Кытайдагы бала уурдоо көйгөйү: "Уулумду 32 жылдан кийин таптым"

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Синди Суи
- Role, BBC World Service
Ли Жиңжи отуз жылдан ашуун убакыт уулун издеди. Мао Йин 1988-жылы уурдалып, башка үй-бүлөгө сатылган.
Дем алыш күндөрү Жиңжи үй-бүлөсү менен зоопарк, же шаардагы башка паркттарга барып турушчу.
"Ал бир жарым жашта эле. Аны Сиан шаарындагы зоопаркка алып бардык. Жердеги куртту көрүп, "апа, курт" деп көрсөттү. Уулум ар нерсеге кызыгып, зоопаркка барганды жакшы көрчү",-дейт Жиңжи.
1988-жылы бир гана балалуу болуу саясаты күчүндө болчу. Ошондуктан Жиңжи болгон көңүлүн жалгыз баласына бурган.

Жиңди буудай экспорттогон компанияда иштеп, күзүндө бир нече күнгө талааларды кыдырып калчу. "Жиа-Жиа" (котормосу "азамат") деп эркелетишкен уулу атасы менен шаарда калган. Ошентип талаа кыдырып жүргөндө ишинен кат келген.
"Ал учурда байланыш өтө начар болчу. Мага иштен алты гана сөздөн турган телеграмма келди: "Үйдө маселе чыкты, тез артка кел!" деп жазылган. Эмне болгонун билбей, баарын таштап үйгө жүгүрдүм".
Үйгө кайтып келген Жиңжи уулу тууралуу кабар уккан. 1988-жылы октябрь айында, Жиа-Жиа эки жаш сегиз айга толгондо дайынсыз жоголду.
Жиңжинин күйөөсү уулун бала бакчадан алып, жолдон суу сатып алган экен. Аны уулуна берерден мурун сууга жууй калайын деп, бир мүнөткө карабай калган. Артка бурулганда баласы турган жеринен жок болуп чыкты.
"Уулум алыска басып кетип, кайра атасын таппай калган го деп ойлодум. Полиция тез ала таап берет деген үмүтүм бар эле",-дейт Жиңжи.
Уулу бир апта бою табылбагандан кийин, Жиңжи аны уурдап кеткенин түшүнгөн. Ал көчөлөргө сүрөт илип, шаарды беш жолу кыдырып чыккан. Бирок уулун эч таба алган эмес.

"Күнү-түнү тынбай ылайдым. Кыйкырсам дагы эчтеке кыла алган жокмун",-дейт Жиңжи.
Дал ушул учурда Кытайда бала уурдоо чоң көйгөйгө айланган. Коммунисттик бийлик бул маселени жашыруун кармап, жергиликтүү тургундар мындай кылмыштар болуп жатканын билбей деле калышчу.
1979-жылы бир гана балалуу болуу саясаты киргизилген. Кытай бийлиги жакырчылык менен күрөшүүдө бул саясат маанилүү экенин айткан. Шаарда жашагандар бир гана балалуу болушса, айылда тургундар эки балалуу болууга (биринчи кыз төрөлсө) укуктуу эле.

Тукум улоо үчүн эркек балалуу болуу укугунан айрылгандар кылмышкерлерге кайрылып, бала уурдоо ошондон күч алган эле. Өзгөчө эркек ымыркайлар уурдалган.
Жиңжи башында күйөөсүн урушуп, аны менен ажырашууга чейин барган. Кийин уулун экөөлөп издөө туура болорун түшүнүп, кайра жарашкан эле. Бирок үй-бүлө бир гана дайынсыз кеткен уулу тууралуу сөз кылышып, төрт жылдан кийин ажырашып кетет.

Жиңжи күйөөсү менен ажырашса дагы, уулун издей берген. Жума күнү жумуш бүткөндө ал поезд аркылуу Сиан шаарынын айланасындагы кыштактарды кыдырган. Жекшемби күнү кечинде кайра келип, дүйшөмбү күнү ишке чыкчу.
Жиа-Жиага окшош бир бала тууралуу укса эле, Жиңжи кыштак канчалык алыс болгонуна карабастан, ошол айылга барып, сураштырып турчу.
Уулун жоготкон эне бир гана баласы тууралуу ойлонуп, психикалык абалы начарлаган. Достору аны көндүрүп, дарыгерге алып барышкан эле.

