Индияда жаш балага сексуалдык зомбулук көрсөткөн адамдын жазасын сот жеңилдетти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Индиянын Уттар-Прадеш штатындагы Аллахабад шаарынын жогорку соту 10 жаштагы эркек баланы оралдык секске мажбурлаган эркек кишинин абак жазасын кыскартты.
Жаш балдарды сексуалдык кылмыштардан коргоо жөнүндөгү мыйзамга ылайык, сот зомбулук кылган адамды 10 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Ал эми аппеляциялык инстанцияда зомбулук өтө деле олуттуу эмес деген жүйө менен абак мөөнөтү 7 жылга кыскартылган. Бул чечим Индияда чоң нааразычылыктарга себеп болду.
Кылмыш 2016-жылы эле жасалган. Анда эркек киши тааныштарынын үйүнө барып, кичинекей баланы жергиликтүү храмга жетелеп барган да, ага сексуалдык зомбулук кылган. Болгон окуя жөнүндө эч кимге айтпоосу үчүн ал кичинекей балага 20 рупий (30 сомдой) берген. Эгерде башкаларга айта турган болсо, анда кесепети болорун айтып коркуткан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
2018-жылы өткөн биринчи инстанцияда сот ал кишини “ичине киргизүү менен сексуалдык зомбулук” үчүн кылмышкер деп таап, аны 10 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарган.
Мурдагы аптада өткөн аппеляциялык инстанцияда сот аталган иште олуттуу жагдайлар жок деп таап, анын абак мөөнөтүн жети жылга кыскартып койгон.
Бул өкүм юристтердин сын-пикирине жем таштады. Балдарды сексуалдык кылмыштардан коргоо жөнүндө мыйзамда 12 жаштан төмөн болгондорго карата кандай гана зордук-зомбулук болбосун баары олуттуу жагдай болуп эсептелет.
Көпчүлүк Индиянын Жогорку соту жакында эле чыгарган чечимге ишарат кылып жатышат. Өткөн аптада Мумбаидеги сот зомбулук кылган адам менен жабыр тарткан адамдын ортосунда “дене жактан байланыш болбогондуктан” бир кишинин жазасын жеңилдеткен чечим чыгарган болчу.
Жогорку сот белгилегендей, судьялар сексуалдык зомбулуктун деталдарын эмес, анын өзүнө көңүл бурушу керек.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аллахабаддагы соттун чечими юристтердин эле эмес, карапайым адамдардын дагы нааразычылыгын жараткан.
“Элестетүү оор”, “Травманы унуткаруу үчүн бул балага эч кандай жаза жардам бербейт”, “Судьяга эмне болгон?” - деп жазып жатышты соттун өкүмү жөнүндө Twitter платформасынын колдонуучулары.
Чечимге каардангандардын арасында Индия парламентинин депутаты Махуа Моитра да бар.
“Соттор, ойгонгула! Мыйзам жаш балдарды жийиркеничтүү кылмыштардан коргоо үчүн бар. Мыйзамды тебелебегиле”, - деп жазды ал.
Дүйнө жүзү боюнча Индия жаш балдарга сексуалдык зомбулук көрсөтүү жагынан алдыңкы сапта.
Былтыр Кылмыштарды каттоо боюнча улуттук бюро балдарды коргоо жөнүндөгү мыйзам бузулган 43 миң учурду каттаган. Орто эсеп менен бул ар 12 мүнөт сайын бир иш дегенди билдирет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Аялдар жана балдар министрлиги 2007-жылы жүргүзгөн изилдөөдө аныкталгандай, сурамжылоого катышкан дээрлик 12 300 баланын 53% ашыгы бир же андан көп жолу сексуалдык зомбулукка кабылганын билдирген.
Ошондой эле, изилдөө кыз балдар көбүрөөк зомбулукка кабылат деген көз караштарга карабастан жаш кезде зомбулукка кабылганын айткандардын 53% эркек балдар түзөрүн көрсөткөн.
Полициянын айтымында, зомбулук кылгандардын 90% ашыгы жабыр тарткандар тааныган кишилер. Жогоруда сөз болгон 10 жаштагы эркек баланын оралдык секске үй-бүлөсүнүн эле таанышы мажбурлаган окуя сыяктуу.
Кичинекей балдарга карата сексуалдык зомбулук көйгөйү боюнча 25 жылдан бери иштеп келаткан укук коргоочу Анужа Гуптанын айтымында, расмий маалыматтар маселенин масштабын көрсөтпөйт. Анткени көпчүлүк учурлар маалымданбай эле калат.
“Балдарга карата сексуалдык зомбулук — жымжырт эпидемия. Ал бардык жерде бар. Ал ар бир экинчи үйдө болуп жатат жана муундан-муунга өтүүдө”, - дейт ал.
“Зомбулук кылгандардын көпчүлүгү үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары болгондуктан стигма бар жана тема жөнүндө сөз кылуудан жалпы эле тартынышат. Адамдар, анын ичинде жабыр тарткандар дагы, маселени үй-бүлөнүн ичинде чечип аларын айтышат. Ошондуктан сотко жеткен ар бир ишке жүздөгөн иштер туура келет”.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Өзү дагы бала кезде сексуалдык зомбулукка туш болгон Анужа Гупта аталган көйгөй канча жылдан бери чечилбей келатканын айтат.
“Менин башыман өткөн окуяга 18-19 жаштагы өспүрүмдөр дале туш болуп жатышат”.
Гуптанын айтымында, мыйзам жана сот адилеттиги системасы кесепттер менен гана күрөшүүдө. Ал коомдогу зомбулуктун себептерин чечүү багытында иштеши керек.
“Башка эпидемиялар менен күрөшкөндөй эле зомбулук эпидемиясы менен күрөшүү керек. Күрөшкө баары: өкмөт, коом жана үй-бүлө кол кабыш кылышы керек. Өкмөт маалымат берип, мифтерди жоюп, адамдардын сокур ишенимине каршы күрөшүшү жана чечимдерди сунушташы керек”, - деп эсептейт ал.
Ошентсе да, алгачкы кадам көйгөйдү жана анын масштабын моюнга алуу деп ишенет Гупта.
“Бирок коомубузда кабыл албагандар басымдуулук кылат. Биз ар бирибиз жана жалпыбыз көйгөйдү кабыл албайбыз. Биз ал жөнүндө сүйлөшө башташыбыз керек. Зомбулукка туш болгондордун кызыкчылыгы биз жасаган иштердин борборунда турушу керек”. (EA)












