400 долларга бааланган ымыркай: Кениядагы уурдалган балдар

- Author, Питер Мурими, Жоэль Гантер, Том Уотсон
- Role, BBC Africa Eye
Кенияда буюртма менен балдарды уурдап саткан мыйзамсыз соода гүлдөп жатат. Би-Би-Синин Africa Eye программасынын кабарчылары ымыркайларды уурдап саткан кылмыштуу топтор менен жакындан аралашууга мүмкүнчүлүк алды. Бул жерде ымыркайды болжолу 400 АКШ долларына сатып алса болот.
Ребекканын уулу 10 жашка толду. Баласы тууралуу ушуну гана айта алат, анын кандай тагдырга туш болгонун билбейт. Балким уулу деле өзү сыяктуу эле Найробиде жашап жүргөндүр...
Бирок жүрөгү бир жамандыкты сезгендей болуп сыгылат, уулу тирүүлөрдү катарында болбошу деле мүмкүн. Акыркы жолу тун уулу Лоренс Жозайды бир жашка толгондо көрдү. Анда өзү деле 16 гана жашта эле.
Бул 2011-жылдын мартында түнкү саат экиде болгон. Ребекка 15 жашында апасы бага албай калгандан кийин көчөдө кайыр сурап калган. Көчөдө жашы улуу киши ага камкордук көрүп, үйлөнөм деп сунуш кылат. Боюнда болуп калгандан кийин таштап кетип калган. Ошентип Ребекка тун баласын төрөп, бага баштайт. Бир түнү уурдатып жиберип, зар какшап олтуруп калган.

"Менин азыр башка балдарым бар. Бирок ал менен тун балам болчу, мени апа кылган биринчи балам эле",-дейт Ребекка. -Мен аны издеп балдар үйүнүн баарын кыдырдым, Киамбиден (Кениянын шаары), Кайоледен (Найробидеги район) издедим, бирок таба алган жокмун".
Ребекка мурдагыдай эле Найробинин ошол эле көчөсүндө күн кечирет. Тун уулу жоголгондон кийин дагы үч балалуу болгон. Кыздарынын улуусу сегизде, ортончусу алтыда, кичүүсү төрт жашта. Бир жолу белгисиз эркек киши анын кичүү кызын уурдап кетүүгө аракет кылган. Бирок кийин ал бир жаштагы кыз суусундук алып берүүсүн суранганын айтып актанган экен. Ребекка анын артынан аңдып, унаа токтотуучу жайда бир аялга жолукканын көргөн.
Ребекканын таржымалы жакыр аймакта жашагандар үчүн таң калаарлык деле эмес. Баласы табылбай жүгөндөрдүн бири Кэрол. Анын эки жаштагы уулунун дайыны табылбай калганына беш жылга аяк басты.
"Мен аны абдан жакшы көрчүмүн! Эгерде уулумду кайтарып беришсе, кылмышкерлерди кечиргенге даярмын",-деди ал.
Найробиде кылмыштуу жол менен бала сатуу бизнеси гүлдөп жатат. Бир жыл ичинде Би-Би-Синин Africa Eye программасынын журналисттери көчөдөгү үй-жайсыз энелердин балдары уурдалып сатылган көмүскө базарды иликтеп чыкты.
Би-Би-Си бул мыйзамсыз бизнеске жакырлар үчүн ачылган бейтапканалардын кызматкерлери, ал тургай мамлекеттик чоң ооруканаларда иштегендер аралашып, бала уурдоого кол кабыш кылышканына далилдерди таап чыкты.
Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандарды аныктап чыгуу максатында Би-Би-Си кабарчылары ата-энесиз калган баланы "сатып алууну" чечти. Бул үчүн биз оорукананын кызматкерлери менен байланышканыбызда, биринчи ал баланы мыйзамдуу түрдө өзүнө асырап алып, андан кийин бизге сатты.
Бала уурдоого кениялык кылмыш дүйнөсүнүн түрдүү катмары тартылган. Айталы, баңгимандардан баштап, уюшкан топторго чейин. Көп учурда алар тандем болуп иштейт.
Биринчи топто баңгиман, аракеч болуп кеткендер бар. Мына ушундай жагдайда күн кечирген Анита жакыр райондордо жашап, үч жашка чейинки балдарды уурдайт. Биздин кесиптештер Анитанын курбусу аркылуу көп нерсени сурап билди. Ысымын Эмма деп атап коюшту өтүнгөн курбусунун айтымында, Анитанын ымыркайларды уурдап кете турган бир нече ыкмасы бар.

