"Бул аскердик төңкөрүш": Судандын армиясы өткөөл өкмөт мүчөлөрүн камакка алды

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Суданда өзгөчө кырдаал жарыяланып, армия өткөөл жарандык өкмөттүн мүчөлөрүн камакка алды. Кармалгандар арасында премьер-министр дагы бар. Судандын эгемен кеңешинин башчысы, генерал Абдель Фаттах аль-Бурхан телевидение аркылуу кайрылуусунда ал мындай кадамга саясатчылардын тирешинен жана зомбулукка үндөгөн чакырыктан улам барганын айтты.
Аль-Бурхан Судан эл аралык келишимдерди бузбайт деп убадалап, бир аз убакыттан кийин өлкө жарандык башкарууга кайтат, деди. Бул 2023-жылдын июль айына белгиленген шайлоолордон кийин ишке ашышы мүмкүн.
"Шайланган жарандык өкмөткө бийликти өткөрүп жатып, куралдуу күчтөрдүн демократияга өтүүгө дилгирлигине кепилдик беребиз. Өлкөдө болуп жаткан окуялар жаштарда пайда болгон улутту түптөө үмүтүнө шек келтирип жатат",- деди Аль-Бурхан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Дүйшөмбүгө караган түнү аскерлер премьер-министр Абдалла Хамдукту жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүн кармашты.
Al Hadath телеканалы өз булактарына таянып, Хамдук үй камагына чыгарылганын жарыялады. Ал аскердик иш-аракеттерди колдоп билдирүү жасагандан баш тартканы айтылууда.
Телеканал ошондой эле армия министрлерди эле эмес, бийликтеги кеңештин жарандык мүчөсүн, бир нече губернаторду жана саясий партиялардын жетекчилерин кармаганын маалымдады. (EK)







