Кипрде кыргызстандык аял кулчулукка кабылган

Кыргызстандык айым Кирения шаарына бийчи болуп иштөө максатында кетет. Адегенде аталган шаардагы бир түнкү клубга бийчи болуп орношкон. Көп узабай жумуш берген тарап кызга күч колдонуп, сойкулук менен алектенүүгө мажбур кылат. Эгер макул болбосо, өмүрүнө коркунуч келтире тургандыктарын билдиришкен

Сүрөттүн булагы, AP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандык айым Кирения шаарына бийчи болуп иштөө максатында кетет. Адегенде аталган шаардагы бир түнкү клубга бийчи болуп орношкон. Көп узабай жумуш берген тарап кызга күч колдонуп, сойкулук менен алектенүүгө мажбур кылат. Эгер макул болбосо, өмүрүнө коркунуч келтире тургандыктарын билдиришкен
    • Author, Сапаргүл Абдинабиева
    • Role, Бишкектик журналист

Кыргызстандагы “Замандаш” ассоциациясы Стамбулдагы Кыргызстандын башкы консулдугу менен биргеликте Кипр шаарында сексуалдык кулчулукта жүргөн кызды мекенине кайтарып келгенин билдирди. Эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстанда кулчулукка кабылгандардын дээрлик 90% эмгек кулчулугуна кабылышат. Бирок соңку учурда сексуалдык кулчулукка кабылгандар тууралуу фактылар да көп каттала баштаганы айтылууда. Жаз айында эле Түркиядан кулчулуктан эки кыз качып келип, аларды сатты деген аялга кылмыш иши козголгону кабарланган эле.

Бийчилик кыялы кулчулукка алпарды

Кипрге алданып барып бир айдан ашык кул болуп жүргөн кыргызстандык айым азыркы учурда жакындарынын жанында. "Ал болгон окуялар тууралуу маалымат берүүдөн азырынча баш тартууда" - деп билдирет кызды Кипрден алып келүүдө жардамчы болгон "Замандаш" ассоциациясы. Аталган борбордун координатору Азамат Айтбаевдин айтымында, зордук-зомбулукка кабылган кыз 11-июлда Кыргызстанга келди:

“Бир жума мурда бизге кыздын жакындары тарабынан кайрылуу түшкөн. Анда кыргызстандык айым Кипрге иштегени барып, алданып калгандыгы тууралуу маалымат бар экен. Биз дароо Кыргызстандын Стамбулдагы консулу менен байланышып, окуяны изилдөөсүн сурандык. Алар Кипрдеги тааныштарына чалышып, кызды издөөнү суранышкан. Кыз табылган соң, сотко кайрылып, бир ай өткөндөн кийин кыз Кыргызстанга жиберилди”, - дейт Айтбаев.

“Замандаш” ассоциациясы берген маалыматка ылайык, бир жарым ай мурда кызды туркиялык жаран жумушка чакырган. Кыргызстандык айым кандайдыр бир жолдор аркылуу Кирения шаарына бийчи болуп иштөө максатында кетет. Адегенде аталган шаардагы бир түнкү клубга бийчи болуп орношкон. Көп узабай кызды жумуш берген тарап акча берип, Кипрге чакырган. Ал жакка баргандан үч күн өтүп, жумуш бергендер бул айымга күч колдонуп, сойкулук менен алектенүүгө мажбур кылат. Эгер макул болбосо, өмүрүнө коркунуч келтире тургандыктарын билдиришкен.

“Алданган аял алгач ур-токмокко дуушар болгон. Андан көп өтпөй аны сексуалдык кулчулук менен иштетишкен. Бирок соттун чечими боюнча айыпталуучу кылган иштерине жараша жазаланган жок. Анткени жабырлануучу моралдык абалы өтө начар болуп, тезинен Кыргызстанга кетиши керек болгон. Сот иши батыраак аякташы үчүн айыпталуучуга “кызды уруп-сокту” деген гана берене аркылуу бир айдын ичинде чечим чыгарылган”, - деп кошумчалайт “Замандаш” ассоциациясынын координатору.

Жыныстык кулчулукка кабылгандар көбөйүүдө

Кулчулукка кабылган айымды Кыргызстанга алып келүүдө жардам бергендердин катарында Кирпдеги маданият борборунун төрагасы Кыялбек Дыйканов да бар. Анын айтымында, бул айым сексуалдык зордук-зомбулукка кабылган кезде ага бир кипрдик жаран жардам берип, Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунун номурун берген. Кыз аларга байланышка чыгып, окуянын чоо-жайын түшүндүргөн.

Стамбулдагы консулдук дароо Кипрдеги кыргыз маданият борборуна чалып, алар окуя болгон жерге түн ичинде жетип барган. Бирок кыргызстандык айым ага чейин эле жашаган жеринен качып чыгып, аны милициялар убактылуу кармоочу жайга алып келген:

“Барсак аялды милициялар алып кетишиптир. Бизди киргизбей коюшту. Арыз жазганыбыздан кийин гана он мүнөттүк сүйлөшүүгө уруксат беришти. Окуяны түшүнүп, кенен маалымат алгандан кийин биз сотко кайрылдык. Сот териштирүү иштерин жүргүзө баштады. Кызды көрүп боорубуз ооруду. Абалы аябай оор болчу”, - дейт Кыялбек Дыйканов.

Кипрге алданып барып бир айдан ашык кул болуп жүргөн кыргызстандык айым азыркы учурда жакындарынын жанында. "Болгон окуялар тууралуу маалымат берүүдөн азырынча карманууда" - деп билдирет кызды Кипрден алып келүүдө жардамчы болгон "Замандаш" ассоциациясы

Сүрөттүн булагы, Other

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кипрге алданып барып бир айдан ашык кул болуп жүргөн кыргызстандык айым азыркы учурда жакындарынын жанында. "Болгон окуялар тууралуу маалымат берүүдөн азырынча карманууда" - деп билдирет кызды Кипрден алып келүүдө жардамчы болгон "Замандаш" ассоциациясы

Азыр жабыркаган айым кантип, ким менен кеткени, ал жактагы жумуштары тууралуу сөз айтуудан карманууда. Сегиз жыл Кипрде иштеп, жашап келген Кыялбек көп учурда кулчулукка кабылгандар сабатсыздыктан, ишенчээктиктен улам ушундай тагдырга туш болот дейт:

“Кыргыз кыздары Кипрде көп. Ар бир казинодо ондон кыргыз кызы иштейт. Кээде ойлоп калам, неге башка өлкөдө кор болуп жүрүшөт деп. Кыргыз кыздары окуп билим алып, түшүнүгүн кеңейтип, жаман жолдорго азыраак барса экен деп тилейм”, - деп улутунат Кыялбек.

Эл аралык уюмдардын иликтөөсүндө Кыргызстанда кулчулукка кабылгандардын дээрлик 90 % эмгек кулчулугуна кабылышат. Бирок соңку учурда сексуалдык кулчулукка кабылгандар тууралуу фактылар да көп каттала баштаган. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, чет өлкөдө кыргыз кыздарынын кулчулукка кириптер болуп жатканы соңку эки жылда тездик менен өсүүдө.