Милициянын эсеп-чотунун тактыгы эмнеси менен маанилүү?

Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Милиция

Сүрөттүн булагы, Social

Жакында жергиликтүү маалымдоо каражаттарынын бири көзү өтүп кеткен кишилердин атына протокол түзгөн милиция кызматкерлери УКМК тарабынан кармалганын жазды. Ушул кабардан улам бул эмне болгон ыкма, эгер чындап эле ошондой болсо милиция кызматкерлери план толтурабыз деп аша чаап, адам укугу тебеленип калбайбы дегендер бар. Бирок бул маалыматты азырынча ИИМ жана атайын кызмат дагы тастыктай элек.

Кыргызстандагы Kaktus.media басылмасы күч органдарына шилтеме кылып, Бишкектин райондук милиция кызматкерлери көзү өтүп кеткен кишилерге айып пул салган деп шектелип жатканын жазды.

Маалыматта Свердлов РИИБнин ыйгарым укуктуу аймактык тескөөчүлөрүнөн сегиз кызматкер каза болуп калган жарандарга административдик протокол түзүп, айып салганы айтылат.

"Алар көрсөткүчтү жакшыртуу үчүн тактап айтканда, жетекчилик талап кылган айлык көрсөткүчкө жетүү максатында ушундай жолго барган. Бул окуя боюнча УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, өтүп кеткен кишилердин атына ондогон протоколдор түзүлгөн",- деп жазган Kaktus.media күч органдарынын кызматкерлерине шилтеме берип.

Маселенин чын бышыгын тактоо үчүн тиешелүү мекемелердин басма сөз кызматтарына кайрылдык, бирок алар маалыматты тастыктаган дагы, төгүндөгөн дагы жок.

Милициянын иш алып баруу тартиби, көрсөткүчтү камсыздоо маселеси боюнча ИИМден маалымат алууга мүмкүн болгон жок. Басма сөз кызматы алгач "ага чалгыла, буга чалгыла" деп жатып, күн соңунда расмий кат менен кайрылгыла деп гана чектелди.

"Баалоо критерийлерин туура аныктоо"

Феликс Кулов

Сүрөттүн булагы, Official

Мурдагы ички иштер министри Феликс Кулов милициянын ишин салынган айыптын санына эмес, ага таандык аймакта кылмыштуулуктун азайышына, чуулгандуу иштердин бетинин ачылганына жараша баалоо керек деди:

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

"Өкүнүчтүүсү, жоопкерчиликсиз кызматкерлер жок эмес. Бирок милициянын ишин баалоо критерийлери туура аныкталышы керек. Жетекчи талапты туура коюшу маанилүү. Алардын көрсөткүч үчүн иштегени көйгөйдү чечпейт. Маселен, инспектор көп айып салды дейли, бирок ал жерде жол кырсыгы дагы деле азайбай жатат. Демек ал максатына жеткен жок дегенди билдирет да. Бул башка ыкмаларды издөөгө убакыт келди дегендик. Маселе комплекстүү чечилиши керек",- деди ал.

Мурдагы ички иштер министри күч органдарында иштеп турган жылдарын эске салып, ал учурда көрсөткүчтүн артынан түшүү же коомдо кеңири тараган "план толтуруу" деген түшүнүк болбогонун деги эле ички иштер органдарында мындай талап жок экенин кошумчалады.

"Биздин учурда андай кварталдык, айыптар боюнча план толтуруу деген нерсе жок болчу. Канча кылмыш жасалды, милиция алардын канчасынын бетин ачты? Айрыкча өзгөчө оор кылмыштар боюнча канча иш соңуна чыкты? Мына ушундай көрсөткүчтөр каралчу, жөн гана канча айып салынды эмес",- деди ал.

Кулов учурда кадр маселеси ички иштер органдарында эле эмес, бардык тармактарда курч көйгөй болуп жатканын белгиледи.

Маселени чечүүнүн жолу катары кызматкерлерди сапаттуу даярдоо, тарбиялоо жана үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүү маанилүү экенин айтты.

"Бул оор жумуш. Миңдеген кызматкерди көзөмөлдөө абдан кыйын. Ошентсе да даярдаш керек. Биздин учурдагыдай эле тажрыйбалуу жетекчилер жаштарга көз салып, үйрөтүшү зарыл. Ар бир жаш кызматкерге тажрыйбалуу устат дайындалып, иштөө эрежесин туура, так көрсөтүү керек. Кадр маселеси бир күндө эле чечиле калчу иш эмес",- деди ал.

