Армиядагы тазалоо. Кытайда тогуз генерал кызматтан алынды

Сүрөттүн булагы, Reuters
- Author, Жаңылыктар бөлүмү
- Role, Би-Би-Синин Кыргыз кызматы
Кытайдын аскердик жетекчилигинде ири тазалоо жүрүп жатат. Ушул аптада тогуз генерал кызматтан айдалып, Коммунисттик партиядан чыгарылды. Ал эми Коргоо министрлиги алар оор финансылык кылмыштарга шектелип жатканын билдирди. Ал арада Кытай армиясындагы коррупцияга каршы күрөштү көзөмөлдөгөн ардагердин рангы көтөрүлдү.
Чжан Шэнмин Кытай Эл Республикасынын Борбордук аскердик кеңешинин төрагасынын экинчи орун басары, тактап айтканда, Кытайдын жогорку аскердик органындагы үчүнчү маанилүү адам болуп калды.
Кеңештин төрагасы – президент Си Цзинпин, ал эми анын биринчи орун басары – Чжан Юся. Экинчи орун басар дайындалганы тууралуу партиянын Борбордук комитетинин төрт күнгө созулган жыйынында жарыяланды.
67 жаштагы Чжан Шэнмин 47 жылын армияда өткөргөн, ал Борбордук аскер кеңешинин Коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн катчысынын орун басары кызматын ээлеген Ракета күчтөрүнүн генералы.
Өткөн аптада Кытайдын Коммунисттик партиясы аскер адамдарынын арасында ири коомдук тазалоонун бирин жүргүздү. Куралдуу күчтөрдүн катарынан жана партиядан чыгарылган кызмат адамдарынын дээрлик бардыгы "үч жылдыздуу" генералдар жана партиянын Борбордук комитетинин мүчөлөрү болгон.
Алардын ичинен эң таасирдүүсү Борбордук аскер кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары жана Си Цзинпинден кийин эле армиядагы экинчи адам Хэ Вэйдун болчу. Хэ Вэйдун акыркы жолу эл алдына мартта чыккан жана анын көпкө көрүнбөй калганы ал жогорку даражалуу аскер жетекчилиги арасында тазалоонун алкагында иши тергелип жатат деген божомолдорго жем таштаган. Ал ошондой эле Коммунисттик партиянын чечимдерди кабыл алуучу жогорку органы болгон Саясий бюронун курамына кирчү жана муну менен Саясий бюронун тергөөгө алынган биринчи мүчөсү болуп калды.
Вэйдундан тышкары төмөнкү адамдар ээлеген кызматтарынан айрылды:
- Мяо Хуа — Борбордук аскер кеңешинин саясий иштер департаментинин жетекчиси
- Хэ Хунцзюнь — Борбордук аскер кеңешинин саясий иштер боюнча департаментинин жетекчисинин орун басары
- Ван Сюбинь — Борбордук аскер кеңешинин Бириктирилген командалык борборунун жетекчисинин биринчи орун басары
- Линь Сянъян — Согуштук жетекчиликтин Чыгыш театрынын командири
- Цинь Шутун — кургактагы аскерлердин саясий комиссары
- Юань Хуачжи — Аскер-деңиз күчтөрүнүн саясий комиссары
- Ван Хоубинь — Ракета күчтөрүнүн командачысы
- Ван Чуньнин — Элдик куралдуу полициянын командачысы

Сүрөттүн булагы, AFP via Getty Images
Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө тогуз адам "партиялык тартипти одоно бузган жана өтө ири суммадагы, кыйла оор мүнөздөгү жана өтө зыяндуу кесепеттерге алып келген кызматтык кылмыштарга шектелүүдө" деп айтылат. Эми алар аскердик соттун алдында жооп берери, ал эми аларды жазалоо "партиянын жана армиянын коррупцияга каршы күрөшүндөгү олуттуу жетишкендик" болору белгиленди.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Борбордук аскер кеңеши бир нече айдан бери тазалоолор күтүлүп жатканынан кабар берип келген: июлда жаңы көрсөтмөлөр жарыяланып, алар армияда "уулуу таасирлерди" жок кылууга жана кадрлар үчүн "темир эрежелерди" орнотууга чакырган.
Талдоочулар бул тазалоо саясий мүнөздө да болушу мүмкүн деп эсептешет. Ал партиянын Пленумунун башталышына туш келди, анда Борбордук комитет өлкөнүн экономикалык өнүгүү планын талкуулап, жаңы мүчөлөрдү шайлашы керек болчу.
Пленум ушул бейшемби күнү аяктады. Партиянын Борбордук комитети жаңы беш жылдык планды — өлкөнүн өнүгүү артыкчылыктарын аныктаган стратегиялык документти бекитти. Планда "илимий-технологиялык өз алдынчалуулукка" басым жасалат – бул Трамптын администрациясы компьютердик чиптерге жана алдыңкы программалык камсыздоого чектөөлөрдү киргизип жаткан шарттарда кытайлык технологиялык компаниялар үчүн негизги максат.
Бул эң ириси болсо да, акыркы жылдардагы жалгыз тазалоо эмес: мунун алдында мурдагы коргоо министрлери Вэй Фэнхе менен Ли Шанфу кызматтан алынган.
Ракета күчтөрүнүн башкы генералдары да ээлеген кызматтарынан алынды. Алардын мураскорлорунун бири Ван Хоубин да эми партиядан чыгарылды.
Жарандык аткаминерлер да аскерлердин тагдырынан качып кутула алышкан жок: тышкы иштер министри Цин Ганг 2023-жылы дайынсыз жоголгон, ал эми анын мураскери, ККПнын Борбордук комитетинин эл аралык бөлүмүнүн башчысы Лю Цзянчао да июлдан бери элдин көзүнө көрүнө элек. The Wall Street Journal ал камакка алынышы мүмкүн экенин кабарлады.
Азия коомунун Саясат институтунун Кытай саясаты боюнча эксперти Нил Томас Би-Би-Синин Кытай кызматына берген маегинде белгилегендей, Си Цзинпиндин тазалоо иштери бардыгына күчүн даңазалоо максатында жүргүзүлүп жатат.
"Коррупциялашкан же ишенимсиз кадрларды жок кылуу – бул партия чексиз башкарууга жөндөмдүү таза, тартиптүү жана натыйжалуу уюмга айланышы үчүн өз ичинде "ыңкылап жасоонун" бир түрү", - деди ал. (ZMa)
















