Т. Чоротегин: Кара тумоо Ысык-Көлдөн каптаган деген – жалган

Yersinia pestis бактериясы (же чума таякчасы)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Yersinia pestis бактериясы (же чума таякчасы)

Жакында бир чуулгандуу кабар жарыяланды. Анда европалык окумуштуулардын тобу XIV кылымдын ортосунда Европада, Азияда жана Африкада он миллиондогон кишилердин өмүрүн алган кара тумоонун бир түрү Ысык-Көлдөн каптаган экен, деген бүтүм айтылат. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин бул бүтүмдүн талуу жерлерин белгилейт жана анын негизги жобосун четке кагат.

Оболу чуулгандуу кабарга кайрылалы. Кабарда Шотландиянын Стерлинг университетинин, Германиянын Тюбинген университетинин жана Макс Планк коомунун Физика институтунун окумуштуулары Ысык-Көлдүн жанындагы көрүстөндөрдөн табылган тиштерди анализдеп, кара тумоо (чума) оорусунун биринчи очогу 1330-жылдары азыркы Кыргызстандын аймагында пайда болгон деген тыянакка келишкен, делет.

1338–39-жылдары Ысык-Көл аймагында өлүм-житим кескин көбөйгөн, деген да маалымат айтылат.

Ким билет, чын эле ошондой болгонбу? деген шектенүү менен биз “Nature” (“Табият”) аттуу илимий журналдын өзүнүн англисче макаласына кайрылдык (Булак: https://www.nature.com/articles/s41586-022-04800-3)

Макаладан үзүндү:

“Here we report ancient DNA data from seven individuals exhumed from two of these cemeteries, Kara-Djigach and Burana. Our synthesis of archaeological, historical and ancient genomic data shows a clear involvement of the plague bacterium Yersinia pestis in this epidemic event. Two reconstructed ancient Y. pestis genomes represent a single strain and are identified as the most recent common ancestor of a major diversification commonly associated with the pandemic’s emergence, here dated to the first half of the fourteenth century.”

“Бул жерде биз Кара-Жыгач жана Бурана (шаар чалдыбарларындагы. – Т.Ч.) эки көрүстөндөн казылып алынган жети кишинин байыркы (орто кылымдардагы. – Т.Ч.) ДНК маалыматтарын беребиз. Археологиялык, тарыхый жана байыркы геномдук маалыматтардын биз камсыздаган синтези бул эпидемиялык окуяга Yersinia pestis чума бактериясынын ачык-айкын катышуусун айгинелеп турат. Реконструкцияланган эки байыркы Y. pestis геному бир штаммды билдирет жана (ушул эки геном. – Т.Ч.) бул аймакта XIV кылымдын биринчи жарымына таандык болгон, адатта, пандемиянын пайда болушу менен байланышкан негизги түркүмдөшүүнүн эң жакынкы жалпы ата-теги катары аныкталган”.

Дал ушул Кара-Жыгач жана Бурана жер аталыштары дароо биздин көңүлүбүздү бурду. Биринчиден, Кыргызстанда мындай шаар чалдыбарлары бар жана алар Ысык-Көл өрөөнүндө эмес... Чүй өрөөнүндө жайгашкан.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Бул – кадыр-барктуу окумуштуулар үчүн өтө олуттуу топонимиялык ката болуп саналат. Албетте, космостогу жасалма жандоочунун дүрбүсүнөн үстүрт караганда, алыскы Кашкар жана Ташкент шаарлары деле Ысык-Көлдүн жанында тургандай көрүнө берет, ал эми дүрбүнү жакындатып карасаңыз, Кашкар менен Ташкент түгүл, азыркы Бишкек жана Токмок шаарлары эле Ысык-Көл аймагынан алда канча алыста, тоо кыркасынан кийин тургандыгын көрө аласыз.

Экинчи жагынан алганда, бул окумуштуулар канчалык өз илимий жыйынтыгын “алга карай секирик” деп жарыялашпасын, алар өздөрү да изилдөөнүн талуу жактарын мойнуна алышат: бул – кеңири Борбордук Азия аймагында антропологиялык маалыматтын дээрлик аздыгы жана жоктугу.

Демек, маселен, кийинки жылдары КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном аймагында же Борбордук Азиянын батыш жактарында, Индияда, Иранда, Түркияда, Кавказда, Улуу жибек жолунун таманындагы башка да кайсы бир жерлерде антропологиялык иликтөөнүн натыйжасында алиги геномдун андан да мурдагы түрү чыгып калса, анда бул теория оңой-олтоң эле урап түшөөрү бышык.

Албетте, изилдөөдө көрсөтүлгөндөй, кара тумоо (чума) тууралуу маалыматтар Евразияда мурдатан эле тарых китептеринде катталып келген. X к. акыры – XI к. башында айтылуу Ибн Сина да ушул тумоого каршы күрөшкөн, дешет. Бул кеңири маалымат – кара тумоонун көөнө түрлөрү тууралуу Евразиядагы учурдагы маалыматты жалпылоону мындай коёлу, аны технология жетишкендиктерине таянып, жаңыдан, – тагыраак айтканда, – нөлдөн иликтөө гана жолго коюлган жатат, дегенди туюнтат.

