Кир абанын айынан жылына миллион ымыркай өлүү төрөлөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Кытай жана америкалык окумуштуулар энелер кир аба менен дем алгандыктан дүйнөдө жылына бир миллион бала өлүү төрөлө турганын аныкташты. Бул өлүү төрөлүүгө кир абанын түздөн-түз таасири бар экенин билдирет дешет окумуштуулар.
Nature журналында жарыяланган жаңы изилдөөнүн авторлору биринчи жолу абадагы көзгө илешпеген өтө майда бөлүкчөлөрдүн жогорку концентрациясы түйүлдүктүн өлүмүнүн санына кандай таасир этерин так аныктай алышты.
Окумуштуулар 1998-2016-жылдар аралыгында кирешеси төмөн жана орто деңгээлдеги 54 өлкөдөгү 45 миң төрөттүн маалыматын изилдешкен. Алар чыгарган жыйытыктар Азия, Африка жана Латын Американын 137 өлкөсүнө жайылган - бул өлкөлөргө дүйнөдөгү өлүү төрөлгөндөрдүн 98% туура келет.
Бул 137 мамлекеттин арасында Кыргызстан да бар.
Кир аба көйгөйү Кыргызстанды кыйгап өткөн жок...
Суук тушкөн сайын кир аба көйгөйү Бишкектин туруктуу баш оорусуна айланат.
Буга чейин Бириккен улуттар уюму үчүн Финляндиянын метеорологиялык институту жасаган изилдөөдө Бишкектеги булганыч абанын кесепетинен жылына 4100-5000 адам көз жумары, бул каза болгондордун жылдык санынын 12-13% түзөрү айтылган.
Кыргызстандын Статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөдө ар бир миң төрөлгөн баланын орто эсеп менен 15,2 өлүү төрөлүү туура келет - бирок алардын баары кир абадан чарчап калат деп айтууга болбойт. Салыштырып көрсөк, Орусияда ар бир миң ымыркайдын ичинен 3,8, ал эми Улуу Британия менен АКШда үч бала өлөт.
Изилдөөдө абадагы PM 2.5 (адамдын канына кире ала турган кичинекей бөлүкчөлөр) менен түйүлдүктүн өлүмүнүн ортосундагы байланыш гана каралган. PM2.5 микробөлүкчөлөрү - мунай жана көмүрдүн күйүп кеткенден кийин абага чыккан калдыктары.
30-ноябрда ЮНИСЕФтин “Кир абанын саламаттыкка жана Бишкектеги аялдар менен балдардын жашоосуна тийгизген таасири” аттуу иликтөөнүн жыйынтыгы жарыяланды. Анда кир абадан коргоонунун алдын ала чаралары тууралуу да сунуштар берилет.
“Абанын кирдеши Кыргызстандагы эрте өлүм жана саламаттыктын кескин начарлашынын эң башкы экологиялык фактору болуп жатат. Кир аба жаңы төрөлгөн ымыркайдан тарта кары-картаңдардын ден-соолугуна залакасын тийгизүүдө. Анын жыйынтыгында 2021-жылдын 1-июлунан тарта 2022-жылдын 30-июнга чейин 112 өлүм катталган”, - деп айтылат иликтөөдө.
Соңку жылдары бул темага бир нече башка изилдөөлөр арналган - анда кичинекей бөлүкчөлөр эненин өпкөсүнөн плацентага кантип өтөөрү аныкталган. Бул бөлүкчөлөр түйүлдүктүн өпкөсүндө, боорунда жана мээсинде да табылган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кир абадан топтолгон өтө майда, зыяндуу бөлүкчөлөр плацентага киргенден кийин алар "эмбрионго орду толгус зыян келтириши мүмкүн" же эненин денеси ага кычкылтекти өткөрбөй коюшу мүмкүн, деп эсептешет азыркы изилдөөнүн авторлору.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 2021-жылы жаңыланган сунуштарына ылайык, PM 2,5 бөлүкчөлөрүнүн орточо жылдык концентрациясы бир куб метрде беш микрограммдан, ал эми суткалык орточо 15 микрограммдан ашпашы керек.
Учурдагы изилдөөдө катышкан кош бойлуу аялдар PM 2,5 деңгээли ДССУнун сунуштарынан ашкан аймактарда жашаган.
"PM 2.5 деңгээлин ДССУнун сунушуна ылайык төмөндөтүү өлүү төрөлүүнүн олуттуу санын алдын алат", - деп эсептейт изилдөөнү жетектеген Пекин университетинин окумуштуусу Тао Юэ.
ЮНИСЕФ 2020-жылдагы өлүү төрөлүү проблемасы боюнча отчетунда бул көрүнүштү "көңүл бурулбаган трагедия" деп атаган.
Тао Юэнин айтымында, көптөгөн өлкөлөр өлүү төрөлүүнү медицина аркылуу алдын алууга аракет кылышат, бирок экологиялык коркунуч факторлору көп учурда эске алынбайт.
"Кытай жана башка кээ бир мамлекеттер абаны тазалоо боюнча жүргүзүп жаткан мамлекеттик саясат өлүү төрөттүн алдын алышы мүмкүн, - деп айтылат изилдөөнү коштогон комментарийде. - Мындан тышкары, маскалар, аба тазалагычтар сыяктуу жеке коргонуу ыкмалары коркунучка кабылган аялдарды коргой алат. Ошондой эле, аба өзгөчө каттуу булганганда сыртка чыкпоо керек”. (ЕВ)