"Кээде өзүнүн арам ниетин билип калбадыбы деп, ымыркайдын апасы менен сүйлөшө кетет. Уйку дары берип, клей жытаткан ыкмалары бар. Болбосо ымыркай менен жөн эле ойноп кирет. Кыскасы амалын сөзсүз ишке ашырат",-деди Эмма.
Africa Eye журналисттери дагы бала сатып алуучу кардар катары Анита менен Найробинин борбордук бөлүгүндөгү барлардын биринде жолугушту. Ал кайсыл бир ишкер аялдын колунда иштей турганын, анын басымы менен балдарды уурдап келип берерин айтып берди. Анита уялбай эле жакында кезектеги "жемин" кантип уурдаганын кеп салды.
"Баланын апасы жакында эле көчөдө калган. Ошондуктан ал көп нерсени билбейт эле. Мага ишенип баласын калтырган, эми бала менде".
Анита кызмат кылган ишкер аялдын кардарлары балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөр. "Алар баланы асырап алышат",-дейт ал. Бирок кээ учурларда баланы "курмандыкка чалуу" үчүн дагы сатып алышаарын айтып берди.
"Ооба, аларды курмандыкка чалышат. Мындай балдар ошо менен дайынсыз кетет",-дейт Анита.
Анита уурдап баргандан кийин "кожоюну" ага 50 миң шиллинг (460 доллар) кыз балага, эркек балага 80 миң (730 доллар) төлөп берет. Орточо алганда Найроби көчөлөрүндө уурдалган балдар үчүн ушундай төлөшөт.
Анита биринчи жолугушуудан кийин бизди кайра кездешүүгө чакырды. Барсак, колунда беш айлык ымыркай бар экен. Бир нече минута мурун эле уурдап келгенин, апасы ишенип кармап туруусун өтүнгөндө, ала качып жөнөгөнүн айтты. 50 миң шиллинг төлөп сатып ала турган кардары да бар экенин айтып жатканда, Эмма сөзгө аралашып, 80 миңге кардар бар деп айтты.

Жолугушууну кечки саат бешке белгиледи. Ымыркайдын өмүрү коркунучта болгондуктан биз полицияга кабардар кылдык. Соодалашуу бүтөрү менен полиция Анитаны дароо камакка алмак. Бирок Анита биз убадалашкан жерге келбей койду. Бир нече апта дайынын таптырбай кетти. Көп убакыт өткөн соң Эмма анын менен жолугушканын кабарлады. Ал көп акча сунуштаган башка кардар таап алганын айткан экен. Ымыркайдын болсо дайыны табылбай калып, кылмыш иши ачык бойдон турат.
Кенияда балдардын уурдалышы боюнча ишенимдүү статистика жок. Иликтөөлөрдө дагы, өкмөттүн отчётторунда дагы сөз болбойт. Дайынсыз жоголгон балдар менен иш алып барган уюмдарда каражат дагы, кызматкерлер дагы тартыш.
Энелер кайрыла турган мындай уюмдардын бири "Кениядагы жоголгон балдар" деп аталган Мариана Муниендо негиздеген уюм. Төрт жыл ичинде уюмдун кызматкерлери мындай учурдун алты жүзүн иликтеген.
"Бул Кениядагы олуттуу көгөй. Бирок бул тууралуу негедир эч ким сөз кылбайт. Биз болгону айсбергдин чокусун гана көрдүк. Кептин баары социалдык коргоо программасын пландаганда бул маселенин приоритеттүү деп саналбаганы",-деди ал.
Мындай кылмыштын курмандыгы социалдык абалы өтө начар, жакыр жашаган аялдар. Албетте, алар бул маселеге ЖМКнын жана бийликтин көңүлүн бура алышпайт.
Бала сатуу маселеси төрөбөгөн аялдарга карата социалдык стигматизациядан улам күчөп кеткен. Тукумсуздук - африкалык үй-бүлөдөгү аял үчүн өтө оор болот. Мындай абалда калган аялдар Анитанын "кожоюну" сыяктуу же оорукана кызматкерлерин издеп табышат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Africa Eye программасынындагы иликтөөдө бала уурдоо бизнеси менен шугулданган айрым кылмыштуу топтор мамлекеттик ооруканалар менен кыйыр түрдө кызматташары ачыкка чыкты.
Биз ортомчулар аркылуу Mama Lucy Kibaki ооруканасынын социалдык кызматкери Фред Лепаран менен сүйлөштүк. Ал кызматы боюнча жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдардын маселеси менен иштеши керек. Бирок ортомчунун айтымында Лепаран бала сатуу соодасына түз аралашкан. Биздин булагыбыз аны менен байланышып, бир аял бала сатып алууга аракет кылып жүргөнүн кулакдар кылат.
"Менде ооруканада бир бала бар,-деди - Аны эки апта мурун алып келип таштап кетишкен, ошо менен эч ким артка келген жок".
Биздин булактар Лепаран буга чейин дагы мындай иштерге көп аралашканын айтышты.