Жаңы илимий технологиялык жетишкендиктерге таянуу менен, ДНКны текшерүү менен ушундай изилдөөлөрдү жүргүзүүгө бут тосуу жарабайт деп санайбыз. Албетте, изилдөөнү эл аралык деңгээлде улантуу керек.

Бирок Парижде табылган орто кылымдардагы геномду жалпылап айтып жатып, андан алда канча алыс турган Женева көлүндө кайсы бир учурда кара тумоо каптаптыр деп кыргызстандык окумуштуулар тобу бүтүм чыгарышса, анда европалыктар алардын бүтүмүн дароо “Шнобелдик сыйлыкка” көрсөтүп, уяткарышмак. Муну мен бөркүмдөй көрөм.

Демек, кишилерди кыргынга дуушар кылган бактериянын ата-тегин Ысык-Көлдөн таптык деген бүтүм – “шнобелдик сыйлыктын” бүтүмүнө тете сыяктанат. Албетте, мен генетик илимпоз эмесмин, бирок Борбордук Азия топонимиясы жана мындагы шаар чалдыбарлары кайсы өрөөндө жайгашкандыгы тууралуу аздыр-көптүр кабарым бар жана жогорудагы шаар чалдыбарларын кезүү үчүн Ысык-Көлгө барбастан эле Чүй өрөөнүндө саякат кылуу жетиштүү экендигин кыргыз археологдору түшүнөн чочуп ойгонгондо да тастыктап бере алышат.

Бишкектин түштүк-чыгышындагы Кара-Жыгач шаар чалдыбары – орто кылымдардагы Тарсакент (Христиан шаары) деген шаардын орду болгон. Демек, орто кылымдарда Улуу жибек жолунун таманында жайгашкан Чүй өрөөнү көп этностуу, көп диндүү, ар кыл маданиятка ээ, бири-бири менен жанаша жашаган ар кыл калктардан тургандыгы ушул топонимден эле кошумча тастыкталат.

Дүйнөнүн Махмуд Кашгари чийген картасындагы Борбордук жана Чыгыш Азия (ХI к). (Тынчтыкбек Чоротегиндин котормосунда)
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дүйнөнүн Махмуд Кашгари чийген картасындагы Борбордук жана Чыгыш Азия (ХI к). (Тынчтыкбек Чоротегиндин котормосунда)

Ал эми азыркы Токмок шаарынан түштүк-батышыраак жайгашкан Бурана шаар чалдыбары – Карахандар каганатынын жалпы саясий борборлорунун бири – Баласагын шаарынын калдыгы болуп саналат. Мындагы асман астындагы ачык музейде да ислам жана христиан (тарса, несторийчи) дининдегилердин таштагы жазма эстеликтеринен тышкары, теңирчилик доорундагы балбалдар да сакталып турат. Кыргызстандын айрым аймактарында бутпарастык (буддисттик) “ом мани падмэ хум” деген ыйык сөздөр жазылган таштар дагы азыркы доорубузга чейин сакталып жеткен.

Айтмакчы, Баласагын шаарынын аталышы 1072–1077-жылдары Махмуд Кашгари Барскани тарабынан чийилген арапча дүйнө картасында даана жазылган жана бул шаарды Ысык-Көлдөн жана коңшу Кочкор өрөөнүнөн кызыл чийин менен белгиленген тоо кыркасы таасын бөлүп турат.

Мындан миң жыл илгери Махмуд Кашгари Барскани баамдаган жана картографиялык ыкма менен чагылдырган тоо кыркасын азыркы европалык окумуштуулар көрбөй калгандыгы гана саал түшүнүксүз.

Жыйынтыктасак, Ысык-Көл аймагы кара тумоо келип чыккан чөлкөм болгон деген бүтүм – илимий жактан калпыс бүтүм болуп саналат.

Тынчтыкбек Чоротегин,

тарых илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору, Бишкек шаары.

Археологиялык казуу жүргүзүлгөн жер. Ак калпакчан окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин. Сол жагында - археолог Валерий Кольченко. Чүйдөгү Кызыл-Суу (Красная Речка) шаар чалдыбары. 2019-жылдын июну.

Сүрөттүн булагы, Facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Археологиялык казуу жүргүзүлгөн жер. Ак калпакчан окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин. Сол жагында - археолог Валерий Кольченко. Чүйдөгү Кызыл-Суу (Красная Речка) шаар чалдыбары. 2019-жылдын июну.

Кошумча маалымат:

Саналуу күн мурун чет өлкөлүк бир нече басылмага, ал тургай гезиттерге дагы окумуштуу Т. Чоротегин чечмелеген маалымат жарыяланган. Би-Би-Си Кыргыз кызматы дароо эле бул маалыматтын чын-төгүнүнө, мазмунун тактыгына дагы бир ирет сереп салып чыгуу өтүнүчү менен окумуштууга кайрылган. Себеби окмуштуу Тынчтыкбек Чоротегин маалыматта айтылган доорду, ошол мезгилдеги урунттуу окуяларды, ошол доордо жашап өткөн тарыхий инсандар боюнча кенен изилдеген. Мунун өзү окумуштуу бул жөнүндө өз талдоолорун жүргүзүүгө мыкты өбөлгө түзөт.