Испаниянын премьер министри өлкөсүндөгү сойкулукту жок кылууга убада берди
18-октябрь: Күндүн жаңылыктары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Валенсияда өткөн социалистик партиянын конгресинде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес бул аялдарды “кулдандырарын” айтты.
Проституция Испанияда 1995-ж. декриминалдаштырылган. БУУнун 2016-ж. баалоосу боюнча индустриянын көлөмү $4.2 млрд жеткен.
2009-ж. өткөн сурамжылоодо испаниялык ар бир үчүнү эркек секс үчүн төлөгөн.
2011-ж. жүргүзүлгөн БУУнун сурамжылоосу Испания Тайланд, Пуэрто-Рикодон кийинки дүйнөдөгү үчүнчү орундагы эң ири сойкулук борбору болуп калганын аныктаган.
Проституция азыр Испанияда жөнгөрүлбөйт жана сексуалдык кызматтар өз эрки менен жана коомдук эмес жайда көрсөтүлсө эч кандай жазаланбайт. Бирок сексулдык кызматчы менен кардарын арасында далдачылык кылуу мыйзамсыз.
Декриминалдашкандан бери индустрия өстү. Учурда Испанияда бул индустрияда 300 000 аял иштейт.
2019-ж. Санчес мырзанын партиясы шайлоо программасында аялдардын добушун тартуу үчүн сойкулукту мыйзамсыз кылууга сөз берген.
Ал программада сойкулук “жакырчылыкты аялдаштыруунун эң катаал өңүтү жана аялдарга каршы зомубулуктун эң жаман жолу”, - деп аталган.
Шайлоодон эки жыл өткөнүнө карабастан, эч кандай мыйзам сунуштала элек.
Испаниядагы азыркы системанын колдоочулары ал денесин саткан аялдар үчүн чоң утуштарды алып келди жана алардын өмүрү коопсузураак болуп калды дешет.
Ага карабастан, акыркы жылдары аялдар сексулдык кызмат көрсөтүүгө сатылып жатканынын өсүшү олуттуу тынчсыздандырууларды жаратууда.
2017-ж. испан полициясы траффикке каршы рейдде 13 000 аялды аныктап, алардын 80% эркине каршы үчүнчү тараптардын мажбурлоосу менен иштеп жүргөнүн белгилеген (CS).
Кыргызстанда электр кубаты жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер жарыяланды
Бекитилген тарифтерге ылайык, 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн жеке үй чарбалары 77 тыйындан, андан ашканын 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар 77 тыйындан төлөйт, керектөөнүн көлөмү чектелген эмес.
Жылуулук кубатына болгон тарифтер, калк үчүн - 1,134,76 сом/Гкал, ысык суу менен камсыздоо тарифи болсо азыркы баасында - 981,76 сом/Гкал боюнча калат. (CS)
Казакстан Афганистан менен сооданы жандандыргысы келет

Сүрөттүн булагы, Official
Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы менен бул гумжардамды Эл аралык кызматташтык боюнча атайын өкүлү Ержан Казыхан жеткирип барды.
Казак басылмалары маалымдагандай, Казыхан Афганиста аракеттеги бийлик башында турган Абдул Гани Барадар жана Амир Хан Мутаки менен жолуккан. Тараптар жолугушууда соода-экономикалык байланыштарды жандандыруу тууралуу макулдашкан.
Казыхан афган элине Казакстанда өндүрүлгөн QazVac вакцинасын да сунуштаган.
Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков баштаган делегациянын Афганистанда быйыл 23-сентябрда “Талибан” жетекчилери менен сүйлөшкөнү коомдо кызуу талаш-талкууларга жем таштаган эле.
Кыргыз президентинин басма сөз кызматы кыргыз делегациясы Афганистанга гуманитардык жардам жеткиргенин айткан. EK












