"Көкүрөккө эки жолу аткан". Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек

Сүрөттүн булагы, Thinkstock
Айдай Аманкулова, Би-Би-Си Кыргыз кызматынын фрилансер-журналисти
Ош облусунда дагы бир келин күйөөсүнүн колунан ажал тапты. Окуя 26-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Сай айлында болгон. Анын алдында келин төркүнүнө, Өзгөн районуна 20 жылдык аземге катышуу үчүн барган. Аялын мылтык менен атып өлтүрүүгө шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
38 жаштагы Айзирек Эралиеваны төркүнү акыркы жолу 26-майда көрдү. Эми ал жок. Жакындарынын айтымында, Айзирек Өзгөн районуна караштуу Алга айылына 20 жылдык кечеге катышуу үчүн барган. Мектептеги аземден кийин күйөөсү менен үйүнө, Кара-Кулжанын Сай айлына кеткен. Бир күн өтпөй төркүнүнө сөөгү келди. Маркумдун сиңдисинин айтымында, (атын атабоону өтүндү – ред.) жездеси эжесин мылтык менен атып өлтүргөн.
"Күйөөсү 20 жылдыкка чогуу келген, жанында турган. Интернетте ар кандай имиш тарап жатат. Алар туура эмес. Эжем күйөөсүн кызгандыра турган эч нерсе кылган эмес. Эч кимдин колун кармаган да эмес, жетелешип, айланып бийлеген да эмес. Мектептеги азем бүткөн соң үйгө келишкен. 20 жылдыкта классташтары менен башка эч жакка барган жок. Апам аш баскан, тамак жеп, үйдөн чогуу чыктык. Алар жолдон мени таштап, андан ары кетишкен. Кечинде үйүнө баргандан кийин ушул окуя болуптур. Мылтык менен эки жолу аткан экен, ок оң көкүрөгүнө тийиптир. Башы таза, атка сүйрөткөн деген маалыматтар туура эмес".
Маркумдун сиңдисинин айтымында, жездеси эжесине кол көтөрчү эмес, бирок психологиялык зомбулук көрсөтүп келген, көржемечи болгон.
Кылмышка шектелип жаткан Белекбай Абдырасулов Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Сай айлынын тургуну. Ал 40 жашта. Айылдаштары ал ишкер болгонун, кыймыл-аракетинен мурда-кийин адаттан тыш көрүнүштү байкашпаганын айтып беришти.
"Үй-бүлөлүк шарты абдан жакшы болчу. Элдин алды эле десек жарашат. Өзү ишкер бала эле. Мал базарда жылкы сатчу. Бул жигит менин өкүл балам. Эми чынында эмне болгонун экөөнөн башка эч ким билбейт: бири кайтыш болуп калды, бири камакта. Өкүл кызым үйдө эле отурчу. Буга чейин алардын ортосунда чыр-чатак бар экени билинген эмес. Элдин баары дендароо болуп турат. Өкүл кызым кошунасынын үйүнө деле кирчү эмес. Элге деле көп аралашпаган, үйүнөн чыкпаган келин эле", – деди Сай айылынын Мелис аттуу тургуну.
Ош облустук ички иштер башкы башкармалыгы учурда тергөө амалдары жүрүп жаткандыктан, бул окуя тууралуу кеңири маалымат бере албай турганын билдирди.
"26-майда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Кулжа районунун тургуну 1987-жылы туулган А.Э. алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт каттоого алынып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлгөн. Тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү катары маркумдун жолдошу, 1985-жылы туулган А.Б. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",— деп жазылган Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тараткан маалыматта.
Айзиректин артында беш баласы калды. Улуусу студент, кичүүсү беш жашта.
Ички иштер министрлигинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, акыркы төрт айда 6500дөн ашуун үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36% көп.
Үрөй учурган учурлардан кандай жыйынтык чыкты?
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Соңку жылдары эле ондогон аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болду.
2024-жылы 2-январда Баткен облусунун Кадамжай районунда биринчи топтогу майыптыгы бар 23 жаштагы Айкыз Калмурза кызы күйөөсүнүн ур-токмогунан каза болгон.
Ошол эле жылы февралда 39 жаштагы Айжан Алымкулова өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрлгөн. Анын өлүмүнө шектүү деп жарандык никедеги күйөөсү кармалган. Быйыл мартта Кирилл Дамиров аттуу адам 15 жылга эркинен ажыратылды. Маркумдун жакындары ага жеңил жаза берилип калганын айтып жатышат.
Былтыр жазында Бишкектеги Кут конушунда үч баланын энеси Рахима Айкымбаева өзү жашаган үйүндө 27 жолу бычак жеп, өмүр менен кош айтышкан. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү кармалган. Кийин ал "Өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү" беренеси боюнча айыптуу деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.
Ушул эле жылы июлда Бишкектеги №4 шаардык ооруканада Ош шаарынын тургуну, 25 жаштагы Айтурган Маматкулова каза тапкан. Кайын-журту ал өзүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын билдирсе, маркумдун жакындары ал күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапты деп эсептешет.
2020-жылы "Клооп" басылмасы Кыргызстандагы фемицид боюнча иликтөө жасап, 2010-2020-жылдардын аралыгында 762 аял өлтүрүлгөнүн аныктаган.
Бириккен Улуттар уюмунун акыркы баяндамасында 2023-жылы жер шарында 85 миң кыз-келин өлтүрүлгөнү айтылат.
Кылмыштын 60% интимдик өнөктөш же үй-бүлөдөгү жакын адам жасаган. Баяндамада ар бир он мүнөт сайын бир аял же кыз фемициддин курмандыгы болору, күн сайын 140 аял жакын адамынын колунан жан берери белгиленген.












