыноолор алардын актануусуна негиз болбошу керек дейт.
“Ошол аялдар Кудайдын куттуу күнү денесин товар катары сатып жатышса, өзүн-өзү аябаса биз эмнеге аяшыбыз керек? Адам жийиркенээрлик ишке барып жатып жакындарын, ата-энесин ойлобосо биз эмнеге ойлошубуз керек?”,- деди активист Баян Жумагулова.
Ал сексуалдык кызмат көрсөтүү моралдык жана социалдык стандарттарга каршы келген акча табуунун жеңил жолу дейт. Жумагулова кармалган аялдардын адал жол менен акча табуу үчүн тандоосу болгондугун айтат.
“Көп жылдан бери тигүү тармагында тигүүчүлөр жетишпей келет. Эч болбосо кафе, ресторандарда, ашканаларда официант, пол жуугуч, идиш жуугуч болуп иштесе болот эле. Канчалаган жалгыз бой энелер маянасы аз болсо дагы адал эмгек менен акча таап, бала-бакырасын багып жатат. Ал эми булар беш кардарды тейлесе беш саатта беш мин сом алат. Ошол арам эмгегин артык көрүп жатышпайбы”- деп кошумчалады.
Дүйнөдө кандай жолго коюлган

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сойкулукка дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө тыюу салынган. Бирок арасында сойкукана иштетүүгө уруксат берген мамлекеттер дагы жок эмес. Ал жерде иштегендер кадимкидей салык төлөшөт.
Маселен, Австрияда, Германияда, Грецияда, Венгрияда, Латвияда, Голландияда, Швейцарияда жана Түркияда сойкулук толугу менен мыйзамдуу жана алар бийлик тарабынан көзөмөлдөнуп турат.
Испанияда, Италияда жана Улуу Британия өлкөлөрүндө сойкукана иштетүү мыйзамсыз, бирок өз алдынча иштегендер жок эмес.
Сойкулук мыйзамдаштырылган эң белгилүү өлкөлөрдүн бири – Нидерланд. Амстердамдагы Кызыл жарык району бул боюнча дүйнөгө белгилүү.
Германияда болсо сойкулук 2002-жылы мыйзамдаштырылган жана бул тармак менен жан баккандар социалдык камсыздандырууга жана медициналык кызмат алууга толук укуктуу.
Жаңы Зеландияда дагы сойкулук 2003-жылы декриминализацияланган. Бул тармакта иштеген адамдардын коопсуздугун жана ден соолугун камсыздоого багытталган мыйзамдар иштелип чыккан.











