Казакстандык изилдөөчү: ЕАЭБ толук кандуу иштей алган жок

Абдыбек Казиев, Мээрим Догдурбекова Би-Би-Си. Бишкек

Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны уланууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЕАЭБ алкагында товарлардын, жумушчу күчтүн жана капиталдын эркин жүрүүсүндө эрежелер бузулуп жаткандыгын айтып, эрежелерди бузгандар үчүн жоопкерчилик чараларын иштеп чыгуу керектигин билдирди.

Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынында башка мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Акылбек Жапаров ЕАЭБ жыйынында башка мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары менен

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын билдиришинче, жыйында бул маалыматтарды угушту:

Өнөр жай кооперациясын каржылоо маселеси;

Уюмдун алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча иш алып баруу;

Биримдикке мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө. Өкмөт башчылары тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту.

Кайрат Молдашев. PhD изилдөөчү Казакстан.

Сүрөттүн булагы, International School of Economics Kazguu

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кайрат Молдашев. PhD изилдөөчү Казакстан.

Дал ушундай абройлуу жыйындар өтүп, бул сыяктуу чоң келишимидер кабыл алынып, макулдашуулар жүрүп, максаттар белгиленгени менен иш жүзүндө баары башкача деген кескин сын айтылып эле келе жатат. Казакстандык изилдөөчү, профессор Кайрат Молдашев уюм түзүлгөндөн бери талдап, ишмердигин изилдеп келет. Ал Би-Би-Сиге маек курду.

Кайрат Молдашев: ЕАЭБ күтүлгөндөй жана стратегияларында белгиленгендей иштеп жатабы деген суроо турат. Бул маселени 2010-жылдан бери изилдеп келе жатам. Андан бери докторлук диссертация жазып, башка изилдөөлөрдү жүргүздүм. 2010-жылы биримдиктин пайдубалы түптөлдү десек болот. Ошол кезде Казакстан, Белорусь, Россия кирген эле. Ал убакта деле консенсус түрүндө белгиленген бир стратегия болгон деп айтуу кыйын. Эмнеге дегенде дискурсту эске алып талдасак баары түшүнүктүү болот. Мүчө болгон ар бир мамлекетте Евразиялык биримдикке байланыштуу, жалпы интеграцияга байланыштуу дискурста эмне айтылат?

Ошонун баарын жалпылап келгенде мындай бир натыйжа чыкты:

Казакстан

Казакстанда көбүнчө Евразиялык биримдик, интеграция, экспорт жана транзиттик потенциалды колдонуу дискурсу турган. Казакстандын аркы бети кичинекей, калкынын саны чакан, ошон үчүн биз биримдик курабыз, чет элдик инвестиция тартабыз. Келечекте тарифсиз сооданы пайдаланып, товарларды Россия, Белорусь жана башка өлкөлөргө сатабыз деген ой болду.

Мындан сырткары транзит аркылуу Кытай, Европа ортосунда жолдор жана тез жеткирүү маселесин караштырып, ушундан акча табабыз деген пландар болгон. Киреше ушундан түшөт деген план эле. Албетте, идентификация маселеси болду, бирок 2010-жылдары ушул эки маселе Казакстандын өнүгүү стратегияларында, президенттин болсун, башка саясий лидерлердин дискурсунда, сөздөрүндө, айткандарында, жазгандарында белгилүү болуп турган.

Беларусь

Белоруста бул жөн гана мүнөзгө ээ болду десек болот. Аларда көбүнчө доминанттуу дискурс мындай болду: Биз экономикалык биримдикке кошулсак, адилеттүү конкуренция үчүн атаандаштыктын да тең салмактуу болуусуна биздин ресурс, бааларыбыз жана ресурска болгон мүмкүнчүлүгүбүз бирдей болуусу керек дешти. Алар биз газды, мунайды Россиянын же Казакстандын баасында ала алабыз, алышыбыз керек деген маселе турган аларда. Белорусь үчүн бул өтө маанилүү болчу. Лукашенко баш болуп баары ушул маселени айтып жүрдү.

Россия

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Россияда жалпы экономикалык өнүгүү дискурсунда Евразиялык биримдик анча болгон жок. Ал жерде жөн гана келечекте потенциалдуу делген Россия товар чыгарып, экспортко сата турган болсок, анда Казакстан, Белорусь нарктары биз үчүн полигон болот дегендей маанайда эле. Андан да ары карай чыгуу үчүн деп транзитке байланыштуу бир нече экономисттердин жарыяланган ойлору болду. Бирок жалпы бир мамлекеттин стратегиясы болгон жок. Ошон үчүн көбүнчө неоипмериялык дегендей дискурсунда өтө өнүккөн эле.

Евразиялык биримдик маселесине ушундай мамиле болду десек болот. Андан үч түрдүү пикир, үч түрдүү максат чыкты. Бирок кагазга Европа биримдигинин "калькасы" түшүрүлдү десек төп келет. Ошолордон алып, стратегиялык кагаздарга жана келишимдерге ушундай нерселер көчүрүлүп жазылгандай элес калтырды. Аны эгер мамлекеттин бир ички дискурсуна карай турган болсок мына ушул өнүгүү стратегиясы деп айтууга болбойт. Ошондуктан уюм өз стратегия менен өнүгүп жатабы деп айтуунун өзү кыйын. Негизи ушул маселе бар. Экинчиден, Россиянын стратегиясында белгиленгендей өнүгүп жаткан жок.

Чынын айтуу керек, Казакстандын да стратегиясындагыдай өнүгүп жаткан жок. Өзүнүн ушундай бир пайда болот деген суроолоруна жооп берип жаткан жери жок. Менимче, Евразияклык экономикалык биримдик - Россия үчүн жөн гана саясий, геосаясий жактан абдан маанилүү болуп турат. Бирок, аны колдоно албай жатат. Казакстан үчүн көбүнчө экономикалык өнүгү жагынан потенциалы болду. Бирок аны азыр да ишке ашыра албай жүрөт. Жыйынтыктап келгенде уюмга мүчө мамлекеттер күткөндөй ишке ашып, натыйжа берип жаткан жок деп кортундулаганга болот.