Британияда сойку болгон румыниялык жаш кыздар
Би-Би-Си "Ойноштор" киши саткычтар тобу Румыниядан Британияда сойкулук кылдыруу үчүн жаш кыздарды жөнөтүп турганын аныктады. Сойкулукка тартылгандар арасында 12-13 жаштагы кыздар дагы болгону белгилүү болду. Кызы киши саткычтар тобунун торуна түшкөн үй-бүлө, румын полициясы алардын кызын издөөгө жардам бербегенин, ошондуктан алар кызын өз алдынча издеп тапканын айтышат. Алардын окуясын жогорудагы видеодон көрө аласыз.
Жаш балдарды сойкулукка сатуу, траффикингдин эң ыплас жүздөрүнүн бири.
Траффикинг - бул кишини мажбурлап сексуалдык кызмат көрсөттүрүү, кара жумушка иштетүү, эркинен тышкары кармоо, дене органын чыгарып алуу же кулчулукка сатууну үчүн уюштурулган кылмыш.
Зомбулукка салып кишини сатуу, эзелтен келаткан чоң көйгөйлөрдүн бири.
Кулчулук - кишини эркинен ажыратып, экономикалык эзүүнүн байыртан калыптанган эң белгилүү түрү. Байыркы Египеттен баштап, Греция, Рим сыяктуу цивилизациялардын экономикалык жыргалчылыгын өстүрүүдө кулдардын күчү колдонулган.
Орто кылымдарда Араб халифаты, Осмон империясы сыяктуу чоң империялар каратылган элдерди массалык түрдө кулчулукка саткан болсо, XVI—XVII кылымдарда Африкадан кулдарды ташып сатуу Европа өлкөлөрүндө королдорун монополдук укугуна айланган.
Орусияда 1861-жылы жокко чыгарылган "крепостной укук", ээсине карамагындагы кишини мыйзамдуу негизде сатып жиберүүгө укук берген. Крепостной дыйкандардын баасы кесибине, жашына, ден соолугуна жараша бычылган.
Кулчулук соодасын изилдеген slavevoyages.org сайтынын маалыматына ылайык, 1620-ж. тартып Түндүк жана Түштүк Америка континенттерине Африкадан жалпысынан 12,5 миллион киши кулчулукка сатуу үчүн алып келинген.
Азыркы учурда интернеттин мүмкүнчүлүгү дагы кул базарларын уюштуруу үчүн колдонулуп келет.
Би-Би-Синин Араб кызматы атайын иликтөөсүндө жумушчу күч саткан көмүскө базар тууралуу жазып чыккан.
Эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстанда кулчулукка кабылгандардын дээрлик 90% эмгек кулчулугуна кабылышат. Бирок сексуалдык кулчулукка кабылгандар тууралуу фактылар да бар.
Бул дагы сизге кызык болушу мүмкүн
АКШнын алгачкы аял вице-президентти Камала Харрис, учурунда Сан-Францисконун прокуратурасында ишке киргенде өспүрүмдөр арасындагы сойкулукка каршы күрөш баштаган. Анын кол алдында иштеген шаардагы укук коргоо органдары жашы жете элек сойку кыздарды кылмышкер эмес, кылмышкерлердин курмандыгы болгон жабырлануучу катары карай баштаган. Ошентип кармалгандарды абакка эмес, реабилитациялык борборлорго жөнөтүшкөн. Макаланы толугу менен мындан окуңуз: Мигранттын кызы, прокурор: Камала Харрис тууралуу эмне билебиз?