Ооруканада ташталган ымыркайлар балдар үйүнө өткөрүлөт. Ал жерден мыйзамдуу жолдор менен асыроого беришет. Фред Лепаран сыяктуулар сатып жиберген балдардын кийинки тагдыры кандай болору белгисиз.
Africa Eye менен иштешип жаткан жергиликтүү журналисттердин бири Лепаран менен ооруканадан алыс эмес жердеги офисте жолукту. Журналист өзүн Роуз деп тааныштырып, төрөттөн калып, күйөөсү басым кылып жатканын, бала асырап алууга мажбур экенин айтты.
- Бала асырап алууга аракет кылып көргөн жоксузбу?,-деп сурады Лепаран.
- Биз бул тууралуу ойлондук, бирок анын жол-жобосу оңой эмес,-деп жооп берди Роуз.
Ошондон кийин Лепаран ага жардам берүүгө макул болуп, кызматын 300 миң шиллингге (2,7 миң доллар) баалады.
"Эгерде биз бул келишимди ишке ашырсак, бул үчөөбүздүн гана ортобузда калышы керек",-деп эскертти Роуз менен ортомчуга.
Балдарды соодалаган жайларды дагы бири - Найробинин жакыр кварталдарындагы көмүскө клиникалар. Бул жерде төрөттү кабыл алышат. Көптөр бул жерде ымыркайлар көп сатыла турганын жакшы билишет.

Сүрөттүн булагы, TONY KARUMBA
Мамлекеттик ооруканада соцкызматкер болуп иштеген Фред Лепаран көп өтпөй байланышка чыгып, кароосуз калган бала тапканын кабарлады. Ал жакынкы балдар үйүнө жөнөтүлө турган үч баланын бирөө болуп чыкты. Лепарандын иши бул балдарды аман-эсен балдар үйүнө жеткирүү болчу. Лепаран Mama Lucy ооруканасынын администрациясы мунун артынан түшүп, балдардын жеткен, жетпегенин териштирбей турганын жакшы билген.
Ал керектүү документтерди толтуруп, оорукана кызматкерлери менен бакылдап сүйлөшкөн соң, балдарды алып чыкты. Демек, алардын көз алдында эле уурдап кетти.
Роуз аны оорукананын короосунда унаада күтүп олтурган. Жыйынтыгында Би-Би-Синин журналисттери үч ымыркайды унаага салып алып ооруканадан чыктык. Эки наристе балдар үйүнө жетип, үчүнчүсү кимдин колунда экени белгисиз бойдон калмак. Албетте, биз алардын үчөөнү тең балдар үйүнө алып бардык. Бул жерден алар мыйзамдуу түрдө асырап алган ата-энесинин колуна түшөт.
Ошол эле күнү түштөн кийин Лепаран биздин "Роузга" чалып, үстөл үстүнө 300 миңди кантип калтырышы керектиги боюнча көрсөтмө берди. Ошондой эле балдардын тамак-ашы боюнча адиске чалууну, баланын эмделген жери сезгенип калбашын табыштады. Анан кезектеги жолу өтө этият болуусун эскерте кетти.
Би-Би-Си бул келишим боюнча Лепарандын өзүнөн комментарий алууга аракет кылып, бирок ал баш тартып койду. Оорукана жетекчилиги дагы интервью боюнча сунушубуздан баш тартты. Кыязы, Лепаранды жоопко тартышкан жок. Биз күбө болгон иштердин баары боюнча полицияны кабардар кылдык.
Би-Би-Синин Africa Eye программасынын иликтөөсү жарыялангандан кийин Кениянын полициясы саламаттыкты сактоо тармагындагы жогорку кызматтагы үч кишини бала сатуу боюнча камакка алганы белгилүү болду. Найробидеги балдар үйү, ооруканалар боюнча дагы иликтөө башталганын бизге маалымдашты.
Апта башындагы басма сөз жыйынында Кениянын эмгек жана социалдык коргоо министри Саймон Челугуи "күнөөлүүлөр мыйзам чегинде жазаланарын" убада кылды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги Mama Lucy ооруканасындагы иликтөө Би-Би-Сиге ыраазычылык билдирди. (AbA)
(Макала айрым кыскартуулар менен сунушталды)