Ошондой эле Кулов кызматка алуу ыкмаларын кайра карап чыгып, ар бир талапкерди кылдат текшерүү зарыл экенин билдирди.

"Туугандык байланыштар аркылуу эмес, анын кесиптик даярдыгына маани берүү керек",- деди ал.

"Совет доорунун салдары"

Өмүрбек Суваналиев

Сүрөттүн булагы, Facebook

Мурдагы ички иштер министри Өмүрбек Суваналиев күч органдарында көрсөткүчтөрдү жогорулатууга болгон аракеттер совет доорунун салдары дейт.

Айтымында, ар бир мамлекеттик түзүмдө иштин көрсөткүчүн аныктоо үчүн отчёттуулук деген түшүнүк сөзсүз болот. Бирок ал жерге реалдуу сандарды көрсөтүү керек.

"Жетекчилери эмне десе, ошол жолго түшүп иштеп жатышат. Бирок күч түзүмдөрүнүн мыйзамдарында планга иштөө деген түшүнүк жок. Бул ички талаптан улам болуп жатышы мүмкүн. Мындайча айтканда СССРден калган жаман түшүнүк. Маселен, мынча кылмыштын бетин ачасыңар, көрсөткүч ушундай болушу керек деген талаптар совет доорунда болгон",- деди Суваналиев.

Милициянын отставкадагы генерал-майору көрсөткүч үчүн иштөө милицияны жакшы жолго алып барбайт деген пикирин билдирди.

"Бул абдан терс таасир берет. Кызматкер көрсөткүчкө жетем деп жатып, өз ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып коёт. Жөн гана отчёттуулук үчүн иштеп калат. Бул кызматкерди мыйзам бузууга түртө турган ыкма. Башкача айтканда көз боёмоочулук",- деди ал.

Саясий ишмер бийлик канча алмашса дагы өлкөнүн күч түзүмдөрү деополитизация болгон жок деген ойдо.

"Милицияда эч кандай реформа болгон жок. Ар бир күч түзүмүнүн өзүнүн так белгиленген функционалдык милдети болот. Бирок азыр бир эле орган баарын монополия кылып, өзүнө алып алды. Бул туура эмес көрүнүш",- деди ал.

Камчыбек Ташиевдин эскертүүсү

Камчыбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, Offcial

2024-жылдын 13-декабрында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев дагы бул маселе тууралуу сөз кылган эле.

Ал күч түзүмдөрүнө кайрылып, күнөөсүз эле кишилерди атайлап камаган кызматкерлер катуу жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.

"Атайлап бирөөнүн артынан түшүп, кылмышты жасатып жыйынтыкка жетебиз дегендер өзүңөр дагы жооп бересиңер. Андай кылбагыла. Адамдын убалы жаман. Күнөөсүз адамды жоопко тартканды жоюшубуз керек. Биздин арабызда мындай учурлар такыр болбошу керек",- деген эле.

Ал күч органдарында иштегендер адам тагдыры менен ойноого акысы жок экенин баса белгилеп, анын кесепети оор болорун айткан.

"Силер жаңылып калууга, ката кетиргенге акыңар жок. Адамдын өмүрү, тагдыры, анын жашоосу силердин алдыңарда турат. Жакшынакай жашап жаткан адамды "подстава" кылып камап, үй-бүлөсүн зарлатып, бала-чакасын ыйлатып, мындай абалга түшүрбөшүңөр керек",- деген Ташиев.

Бул билдирүүдөн кийин күч түзүмдөрүнүн ашыкча аракеттерин ашкерелеп чыккандар болгон. Айрымдар кайсы бир учурда системанын катачылыгынан укук коргоо органдарынын курмандыгына айланганын айтып чыккан.

Укук коргоо тармагын ичинен билген айрым адистер мындай аракеттерди "статистика" деп аталган эски система менен байланыштырган.

Саясий жана коомдук ишмер Токон Мамытов укук коргоо органдарында ар бир кызматкердин жасаган иши сандык көрсөткүч менен бааланып, ошонун негизинде сыйлык же кызматтык өсүүгө умтула турганын айткан.

"Алар мынча ууру кармадым, мынча кылмыштын бетин ачтым деп статистика тапшырат. Мына ушул жасалма көрсөткүчтөр айрым кызматкерлерди мыйзам бузууга түртүп жатат",- деген эле Би-Би-Сиге.