"Психолог физикалык жараларды тез эле дарылап койсо болот, бирок жүрөктөгү жараны дарылоо үчүн сенин жардамың керек деп айтты. Ошондо түшүндүм, өзүмдү колго албасам жинди болуп кетет экенмин деп калдым. Уулумду бир күнү тапсам, жинди болуп калган энесин көрсө кандай болот?"-дейт Жиңжи.
Ошондон кийин Жиңди өзүн колго алып, түнү менен ыйлабай, туура тамактанып, кечинде уктап, болгон күчүн уулун издөөгө жумшады. Жиа Жианын кийимдери менен оюнчуктарын дагы сандыкка салып койгон. Себеби аны көрсө эле Жиңди кармана албай, ыйлап кирет эле.
Ошол учурда Жиңжи көптөгөндөр балдарын жоготконун түшүнө баштады. Алар биригип, издөөнү чогуу жүргүзүштү. Бири-бирине балдарынын сүрөтүн жөнөтүп, Кытайдын бардык провинцияларын камтый алышты. Бул ыкма менен көп балдар табылды, бирок алардын арасында Жиа Жиа жок эле.
Уулунун жоголгонуна 19 жыл өткөдө, интернет баракчалары пайда боло баштаган. Жиңжи дайынсыз жоголгон балдарды таап берүүгө аракеттенген интернет баракчаларына ыктыярчы болуп иштеп, өзүнүн уулун дагы издеди.
"Өзүмдү жалгыз сезбей калдым. Ыктыярчылардын көбү балдарын жоготкондор эле. Биз бири-бирибизди колдоп турдук. Өзүмдү уулумду таппасам да, башкаларга жардам берип жаттым",-дейт Жиңжи.
2009-жылы Кытай өкмөтү дайынсыз кеткен балдарын издегендерге жардам берүү үчүн ДНК анализ базасын түзгөн. Алар бул базада ДНКсын каттап коет. Эгерде ата-энесин издеген бала болсо, ал базадан ДНКсын салыштыра алат.
Ыктыярчылык иши менен Жиңжи 29 баланы ата-энесине таап берген. Бирок өз уулун таба албай жаткан эне үчүн бул абдан оор болду.
"Баласын кучактаган энени көрүп сүйүнөм. Бирок эмнеге өзүмдүн уулумду таба албай жатам деп капа болчумун. Ошол эле учурда менде үмүт пайда болот эле",-дейт Жиңжи.
2020-жылы Май айында - Энелер күнүндө - Жиңге Сиан шаарынын коомдук коопсуздук бөлүмүнөн байланышкан. Көрсө, Жиңжинин уулу табылыптыр.
Апрель айында Жиңжи өз булактарынан Сиан шаарынан уурдалган бала тууралуу билген киши менен жолуккан. Ал баланын чоңоюп калгандагы сүрөтүн берген экен. Жиңжи эч ойлонбой эле, бул сүрөттү полицияга алып барыптыр.
Полиция сүрөттү жүздү тааныган технология аркылуу карап, ал 700 чакырым аралыктагы Чеңду шаарында жашап жатканын аныкташкан. Андан соң сүрөттөгү кишини таап, ДНК анализин тапшырууга көндүрүшкөн. 10-майда ДНК анализи даяр болуп, жигит Жиңжинин уулу экенин көрсөткөн.
Бир жума өткөндөн кийин полиция Жиңжиден кайрадан ДНК анализин алып, экинчи ирет текшеришкен.
"ДНК анализи экинчи жолу даяр болгондо гана, уулум табылганына ишендим",-дейт Жиңжи.

Сүрөттүн булагы, CCTV
32 жылдан кийин Жиңжи уулуп таап алды.
18-майда 2020-жылы бала менен энеси кайрадан кезикти. Жиңжи сарсаана болуп, эмне кыларын билбей турганы көрүнүп турду. Бойго жеткен уулу үйлөнүп, бизнес менен алектенет экен.
"Жолугушуунун алдында аябай корктум. Балким мени тааныбай калат же мени эне катары көргүсү келбейт. Кучактасам, артка кучактабай койсо эмне болот. Андай болсо жүрөгүм жарылып кетет го деп ойлодум",-дейт Жиңжи.
Жиңжи дайынсыз кеткен балдар тууралуу талкууларга катышып жүргөндүктөн, анын окуясын Сиан шаары жакшы билген. Ошондуктан журналисттер кызыгып, Кытайдын борборлук телеканалы (CCTV) эне менен баланын жолугушуусун түз көрсөттү.
Жиа-Жианы уурдалгандан кийин бир жыл өткөндө, алты миң юанга (бүгүнкү күнү $840 доллар) балалуу боло албай калган үй-бүлөгө сатылган экен. Алар аны Гу Нинин деген ат беришип, өз баласындай эле бойго жеткириптир.
Жиңжиге сүрөттү берген булак болсо өз ысымын жашыруун кармоону суранды.

Сүрөттүн булагы, CCTV
Жиа Жиа энеси жана атасы менен бир айдай Сианда жашады. Жиңжи уулунун эсинде эчтеке жок экенин айтат. Бирок балдардын көбү төрт жашка чейинки окуяларды эстей алышпайт.
Жиа-Жиа учурда үй-бүлөсү менен Чеңду шаарында жашайт. Жиңди болсо Сианда. Көптөр коомдук тармактарда Жиа-Жианы Сианга көчүп келүүгө үндөгөнү менен Жиңди аны каалабайт.
"Ал бойго жеткен жигит, өз турмушу, үй-бүлөсү бар. Ага бир гана жакшылык каалайм. Уулумду таптым, ал тирүү жана ден-соолукта. Мага ошол жетиштүү",-дейт Жиңжи.
Сүрөттөрдү Li Jingzhi тарткан.








